Кыргызстанда санариптик жеткиликтүүлүктү өнүктүрүү

2024-ж., 28-August

Азыркы санариптик доордо маалыматка жана онлайн кызмат көрсөтүүлөргө жетүү мүмкүнчүлүгү бул ыңгайлуулук гана эмес, ошону менен бирге күнүмдүк жашоо үчүн зарыл болгон нерсе. Майыптыгы бар адамдар үчүн санариптик жеткиликтүүлүк – бул көз карандысыз жашоо, тең укуктуу катышуу жана коомдун жашоосуна аралашуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейткен ачкыч. Мына ушуну баамдап, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстанда санариптик жеткиликтүүлүктү илгерилетүү үчүн олуттуу аракеттерди көрүп жатат. Мындай күч-аракеттер ар бир адам үчүн санариптик дүйнөнүн ачыктыгын жана инклюзивдүүлүгүн кепилдейт.

2024-жылдын 19-августунан 23-августуна чейин Кыргызстандагы БУУӨП санариптик жеткиликтүүлүк боюнча окутуучу семинарлардын сериясын уюштурду. Бул сессияларга катышуучулардын ар түрдүү тобу, анын ичинде мамлекеттик мекемелердин, жеке сектордун субъекттеринин, коомдук уюмдардын, майыптыгы бар адамдардын жамаатынын өкүлдөрү, ошондой эле БУУӨПтүн жана БУУнун башка агенттиктеринин кызматкерлери келди. Бул семинарлар катышуучуларга санариптик жеткиликтүүлүктүн принциптерин жакшыраак түшүндүрүп, Кыргызстандын контекстинде жеткиликтүү санариптик ресурстарды түзүү жана киргизүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү жана билимдерди берүү максатында өткөрүлдү.

a group of people sitting at a table
БУУӨП / Кыргызстан

Санариптик жеткиликтүүлүк жаатындагы лидерлик

Семинарларды Казакстандагы Назарбаев атындагы университеттин санариптик жеткиликтүүлүк жана көмөкчү технологиялар боюнча белгилүү эксперти Зият Абдыкаимов өткөрдү. Майыптуулуктун ар кандай топтору үчүн санариптик өнүмдөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү киргизип, баа берүү боюнча кеңири тажрыйбасы бар Абдыкаимов катышуучуларга санариптик жеткиликтүүлүктүн татаалдыгын чечмелеп берди. Эксперт веб-сайттар, мобилдик тиркемелер, онлайн курстар же мультимедиялык контент өңдүү санариптик өнүмдөр майыптыгына карабастан, бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болушун камсыз кылууга басым жасады.

Семинарларда баса белгиленгендей, санариптик жеткиликтүүлүк – бул талап кылынган шарттарды аткаруу эмес; бул майыптыгы бар адамдарга, анын ичинде угуусу, көрүүсү начар, кыймыл-аракети чектелүү, жакшы сүйлөй албаган, кабылдоосу начар жана когнитивдик бузулуулары бар адамдарга санариптик контентти кабыл алуу, түшүнүү, башкаруу жана байланыш түзүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү дегенди билдирет.

дасторконго отурган адамдардын тобу
БУУӨП / Кыргызстан

Санариптик инклюзия аркылуу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү

Майыптыгы бар адамдар үчүн санариптик жеткиликтүүлүк трансформациялык мүмкүнчүлүк болуп саналат. Ал негизги кызмат көрсөтүүлөргө – социалдык коргоого, саламаттык сактоого, банктык жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө эшиктерди ачат, бул болсо көз карандысыз жашоого жана өз алдынча болууга мүмкүндүк берет. Жеткиликтүү санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн жардамы менен адамдар аралыктан иштешет, онлайн окутуу аркылуу билим алышат, ЖМК менен кызматташат жана күнүмдүк жашоосун жеңилдеткен көмөкчү технологияларды колдонушат.

Кыргызстан санариптик жеткиликтүүлүктүн жолуна түштү. Веб-контенттин жеткиликтүүлүгү боюнча колдонмо (WCAG) өңдүү эл аралык сунуштамаларга негизделген улуттук стандарттарды кабыл алуу алдыга карай жасалган олуттуу кадам болуп саналат. Санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Жумалиев Жумамүдүн БУУӨП уюштурган семинардын жүрүшүндө баса белгилегендей, стандарттарды соңку колдонуучулардын – майыптыгы бар адамдардын жигердүү катышуусу менен киргизүү кийинки маанилүү кадам болуп саналат.

бир топ адамдар сөреде аткарып жатышат
БУУӨП / Кыргызстан

Кызматташуу жана жамаатты тартуу: алдыга карай жол

Семинарлардын сериясы ошондой эле кызматташуунун маанилүүлүгүнө басым жасады. Кыргызстандын Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулар ассоциациясынын жана Жогорку технологиялар паркынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган семинарлардын биринде катышуучулар иштеп чыгуу процесстерин жеткиликтүүлүктүн белгиленген стандарттарына шайкеш келтирүү зарылдыгын талкуулашты. Алар санариптик өнүмдөр майыптыгы бар адамдардын чыныгы муктаждыктарына жооп беришин кепилдеп, өнүмдү иштеп чыгуунун ар бир этабында – пландаштыруудан баштап, ишке киргизүүгө чейин соңку колдонуучуну тартуунун маанилүүлүгүн баамдашты.

Мындан тышкары, эксперттин майыптыгы бар адамдардын жамаатынын өкүлдөрү менен жолугушуусу санариптик сабаттуулуктун маанилүү ролун баса белгиледи. Катышуучулар майыптыгы бар колдонуучулардын санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу зарылдыгын белгилешти, айрыкча мобилдик банкинг, онлайн-шопинг жана Be My Eyes сыяктуу жасалма интеллекттин негизинде жасалган аспаптар өңдүү күнүмдүк санариптик өнүмдөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууда бул өтө маанилүү.

уюлдук телефон карап адамдардын тобу
БУУӨП / Кыргызстан

Кыйла инклюзивдүү келечекти түзүү

БУУӨПтүн санариптик жеткиликтүүлүккө умтулуусу уюмдун ишинде жеткиликтүү шарттарды түзүү менен гана чектелбейт. БУУӨПтүн жана БУУнун башка агенттиктеринин, анын ичинде ЮНИСЕФтин жана ЮНФПАнын кызматкерлери үчүн окутуучу тренинг санариптик мейкиндикте майыптыгы бар адамдар туш болгон укуктарды жана чакырыктарды түшүнүүгө багытталган. Практикалык көнүгүүлөр учурдагы адаптациялык чечимдер тууралуу көз карашты түптөөгө мүмкүндүк берди жана бардык колдонуучулардын муктаждыктарына жооп берген санариптик ресурстарды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кыргызстан кыйла инклюзивдүү санариптик келечекке карай жолун улантып жаткандыктан, БУУӨП жана анын өнөктөштөрү демилгелеген иш бир нерсени тастыктап турат: жеткиликтүүлүк – бул жөн гана техникалык талап эмес, бул ошондой эле ар бир адамдын негизги укугу. Санариптик жеткиликтүүлүктү сүрөө менен биз майыптыгы бар адамдардын маалыматка жана коммуникацияга жетүү укуктарын кеңейтип гана тим болбостон, ошону менен бирге ар бир адамда өз дараметин ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү бар коомго да жол ачып жатабыз.

Корутунду

Санариптик жеткиликтүүлүк – бул жөн гана концепция эмес; бул инклюзивдүүлүккө, бардык адамдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана теңдикке карай кыймыл. Кыргызстанда БУУӨП уюштурган санариптик жеткиликтүүлүк боюнча окутуу сессиялары жетишилген прогресстин далили болуп саналат. Ошол эле маалда дагы жасаш керек болгон иштерди көрсөтүп турат. Алдыга умтулуу менен, жеткиликтүү санариптик дүйнө – бул ар бир адамга туура келген, ыңгайлуу дүйнө экенгин да унутпайлы.