«Парламенттик көзөмөлдүн маанилүүлүгүнө баа бербей коюуга болбойт. Биздин негизги милдетибиз Ѳкмөттүн биздин жарандардын турмушун жакшыртуу боюнча ишине тиешелүү көзөмөл жүргүзүү болуп эсептелет».
Бир нече ай ичиндеги курч жумуштан кийин жана бүткүл тарых ичиндеги парламентке карата болгон коомдук ишеничтин көрсөткүчүнүн деӊгээли түшкөндөн кийин, мага жана менин командама Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин вице-спикери айым Аида Касымалиеванын чыгып сүйлөгөн сөзүндө кадимки көнгөн көндүмдү такыр эле чагылдырылбагандыгын баамдадык.
Анын сөздөрү бүткүл аудиторияны шыктандырып, катышуучулардын көӊүлүн бурду. 2019-жылдын 27-28-сентябрында «Кыргыз Республикасында парламенттик көзөмөлдү күчтөндүрүү» Эл аралык конференцияга (Ѳнүгүү жана кызматташтык боюнча Швейцариялык агенттиктин каржылоосу менен БУУѲП уюштурган) чогулган жарандык коомдун өкүлдөрүнүн көпчүлүгү саясатчылар жана парламенттин депутаттары менен жаӊы, традициялык форматтан айырмаланган талкуулоонун күбөсү болушту.
БУУѲПнын Туруктуу Ѳкүлү Луиза Чемберлен, иш-чаранын ичинде, конференция Кыргызстандын Борбордук Азиядагы парламенттик жалгыз демократия катарындагы багыт жолунда жетишкендиктеринин өнүгүүсүнүн кульминациясы болуп, өзгөчө маанилүү болгондугун белгиледи: 2010-жылдагы болуп өткөн массалык жарандык тополоӊдон жана зордуктардан кийин конституциялык реформа жүрүмү башталган;
2015 жана 2017-жылдары улуттук жана эл аралык байкоочулардын тарабынан биринчи жолу тынчтыкта, адилеттүү жана ачык өткөрүлгөндүгү кеӊири таанылган парламенттик жана президенттик шайлоолор болду. 2017-жылдын ноябрында Кыргызстандын өкмөтү «Ачык Ѳкмөт» Ѳнөктөштүктүн башкаруу глобалдык платформасынын бөлүгү болуп калды (Open Government Partnership, OGP). Бул жетишкендиктер кармап туруу жана салмакка каршы натыйжалуу системаны камсыз кылуудагы парламенттин чечүү ролу, өкмөттүн жүргүзүлүп жаткан саясаттын жана аракеттердин натыйжалуулугу үчүн жооп бере ала тургандай болушу үчүн өлкөнүн милдеттери катарында кеӊири таанылды.
Мындан тышкары, жетишкен натыйжалар өкмөттүн көп инклюзивдик диалог жана жарандарды чечим кабыл алуу жүрүмүнө катыштырууну колдоогондугу жөнүндө белги берет жана тунуктуктун көп жогорку деӊгээли жана өкмөттүн сезгичтүү көп көӊүл буруусун көрсөтөт, анын ичинде 2030-жылга чейинки мезгилде улуттук өнүгүүнүн Күн тартибинин алкагындагы туруктуу өнүгүүсүн көз карандысыз жана элдик баалоо.
Жетишкен өнүгүшкө карабастан, өкмөттүн ишине карата болгон парламенттик көзөмөл дагы да болсо абдан күчсүз бойдон калууда.
Кечээ жакынкы убакка чейин парламентте премьер-министрдин докладын угуу үчүн аныкталган формат жок болгон, ушул эле убакта ири мекемелер, мисалы Башкы прокуратура жана Акыйкатчынын (Омбудсмен) ишин парламенттик көзөмөлдөөдө, иштин жыйынтыктарынын объективдүү талдоосуна таянуу эмес, жеке жана саясий ойлорго дайыма таянуу жасалат.
Мындан тышкары, парламенттик көзөмөл жөнүндөгү иштеп жаткан мыйзамдар практикалык протоколдорду, процедураларды, көзөмөлдүн натыйжалуу механизмдеринин стандарттарын жана форматтарын орнотпостон элементардык эрежелерди гана карайт.
Конференция OGP, Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюро (БДИПЧ), Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ОБСЕ) жана «Адилет» Укуктук клиникасы менен өнөктөштүктө жана кызматташтыкта уюштурулду.
БУУѲП, парламенттин ролун күчтөндүрүү бөлүгүндөгү дүйнөлүк лидер катары жогорку сый-урматка ээ болгон мекемелер менен өнөктөш болгондугу менен сыймыктанат, жолун жолдоочу жана пайда болгон керектөөлөргө жана өлкөдөгү, бүткүл дүйнөдөгү инклюзивдик башкарууга жооптуу жардам көрсөтүү боюнча өзүнүн ишин жогорку жигердүлүк менен аткарат.
Кыргызстандын парламенттик көзөмөлдү күчтөндүрүүдөгү аныкталган жыйынтыктарга жетишкен сайын, конференция глобалдык жана аймактык салыштырмалык тажрыйба дүйнөнүн бир нече парламенттеринин тажрыйбасын салыштыруу боюнча аянт болуп калды, өнүккөн жетишкендикти көрсөттү жана улуттук парламенттер жана жарандык коом тарабынан өкмөттүн ишине көзөмөл кылуу үчүн пайдаланылуучу новатордук жетишкендикти чагылдырды.
Бир аз мисал келтире кетели: – өлкөдө мамлекеттик чыгашаларга мониторинг жүргүзүү үчүн иштелип чыккан, ишке дем берүүчү портал жөнүндө жүз ачарлар Сербиянын Улуттук жыйналышы тарабынан тартууланды.
Парламенттин ишине инновациялык технологияларды пайдалануу менен мониторингди жүзөгө ашыруучу, Vouliwatch, гректик партияда жок уюм; жана демократия үчүн пост-ченемди жүзөгө ашыруучу Вестминстердик фонду болду.
Катышуучулар Конференциянын жыйынтыгында төмөнкү тезистерди таанышты жана аларды аткарууну жактай тургандыктарын көрсөтүштү:
• Парламенттин мүчөлөрү бардык топтордун керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын эсепке алуу жана адамдарга багытталган саясатты жана мыйзамдарды кабыл алууну камсыз кылууну кепилдөегө жана мамлекеттик институттардын ортосундагы байланыш тогоосу катарында чыгууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат.
• ѲМБ (ЦУР) боюнча улуттук өнүгүшкө жетишүү боюнча көзөмөлдү жүзөгө ашырууда Жогорку Кеӊеш үчүн маанилүү жөнөмө башталышы болуп өз ыктыярдуу улуттук обзор жөнүндө отчет эсептелет, өлкө муну Жогорку деӊгээлдеги Саясий форумда (ЖДФ) (ФВУ) көрсөтүүгө милдеттенме алган.
• Натыйжалуу көзөмөлдү камсыздоо үчүн маанилүү шарт болуп, конституцияда, мыйзамдарда жана парламенттин өзүнүн ишмердигинин регламентинде бекитилген Парламентке көзөмөл мандатын берүү саналат.
• Парламенттик оппозиция көзөмөл жүргүзүүдө башкалардын ичинде, өкмөттүн саясатын жана аракеттерин дыкаттык менен иликтөө жолу менен чечүүчү ролду ойнойт, жана бул ролду сөзсүз түрдө коргоо жана бекемдөө керек.
• «Тынчтык, сот адилеттиги жана натыйжалуу институттар» ЦУР16 Максаты парламент үчүн абдан актуалдуу, себеби ал туруктуу өнүгүү кызыкчылыктары жана бардык деӊгээлдеги натыйжалуу отчеттуулук институттарды, тынчтык жана инклюзивдик коомду түзүүгө көмөктөшүүгө багытталган.
• Парламент өзүнөн-өзү эле ЦУР 16 га ылайык келиши жана: ал натыйжалуу, отчеттуу жана инклюзивдик институт болушу керек.
• Ѳкмөттүн отчеттуулугу жана кызматташтыгы, парламент өзүнүн көзөмөлдүк иш-милдеттерин өз-алдынча аткаруусун камсыз кылуусунда чечүчү мааниге ээ болот.
• Жогорку Кеӊеш жарандык коомдун уюмдары менен диалогду жана өнөктөштүктү бекемдөөгө милдеттүү, себеби, алар коомчулуктун кызыкчылыктарын көрсөтүү жана жылдыруу боюнча жалпы максатты, ошондой эле, тунуктуктун жана отчеттуулуктун деӊгээлин жогорулатууну көздөйт.
Ѳкмөткө, парламентке жана жарандык коомдун уюмдарына, парламенттик түйүлдүк демократиясы бар өлкөдө улуттук жыйналыштардын көзөмөлдүк иш-милдеттерин бекемдөөнү чечүү көйгөйүн таануу менен, Кыргызстандын укуктук мамлекеттин катуу принциптерине барышы үчүн чечимдерди кабыл алышы зарыл.
БУУѲП парламенттик демократияны жана туруктуу өнүгүүдөгү максаттарга жетишүүгө жана парламенттик демократияны бекемдөөгө багытталган улуттук реформаларды жактоого жана жылдырууга даяр экендиги тууралу билдирет.