Бул блогду БУУнун биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча чечимин иштеп чыгуу боюнча эл аралык ага консультант Андреас Обрехт даярдады.
Кыргызстан дүйнөдө сейрек кездешүүчү Ак илбирс жана ири мүйүздүү Аркар сыяктуу уникалдуу жаныбарлардын мекени. Байыркы мезгилден тартып, кыргыз талааларында бөкөндөрдүн үйүрлөрү болоору белгилүү. Тарых боюнча, адамдар мындай айбанаттарды элдердин жана маданияттардын символу катары кабыл алышкан. Миңдеген жылдар бою алар биздин үрп-адаттарыбызды, динибизди жана ишенимдерибизди шыктандырып, уламыштарды, дастандарды жана фантазияларды жандандырышты. Жапайы жана ошондой эле үй жаныбарларынын тарыхы биздин тарыхыбыз, анткени убакыттын өтүшү менен бирге өнүгүп, кеңири аймактарды аралап, ар башка доордогу климаттык өзгөрүүлөргө карабастан, континенттерди чогуу кесип өткөнбүз.
Ошондой эле алар табиятты жана дүйнөбүздү таанууда руханий жана символикалык баалуулуктарын түшүнүү менен байланышкан. Биз жаныбарлардан көп жагынан пайда алабыз. Мисалы, биз үйрөтулуп багылган жаныбарларды дыйканчылык жана эмгек үчүн колдонобуз. Жапайы жаныбарлар экотуризмди тарта алышат, ал экономикалык жактан аз камсыз болгон калк үчүн туруктуу өнүгүүнүн стимуляторуна айланат. Белгилүү жаныбарлар бизге келечекте жаратылыш чөйрөсүн түшүнүү, шарт түзүү жана сактоонун маанилүүлүгүнө көңүлүбүздү буруу үчүн жардам берет.
Табигый айлана-чөйрөнүн түшүнүү үчүн негизи болуп, ар кандай мезгилдерде тоюттандыруу жана асыл тукум жайылтуу үчүн, көптөгөн жаныбарлардын жашоо үчүн кең мейкиндиктерге муктаждыгы эсептелет. Ошентсе да, чек ара тосмолорунун курулушу, инфраструктуралык долбоорлордун жана айыл чарбасын өнүгүшү, браконьерчилик жана табигый чөйрөдө адам укугун бузуу, жапайы жаратылыштын кыймылын барган сайын чектеп, адамдар менен жапайы жаратылыштын ортосундагы келишпестикти күчөтүп жатат. Белгилүү жаныбарлар көрүнүктүү артыкчылыкка ээ, бирок алардын жашоосуна коркунуч туулганда, алар анчалык белгилүү эмес жана дээрлик байкалбаган башка түрлөрдүн жоголуусуна себепкер болушат.
Белгилүү бир түрдүн азайышы же жоголушу жалпы экосистема үчүн коркунучтун белгиси болушу мүмкүн, бул башка көптөгөн түрлөргө, анын ичинде адамдарга да эбегейсиз чоң кесепеттери болушу мүмкүн. Коркунуч алдында турган экосистемалар таза суу менен камсыз кылуу, табигый кырсыктардан коргоо жана курт-кумурскаларды чаңдаштыруу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү сыяктуу маанилүү функцияларды аткаруу мүмкүнчүлүгүн жоготушу мүмкүн. Эгерде биологиялык ар түрдүүлүктүн кескин төмөндөшү улана берсе, экосистемалар өзгөрүлүп жаткан климатка көнө албай калат. Бул жапайы жаратылышка гана зыяндуу келтирбестен, адамдар арасындагы чыр-чатактардын тобокелдигин дагы жогорулатат.
Бул көйгөйлөр кызматташтыктын жана өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Ак илбирстин мисалында болгондой, көптөгөн айбанаттардын жашаган жери улуттук чек араларды кесип өтүп, көптөгөн өлкөлөрдүн аймактарын камтыйт. Көчүп жүрүүчү жаныбарлар үчүн мейкиндикти коргогондой эле, биз эл аралык диалог жана кызматташуу үчүн мейкиндикти түзүшүбүз керек.
Дүйнө жүзү ушул жылдын күзүндө Кытайдын Кунминг шаарында өтө турган БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча глобалдык конференциясын кызуу талкуулап жатат. Бул аймактык жана көп тараптуу кызматташуу аркылуу түздөн-түз таасир берүүгө түрткү бере турган учур. Кыргыз Республикасы, башка мамлекеттер менен бирге, Ак Илбирстин байырлаган өлкөлөрүнүн арасында биоартүрдүүлүк жаатында эл аралык кызматташтыкта лидерликти жана тажрыйбаны көрсөттү.
Быйыл Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы мамлекет башчыларына жаратылыш боюнча атайын киришүү сессиясын арнаган. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков саммитке катышаарын жарыялады. БУУӨПтүн колдоосу менен Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясына биоартүрдүүлүк жаатында чек ара кызматташтыгы жөнүндө "Табият чек араларды билбейт" аттуу резолюция сунуштамакчы. Бул токтом биоартүрдүүлүк жаатындагы чек аралар аралык кызматташуунун кеңири максаттарына жетүүгө өбөлгө түзүп, аны ишке ашыруу Дүйнөлүк Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттарына жетүү жолундагы маанилүү кадам болмокчу.