Кыргызстанда климаттык саясатты ишке ашыруунун мыйзамдык базасын оптималдаштыруу боюнча кереге кеңеш өттү

2024-ж., 8-May

 

Бишкек, 2024-жылдын 8-майы – Кыргызстанда климаттык саясатты ишке ашыруу үчүн мыйзамдык базаны оптималдаштыруу боюнча тегерек стол өттү. Жогорку Кеңеш, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) менен биргеликте кызыкдар тараптардын активдүү катышуусунда уюштурулуп жаткан бул иш-чара күчтөрдү бириктирүүгө жана Кыргызстандын жана бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү климаттын өзгөрүүсүнүн чакырыктары менен күрөшүү үчүн мыйзамдык база болуп саналат.

Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн катаал таасирине дуушар болууда, анын ичинде орточо температуранын жогорулашы, жаан-чачындын азайышы, бат-баттан жана катуу кургакчылык жана табигый кырсыктардын коркунучу күчөйт. Бул чакырыктар биргелешкен аракеттерди жана чечимдерди талап кылат.

Бул иш-чара эл аралык платформаларда кабыл алынган милдеттенмелерди практикага которуу үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ошентип, улуттук деңгээлде климаттык мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча биргелешкен аракеттердин мындан аркы планын иштеп чыгуу кийинки кадам болуп саналат. Катышуучулар ошондой эле улуттук климаттык саясатты ишке ашыруу боюнча маалымат алмашышты.

Кыргызстандын Президентинин жана Өкмөтүнүн эң жогорку климаттык убадасын аткарууга берилгендигин ырастоо менен, 2050-жылга чейин көмүртекти нейтралитетинин концепциясы иштелип чыкты жана эмиссияларды кыскартуу жана климаттын өзгөрүшүнө көнүү боюнча иш-аракеттердин негизги механизми катары Улуттук Деңгээлде Аныкталнан Салымды ишке ашыруу планы (УДАС) даярдалды.

“Биз парник газдарынын эмиссиясын жана сиңирилишин гана жөнгө салбастан, инновацияларды стимулдаштырган, таза технологияларды жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылган улуттук мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча милдет коюп жатабыз, дейт иш-чаранын ачылышында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова.

Климаттык мыйзамдар боюнча Жогорку Кеңеш менен кызматташуу эл аралык келишимдерди улуттук мыйзамдарга которуу үчүн негиз болуп саналат жана тийиштүү бюджеттик каражаттар менен колдоого алынат.

«Биздин мыйзамдар аз көмүртектүү экономикага өтүүнү колдоп, жумуш орундарын түзүшү керек. Климаттык саясатты ишке ашыруу үчүн мыйзамдарды оптималдаштыруу биз үчүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча алдыга койгон максаттарга жетүүдөгү чечүүчү кадам болуп саналат», - деди Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашымова.

Кереге кеңеште климаттын өзгөрүү саясаты, энергетика, туруктуулук жана ыңгайлашуу, ошондой эле мамлекеттик, академиялык, жеке жана жарандык коом секторлорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу сыяктуу темалардын кеңири чөйрөсү камтылган.

БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева мындай деп белгиледи: «Кыргызстандын климаттык дымагын ишке ашырууда мыйзамдар маанилүү роль ойнойт. БУУӨП парник газдарынын эмиссиясы жана сиңиши жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө мыйзамды иштеп чыгууну жана өзгөртүүнү, ошондой эле экологиялык коопсуздук концепциясын иштеп чыгууну колдойт. БУУӨП аз көмүртектүү жана туруктуу жашыл экономикага өтүүдө жана Кыргызстандын климаттык максаттарын ишке ашырууда колдоо жана кызматташууну сунуштайт».

Кыргызстанда өткөн бул кереге кеңеш туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн маанилүү окуя болду. Катышуучулар климаттын өзгөрүүсү көйгөйун чечүүгө жана ар бир адам үчүн туруктуу келечекти түзүүгө активдүү салым кошуу үчүн күчтөрдү бириктирүүгө даяр.