Жашыл каржылоо жана анын Kыргызстан контекстинде перспективалары

2022-ж., 12-July

Туруктуу жана жашыл каржылоо жана анын Кыргызстан контекстинде переспективалары тууралуу көбүрөөк билүү үчүн жакында Монголиядан таанышуу сапарынан кайтып келген Кыргыз Республикасынын Банктар союзунун президенти Абдраев Анвар Карикеевич менен маектештик.

 

Климаттын өзгөрүшүнүн жана экологиянын бузулушунун кескин кесепеттери туруктуу экономиканын зарылдыгын күн тартибине койду. Көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын экономикасын туруктуу кылуу үчүн аны трансформациялоо, өзгөчө жашыл жана аз көмүртектүү экономикага өтүүнү камсыз кылуу ири инвестицияларды талап кылат.  Бул финансылык муктаждыкты көбүнчө мамлекеттик сектор жалгыз канааттандыра албасын эске алганда, көптөгөн өлкөлөрдө жеке секторду тартуунун жолдору табылган.

 

Жашыл каржылоо деген эмне?

Жашыл каржылоо бир жагынан климат жана экология маселелерин чечүү үчүн каражат чогултууну, экинчи жагынан климаттык жана экологиялык финансылык тобокелдиктерди башкарууну жакшыртууну камтыйт. Өз кезегинде «туруктуу каржылоо» туруктуу экономикалык иш-чараларга жана долбоорлорго узак мөөнөттүү инвестицияларды көбөйтүү максатында экологиялык, социалдык жана башкаруу маселелерин жана тобокелдиктерин эске алат.

Жашыл каржылоонун мисалдары экологиялык таза өнүмдөрдү жана кызматтарды сунуштаган компанияларга инвестиция салган жашыл инвестициялык фонддорду камтыйт. Ал ошондой эле колдонуучуларга туруктуу иш-аракеттерге жумшаган ар бир доллар үчүн кошумча сыйлыктарды берүүчү "жашыл кредиттик карталарды" камтыйт. «Жашыл каржылоо - абдан кеңири чөйрө. Бул -  климатты каржылоону камтышы мүмкүн, бирок муну менен эле чектелбестен, ал ошондой эле өнөр жайдын булганышын көзөмөлдөө, сууну тазалоо же биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо сыяктуу экологиялык максаттардын кеңири спектрин да камтышы мүмкүн,- дейт Анвар Карикеевич.

 

Жашыл каржылоо көмүртектин көлөмүн кыскартууга жетишүүдө маанилүү ролду ойнойт жана көмүртектүү нейтралдуу экономикага өтүүнүн кыймылдаткыч күчү боло алат. 2030-жылга карата Улуттук деңгээлде аныкталган салымдарды (УДАС) ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан ички ресурстардын эсебинен атмосферага зыяндуу заттардын көлөмүн 15,97%га, ал эми эл аралык колдоо менен 43,62%га кыскартуу милдетин алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Глазгодогу  конференцияда жасаган билдирүүсүнө ылайык, эл аралык колдоо менен Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртексиз жашыл өнүгүү платформасына чыгууга умтулат.

 

Эмне үчүн билим берүү сапары үчүн Монголиянын тажрыйбасы тандалган?

Монголия туруктуу жашыл каржылоону интеграциялоо боюнча аймактагы негизги лидерлердин бири. Жашыл корпорацияны түзүү жана экономикалык ишмердиктин экологиялык жактан туруктуу экендигин аныктоо үчүн классификация системасын түзүүгө багытталган көрсөтмөлөр, ошондой эле  аз көмүртектүү максаттарды коюу  сапардын биринчи натыйжасы  болду («таксономия»). Ушул себептүү, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргызстан Банктар союзунун жетекчилигинин демилгеси жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин активдүү катышуусу менен, Монголия мамлекети таанышуу сапарын өткөрүү үчүн тандалган.  Анын негизги максаты - туруктуу жашыл каржылоо боюнча эки өлкөнүн кызыкдар тараптарынын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү болгон.

 

«Монголия тажрыйбасын изилдөө - катышуучуларга тематиканы жакшыраак түшүнүүгө, натыйжаларды өз көзү менен көрүүгө, мыйзамдык актыларды өркүндөтүү аркылуу туруктуу каржылоо моделдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча түздөн-түз иштеп жаткан адамдар менен таанышууга мүмкүндүк берди», - дейт Анвар Карикеевич.  Анын айтымында, катышуучулар Монголиядан мындай бурулушту күтүшкөн эмес, саякат баарына чоң таасир калтырды: «Өлкөнүн өзү, Улан-Батор шаарынын өнүгүү масштабы, курулуштун масштабы, адамдык потенциал, чет тилин массалык билүүсү, баарлашууда ачык-айкындык, ой-жүгүртүү жана көз караштардын эркиндиги жана жалпысынан элдин ак ниети таасирлентти. Банк секторунун өнүгүү деңгээли, жыйынтыктар жана цифралар экономиканын тез өнүгүп жаткандыгын айгинелейт. Бир эле банктын активдери Кыргызстандын бардык банк тутумунун көрсөткүчтөрүнөн ашат».

 

Билим берүү сапарынын программасы Монголиянын финансы секторунун негизги кызматкерлери, анын ичинде Ипотекалык компаниянын өкүлдөрү менен ар кандай жолугушууларды камтыды. «Монголиянын Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы Кыргызстанда Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясындай эле көп убакыттан бери иштеп келген, бирок бул мезгилде алар 10 эсе көп насыя беришкен. Монголиянын калкы Кыргыз Республикасына караганда 2 эсе аз, бул абдан олуттуу жыйынтык! Өтө кыска мөөнөттүн ичинде, болгону 1,5 жылдын ичинде жашыл корпорация түзүп, жакшы натыйжаларга жетишкени таасирдүү болду. Алардын тажрыйбасын, албетте, өздөштүрүү керек жана биз бул натыйжага жетүү үчүн жана мүмкүн, андан да ашып кетүү үчүн болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек, анткени биз Монголиянын жана башка өлкөлөрдүн каталарын жана жетишкендиктерин изилдей баштадык. Биз алардын каталарын кайталабашыбыз керек», - деп бөлүштү Анвар Карикеевич.

 

Ошентип, туруктуу жашыл каржылоо боюнча таанышуу сапарына катышуу Кыргызстандын өкүлдөрү үчүн зарыл жана пайдалуу демилге болду, анда делегациянын ар бир мүчөсү келечектеги иш үчүн пайдалуу болгон керектүү маалыматтарды алды. Жакынкы келечекте туруктуу каржылоо принциптери боюнча долбоорлорду жана жашыл таксономия долбоорун активдүү алга жылдыруу пландаштырылууда.

 

Кыргызстан банктар Союзу колдоп жаткан Таксономия жөнүндөгү Указ, келечектеги закондорду ырааттуу иштеп чыгуу учун өзгөчө маанилүү. Жашыл жана туруктуу каржылоого дүйнө жүзү боюнча инвесторлордун кызыгуусу абдан тез өсүүдө. Климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнүн бузулушу глобалдык маселе экенин эске алып, эл аралык кызматташуу жалпы кызыкчылыкта; БУУӨП муну эл аралык Жашыл Экономика Өнөктөштүк Платформасы (PAGE) аркылуу активдүү илгерилетүүдө.

 

Кыргыз Республикасында Монголиянын алдыңкы тажрыйбасын көбөйтүү боюнча кандай пландар бар?

«Монголиянын тажрыйбасын жайылтуу сөзсүз керек. Тактап айтканда, мен көбөйтүү үчүн төмөнкү нерселерди баса белгилейм:

- Биринчиден, бүгүнкү күндө Жашыл климаттык фонддон(ККФ) 25млн $көлөмүндө каражат алган "ХасБанк" катары финансы институтунун биринин жашыл фондунан аккредитациялоонун мисалы.

- Жашыл корпорацияны түзүү. Чындыгында, биз аны түзүү пландарын Монголиядан мурун жарыялаганбыз, бирок алар аны түзүүдө бизден алдыга кеткен. Жашыл корпорация бүтүндөй тутумдун жашыл долбоорлоруна каражаттарды карызга алуу үчүн жооп берет. Монголияда жашыл корпорация алгач Монголиянын банктар ассоциациясы тарабынан Биз пландаштыргандай түзүлгөн. Анын уюштуруучулары Монголиянын Өкмөтү жана Монголиянын банктар ассоциациясынын бардык мүчөлөрү менен биргеликте иш алып барышат.

– Эң негизгиси - ченемдик укуктук мүнөздөгү маселелерди көбөйтүү. Таксономия маселелери, биз жаңы эле иштеп жаткан жерде – Монголияда аяктаган жана ачык жеткиликтүү. Бул алардын буга чейин иштеп жаткандыгын жана тажрыйбасы бар экендигин көрсөтөт. Бул бизде да мүмкүн экендигин билдирет. Алар биз менен тажрыйба бөлүшүштү, ошондуктан биз ката кетирбей,  даяр базаны сунуштайбыз.» - дейт Анвар Карикеевич.

 

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча катышуучулардын "Жашыл" каржылоону түшүнүү кандайча жакшырды?

«Биз азыр алынган маалыматтын көлөмүн сиңирип жатабыз. Албетте, Кыргызстанда жашыл сектордун базасы Совет мезгилинен бери эле бар, биз үчүн баары жаңы деп айтууга болбойт. Мисалы, биздин агро тутумубуз, газ менен жылытуу тутумдары, чакан ГЭСтер, тамчылатып сугаруу сыяктуу жылытуунун ар кандай түрлөрүн колдонуу, бул биздин академик Ж.Ш. Шаршеналиевдин өз убагында тийиштүү түрдө өнүкпөгөн идеясы. Мындан тышкары, мисалдар энергиянын альтернативдүү булактарын каржылоо, биздин тажрыйбабыздын бардыгы жашыл таксономияны ишке ашырууда колдонулат».

 

Кыргыз Республикасында өкмөт жашыл каржылоо күн тартибин кантип алдыга жылдырышы мүмкүн?

«Кыргыз Республикасында жашыл каржылоонун күн тартибин алга жылдыруу үчүн аны тартипке салуу жана анын системалуулугун аныктоо, ошондой эле негизги талаптарды баяндаган меморандумду иштеп чыгуу зарыл. Жашыл долбоорлорго жана аларды стимулдаштырууга карата финансылык сектордун жүрүм-турумунун ченемдерин жана эрежелерин көрсөтүү менен артыкчылыктарды так белгилөө зарыл. Бүгүнкү күндө бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын негизги артыкчылыгы болуп саналат. Бизде да бул багытта күчтүү эксперттер бар жана  биздин командадан менин үмүтүм чоң».

Анвар Карикеевич, Монголияга болгон саякат каржы секторунун бардык катышуучулары жана кызыкдар тараптары үчүн жаңы дем болуп, алардын кызматташуу тармактарын кеңейтип, керектүү байланыштарды түздү дейт. Ал башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын жана алардын каталарын үйрөнүү Кыргызстан үчүн абдан маанилүү деп ишенет, анткени бул тажрыйба каталардан алыс болууга жардам берет.

«Биз ошондой эле бул багытта чоң ийгиликтерге жетишкен Грузия менен да байланыша баштадык. Эгер Монголиянын көз карашы көбүрөөк түштүк-чыгыш болсо, анда Грузиянын батыш көз карашы бар. Грузияда буга чейин иштелип чыккан таксономия абдан жакшы жана алар биз менен кызматташууга даяр. Тажрыйба алмашуу, атүгүл түп-тамырынан бери биздин өлкөлөргө окшобогон өлкөлөрдүн тажрыйбасы да ар дайым натыйжа берет, а Монголия жана Грузия менен бизде көп окшоштуктар бар».

 

Кийинки кадамдар кандай?

Анвар Карикеевичтин айтымында, азыр окуу турунун катышуучулары кандай ресурстарды, аларды кайдан алууну жана кийинчерээк кантип колдонууну үйрөнүштү. Кийинки кадам - жаңы билимдерди Кыргызстандын контекстине ылайыкташтыруу болот. Ошентип, жыл ичинде жол картасы боюнча иштерди аяктоо, таксономияны илгерилетүү, жашыл корпорацияны түзүү пландаштырылууда жана ошону менен бирге аны каржылай турган каражаттарды издөө иштери башталат.

«Иш сапардын жүрүшүндө делегаттар, атап айтканда банктар союзунун мүчөлөрү эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, анда кызматташуу жөнүндө биринчи макулдашууларга кол коюлган. Биздин бир нече банктар конкреттүү маселелерди чечүү үчүн дагы бир иш сапарын пландаштырышты. Иш сапардын программасы абдан натыйжалуу болду. Туруктуу жашыл каржылоонун айланасында дагы  көптөгөн темалар калды, алар тереңирээк изилдөөнү талап кылат. Визиттин программасы параллель сессияларды камтып,  биздин делегация кызыкчылык топтору боюнча бөлүштүрүлдү. Мен өзүм да жолугушууда болуп, параллель жолугушууга катыша алган жокмун, бирок менин катышкан кесиптештерим жолугушуунун абдан маалыматтуу жана пайдалуу болгондугун айтышты. Ошондуктан биз бир сапар менен гана чектелбөөнү пландаштырып жатабыз, алдыда дагы Монголияда кесиптештерибиз менен көп жолугушуу күтүп жатабыз жанааларды да бизге да чакырабыз. Баары салыштыруу менен билинет жана бул салыштыруу азырынча биздин өлкөнүн пайдасына эмес, бирок үйрөнө турган көп нерсе бар.»

Монголиядагы таанышуу иш-чарасы БУУнун 5 өнөктөш агенттигинин (ЮНЕП, ЭЭУ, БУУӨП, ЮНИДО, ЮНИТАР), 20 өнөктөш-өлкөнүн (анын ичинде Кыргызстан), туруктуу каржылоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен туруктуу экономикалык кайра түзүүлөрдү жүргүзүү үчүн каржылоо боюнча 8 өнөктөштүн жана кызматташуу боюнча өнөктөштөрдүн адистештирилген тажрыйбасын бириктирген БУУӨПтүн Кыргызстандагы финансылык колдоосу менен мүмкүн болду.