БУУӨПтүн Кыргызстандагы Глобалдык Экономикалык Фондунун Чакан Гранттар Программасынын гранттык сынагы

COMDEKS 4-фазасы

2024-ж., 9-September

БУУӨПтүн Кыргызстандагы Глобалдык Экономикалык Фондунун (ГЭФ) Чакан Гранттар Программасы тарабынан гранттык колдоосу үчүн долбоордук сунуштардын сынагы

Долбоордук сунуштарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү:

25-сентябрь, 2024-жыл

  1. ГЭФтин ЧАКАН ГРАНТТАР ПРОГРАММАСЫ ЖӨНҮНДӨ

1992-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн БУУнун  айлана-чөйрө жана туруктуу өнүгүү боюнча “Жер Саммити” конференциясы өткөрүлгөн жылы негизделген ГЭФтин Чакан Гранттар Программасы (ГЭФ ЧГП) “глобалдык деңгээлде ойлон, жергиликтүү деңгээлде аракеттен” принциби боюнча туруктуу өнүгүүнүн маңызын чагылдырат. Айлана-чөйрөнү сактоого жана калыбына келтирүүгө, ошол эле учурда калктын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлорго финансылык жана техникалык колдоо көрсөтүү аркылуу, ГЭФ ЧГПсы өзүнүн ишмердүүлүгүндө жергиликтүү калк айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен, өз муктаждыктарын канааттандыра ала тургандыгын ачык көрсөтүп турат. ГЭФ ЧГП - бул ГЭФ өнөктөштөрүнүн атынан БУУӨП тарабынан ишке ашырылып жаткан ГЭФтин глобалдуу долбоору.

Программа жергиликтүү жамааттар, анын ичинде бейөкмөт уюмдар, коомчулуктар жана башка коомдук уюмдар тарабынан түздөн-түз ишке ашырылган чакан долбоорлорго гранттык колдоо көрсөтөт. Бул долбоорлор биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, климаттын өзгөрүшү, жердин деградациясын алдын алуу жана токойлорду туруктуу башкаруу, эл аралык суулардын сапатын коргоо, химиялык жана тиричилик калдыктарын башкаруу сыяктуу тематикалык приоритеттерге багытталган.

Кыргызстанда ГЭФтин Чакан Гранттар Программасы 2001-жылдан бери ишке ашырылып келет жана бул мезгилде 293 долбоорго жалпы суммасы 4,6 миллион АКШ долларынан ашык гранттык колдоо көрсөтүлгөн. Программа тарабынан колдоого алынган долбоорлордун ичинен гранттык каражаттардын 52% биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, 24% жердин деградациясы менен күрөшүүгө, 18% климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга, жана 3% эл аралык сууларды коргоого жана химиялык жана тиричилик калдыктарын азайтууга багытталган.

  1. САТОЯМА ДЕМИЛГЕСИ ҮЧҮН КООМЧУЛУКТУ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА БИЛИМДИ БАШКАРУУ (COMDEKS)[1] ГЛОБАЛДЫК ПРОГРАММАСЫ ЖӨНҮНДӨ

“Сатояма демилгеси үчүн коомчулукту өнүктүрүү жана билимди башкаруу” (COMDEKS 4-фаза) — бул ГЭФтин Чакан Гранттар Программасынын 7-операциялык фазасынын алкагындагы өнөктөштүк программа.

COMDEKS 2011-жылы Сатояма Демилгесинин флагмандык программасы, жергиликтүү жамааттар менен ландшафттарда жана деңиз ландшафттарында жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдаланууга көмөктөшүү боюнча глобалдык аракет катары башталган.

COMDEKS программасы ГЭФ ЧГП аркылуу жергиликтүү коомчулуктарга, түпкү элдерге жана жарандык коомго түздөн-түз каржылык колдоо көрсөтөт. Бул колдоо жашоо шарттарын жана бакубаттуулукту жакшыртууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, климаттын өзгөрүшү көйгөйүн чечүүгө жана жергиликтүү маданияттарды жана салттуу практикаларды колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылоону камсыздайт.

COMDEKS программасы адамдарга жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкаруу жана табият менен көбүрөөк гармонияда жашоо үчүн маанилүү жолду сунуштайт. Ошондой эле, программа ийгиликтүү жергиликтүү демилгелердин билимдерин жана тажрыйбасын чогултуп, башка коомчулуктар тарабынан кеңири кабыл алынышына көмөктөшөт.

Канаданын Монреал шаарында өткөн Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча Конвенциянын тараптарынын 15-конференциясында Япониянын айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги (MOEJ), Кейданрен жаратылышты коргоо кеңеши (KNCC), БУУӨП жана башка өнөктөштөр COMDEKS программасынын 4-фазасын ишке киргизишти. Бул программа  алты жылдын ичинде бир миллиард япон иенине бааланган каржылоону күтөт. Программа 2023-жылдан 2027-жылга чейин өнүгүп келе жаткан 15 өлкөдө биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана социалдык-экологиялык өндүрүш ландшафттарында жана деңиз пейзаждарында туруктуу өнүгүүгө комплекстүү мамиле кылуу аркылуу тиешелүү жамааттык демилгелерди колдоого алат. COMDEKS жөнүндө көбүрөөк маалыматты https://sgp.undp.org/about-us-157/partnerships/satoyama-comdeks.html. бул шилтеме аркылуу өтүп табууга болот.

  1.             ДОЛБООРДУК СУНУШТАР СЫНАГЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

ГЭФ ЧГПсы өзүнүн ишинде максаттуу ландшафттык ыкманы карманат, бул гранттык колдоонун негизинен белгилүү бир экологиялык жана социалдык-экономикалык өзгөчөлүктөргө ээ географиялык аймакка багытталганын билдирет. COMDEKS программасынын 4-операциялык фазасын ишке ашырууда Кыргызстандагы Чакан Гранттар Программасы үчүн максаттуу ландшафт катары Ысык-Көл облусунун жээк аймагы тандалып алынган.

COMDEKS программасынын ландшафттык стратегиясын иштеп чыгуу үчүн зарыл билимге жана тажрыйбага ээ адистерди тартууга жөндөмдүү бейөкмөт уюмдардан долбоордук сунуштар боюнча сынак өткөрүлөт.

Бул сынакка сунушталган долбоордук сунуштар төмөнкү милдеттерди жана иш-чараларды камтууга тийиш:

Иновациялык жана стандарттуу эмес иштөө ыкмаларын колдонулган долбоорлор кубатталат. 

 

IV. ДОЛБООРДУК СУНУШТАРДЫ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИ

Кыргыз Республикасынын аймагында катталган кызыкдар коммерциялык эмес уюмдар өз долбоордук сунуштарын орус тилинде тапшырууга чакырылат, алар төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) Кыргызстандагы ГЭФ ЧГПнын атайын формасына ылайык долбоордук сунуш;

2) арыз ээсинин укуктук статусун көрсөтүүчү уставдын жана уюмдун каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;

3) Уюмдун профили (2 беттен ашпаган) глобалдык экология, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу өнүгүү жаатындагы иштелип чыккан стратегиялык документтер, ишке ашырылган долбоорлор жана/же изилдөөлөр жөнүндө маалыматтарды, жергиликтүү жамааттарды экосистемаларды коргоого тартуу, ошондой эле билимди интеграциялоо жана өткөрүп берүү боюнча маалыматтарды камтышы керек. Көрсөтүлгөн долбоорлордун ишке ашырылгандыгын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү гранттык каржылоо бекитилген учурда суралат.

4) Долбоорду ишке ашырууга түздөн-түз катыша турган команда мүчөлөрүнүн жана эксперттердин тизмеси жана резюмелери, алардын ролдорун көрсөтүү менен.

5) Кыргыз сомундагы эсеп реквизиттери менен банк маалымкаты.

6) Өнөктөштөрдүн кепилдик каттары.

7) Долбоордук өтүнмөнү колдогон башка документтер.

 

Долбоордун бюджети доллар менен түзүлүшү керек, ал эми ГЭФ ЧГПдан суралган сумма 25 000 АКШ долларынан ашпашы керек. Долбоорду ишке ашыруу үчүн демилгечи өзүнүн жана өнөктөштөрүнүн салымдарын мобилизациялоосу керек, бул салымдардын жалпы суммасы ГЭФ ЧГПнын грантынын суммасына барабар же андан ашык болушу керек. ГЭФ ЧГПнын гранты долбоордун жалпы наркынын 50% ашпашы керек. Демилгечи жана алардын өнөктөштөрүнүн өз салымы акча каражаттары, товардык-материалдык баалуулуктар, иштер жана кызматтар түрүндө болушу мүмкүн. Административдик чыгымдар, мисалы, кызматкерлердин эмгек акысы, кеңсе ижарасы, байланыш жана башка чыгымдар ГЭФ ЧГПдан суралган грант суммасынын 20% ашпашы керек.

Сынакка берилген долбоорлор гранттык келишимге кол коюлгандан кийин 24 айдын ичинде аякташы керек. Бекитилген долбоор боюнча гранттык келишимге 2024-жылдын октябрынын аягына чейин кол коюлушу күтүлүүдө.

Долбоордук өтүнмөнүн документтеринин толук пакети керектүү кол тамгалар жана мөөрлөр менен сканерден өтүшү керек жана 2024-жылдын 25-сентябрында саат 17:00дөн кечиктирбестен irinat@unops.org  электрондук почтасына бир файл түрүндө жөнөтүлүшү керек. Долбоордук сунуштарды тапшыргандардын бардыгы 24 сааттын ичинде электрондук почта аркылуу долбоорду алганы жөнүндө кабарлоочу жоопту алышат. Зарыл болгон учурда документтердин түп нускасы өзүнчө суралат. Ошондой эле документтердин толук пакетин чапталган конвертте төмөнкү дарек боюнча тапшырса болот: БУУӨПтүн Программалык кеңсеси, 720010, Бишкек ш., көч. Киев 195, 6-кабат, Чакан Гранттар Программасы.

Талаптар жана арыз берүүнүн жол-жобосу боюнча бардык суроолор боюнча irina.talkambaeva@undp.org  же +996 (312) 650120 (кошумча 163) телефону боюнча кайрылса болот.

 

Маанилүү эскертүү! Сынакка берилген долбоордук өтүнмөлөр кайтарылбайт жана рецензияланбайт.

 

VI. ДОЛБООРДУ ТАНДОО КРИТЕРИЙЛЕРИ

Долбоордук өтүнмөлөр Кыргызстандагы ГЭФ ЧГПнын Улуттук Координациялык Комитети тарабынан төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:

  • долбоордо сунушталган чаралардын, ошондой эле долбоордун бюджетинин бүтүндүгү, негиздүүлүгү жана реалдуулугу;

  • өтүнмө ээсинин жана долбоорго тартуу сунушталган эксперттердин изилдөөлөрдү жүргүзүү, маалыматтарды чогултуу жана талдоо, стратегияларды, долбоорлорду иштеп чыгуу, ошондой эле глобалдык экология, биоартүрдүүлүктү сактоо жана туруктуу өнүктүрүү жаатындагы тажрыйбасы;

  • долбоордун натыйжаларынын жана таасиринин туруктуулугу;

  • долбоордо сунушталган чаралардын инновациялуулугу;

  • уралган сумманын күтүлгөн натыйжаларга катышы жана бюджетте каралган чыгашалардын максатка ылайыктуулугу;

  • изилдөө жүргүзүүдө жана жогорку сапаттагы жыйынтыктоочу материалдарды иштеп чыгууда өтүнмө ээсинин тастыкталган потенциалы;

  • долбоордун негизги иш-чараларын ишке ашырууга жаштардын, аялдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды катыштыруу;

  • долбоорго тартуу сунушталган эксперттердин жана адистердин орус жана кыргыз тилдерин эркин билүүсү; Англис тилин эркин билүү артыкчылык болуп саналат, анткени Грант алуучудан англис тилиндеги материалдар менен иштеши күтүлөт

 

 

 


 


[1] COMDEKS - Сатояма демилгеси үчүн коомчулукту өнүктүрүү жана билимди башкаруу долбоору — бул Сатояма демилгеси боюнча Эл аралык өнөктөштүктүн флагманы катары БУУӨП тарабынан ишке ашырылган уникалдуу глобалдык программа.