"Химая": аялдарды коргоо жана ВИЧ менен күрөшүү

2023-ж., 16-October

"Улукман Дарыгер" КБнын программалык кызматкери Мария Личаню "Химая" шелторунда аялга консультация берүүдө. Каракол, Кыргызстан

UNDP Kyrgyzstan

 

Каракол шаарында жайгашкан "Химая" аялдарды коргоо борбору 2017-жылы "Улукман Дарыгер" Коомдук бирикмесинин алдында ачылган. Борбор аялдарды колдоодо жана ВИЧке каршы күрөшүүдө маанилүү ролду ойнойт. Бул борбор турмуштук оор кырдаалды башынан өткөрүп жаткан аялдар үчүн үмүт аралчасы болуп калды.

Глобалдык фонд каржылаган БУУӨПтүн "ВИЧке жана кургак учукка натыйжалуу көзөмөл" долбоору "Улукман Дарыгер" коомдук бирикмесинин аутрич-кызматкерлерин колдойт, калктын өзөктүк топторуна кирген аялдардын арасында ВИЧке тестирлөө программасын, жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларга (ЖЖЖИ) акысыз диагностика жана скрининг боюнча сервисти, өнөктөш медициналык уюмдарга багыттоо системасын өнүктүрөт жана электр энергиясына акы төлөөгө байланышкан чыгымдардын бир бөлүгүн жабат.

Коомдук бирикменин кызматкерлеринин айтымында, борбордо өзөктүк жамааттарга гана эмес, жалпы эле калкка кирген аялдар да жашайт.

"Бизге зордук-зомбулукка кабылган же андан жабыр тарткан аялдар кайрыла алышат. Биз 14 күнгө чейин убактылуу жашап турууга уруксат берип, санитардык-тиричилик кызматтарын көрсөтөбүз. Бизде юристтердин, психологдордун кызмат көрсөтүүлөрү бар, кимдир бирөөгө документтерин калыбына келтиребиз",
- дейт уюмдун программалык кызматкери Мария Личаню.

"Бул жерде бир нерсени белгилегим келет: жергиликтүү бийлик органдарынын жана башка донорлордун колдоосу болбосо, борбор иштеп кете алмак эмес. Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында биз нан бышыруучу жабдууларды сатып алып, аялдар үчүн курстарды өткөрүп жатабыз. Башка донордук уюмдардагы өнөктөштөрүбүз ишкердикти өнүктүрүүнү колдошот, психологиялык колдоо көрсөтүшөт, ишке орноштуруу программаларын өнүктүрүшөт", деп кошумчалады Мария.

"Улукман Дарыгердин" жамааты зордук-зомбулукка кабылган жана/же турмуштук оор кырдаалда турган аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү дайыма издеп келишет.

БУУӨПтүн долбоору боюнча иштеген уюмдун социалдык кызматкери Асель туш болгон кыйынчылыктар менен бөлүштү:

"Көптөгөн адамдар ВИЧ диагнозу жөнүндө укканда маселе канчалык олуттуу болгонун баамдай беришпейт. Адамдар ВИЧ статусун кабыл алып, Гепатитти жана ВИЧти көзөмөлдөө борборуна барышы үчүн алар менен узак иштешем. Бизде мобилдик бригада дагы бар, биз Ысык-Көл облусундагы жетүүгө кыйын райондоруна барабыз. Эгерде аялдар жөнүндө айта турган болсом, өткөн жылы менин тажрыйбамда ВИЧ статусу аныкталаар замат аялдар үйүнөн куулуп чыккан алты учур болду. Бул олуттуу көйгөй, алардын көпчүлүгү – бул эмгек мигранттарынын аялдары жана ВИЧти күйөөсүнөн гана жуктуруп алышы мүмкүн, бирок бизде ар дайым жана баарына аялдар күнөөлүү болуп чыга келет эмеспи".

 

Муниципалдык бийлик органдарынын жана айрым донордук уюмдардын колдоосуна карабастан, борбор каржылоого муктаж.

"Биздин "Химая" борборубуздун турак жайлары капиталдык ремонтко муктаж, нан бышыруучу жабдуулар орнотулган жайды кайра куруу зарылдыгы бар. Борбордо эмеректер жок, жабдылган балдар бөлмөсүнө муктажбыз. Биздин пландарыбыз көп, биз күн сайын каражат издөөгө аракет кылып, жаңы долбоорлордун үстүнөн ойлонуп, борбордун ишин улантуу үчүн ар бир жардамга ыраазы болобуз", - дейт "Улукман Дарыгер" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Улан Турсунбаев.

Уюм чогултуп, талдап чыккан статистикалык маалыматтарга ылайык, 2022-жылы эле борборго үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан 44 аял кайрылган, алардын 28и балдары менен келген. Борбордун базасында ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү алган, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдардын жалпы саны 2022-жылы 100гө жакын адамды түздү.

БУУӨПтүн "ВИЧке жана кургак учукка натыйжалуу көзөмөл" долбоору "Улукман Дарыгердин" базасында ВИЧ компонентин колдойт, бул болсо Каракол шаарында, ошондой эле Ысык-Көл жана Нарын облустарында жамааттарга достукча мамиле жасаган медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга мүмкүндүк берет.