БУУнун Өнүктүрүү Программасы Кыргыз Республикасында жашыл каржы рыногун өнүктүрүүгө салым кошот
2023-ж., 4-May
4-май 2023, Кыргызстан – Бүгүн Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги «Кыргызстан банктар союзу» жана БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы жашыл финансы рыногун баалоонун жыйынтыктарын тартуулады. Жыйынтыктар өлкөдө жашыл каржылоо механизмин түзүү үчүн колдонулат.
Каржылоо 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон иш-чараларды ишке ашыруунун негизги шарты болуп саналат. Климатка туруктуу инфраструктурага жана аз көмүртектүү келечекке инвестиция кылуу социалдык, экономикалык жана экологиялык туруктуулукту жогорулатуу менен кыска мөөнөттө жаңы жумуш орундарын түзүшү мүмкүн.
Бүгүнкү күндө жашыл каржылоо –дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда социалдык жана экологиялык ландшафтты жакшыртууга багытталган долбоорлорду стимулдаштыруу, анын ичинде банк секторунун ичиндеги институттардын, чаралардын жана инструменттердин жыйындысы. Жашыл каржылоо аялдарга жана жаштарга жаңы көндүмдөрдү жана жакшы жумуш орундарына жетүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошол эле учурда аялдардын эмгек рыногуна катышуусун жогорулатат жана алардын расмий эмес жумушун азайтат. Жашыл каржылоого өтүү үчүн жоопкерчилик экономиканын негизги кыймылдаткычтары катары мамлекетке, коомго жана бизнеске жүктөлөт. Ал эми каржы институттары, жоопкерчиликтүү бизнести туруктуулукка карай жылышына жардам берүүчү куралдарды иштеп чыгат.
Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы Кыргызстанда туруктуу каржылоо инструменттерин ишке ашырууда өкмөттүн негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Бул стратегиялык көз карашка ылайык, БУУӨП Кыргыз Республикасындагы жашыл долбоорлорду кредиттөө боюнча суроо-талапты жана сунушту баалоо, ошондой эле жашыл кредиттин шарттарын аныктоо менен байланышкан маселелерди изилдөө үчүн каржы рыногун изилдөөгө көмөк көрсөттү. Баалоонун жыйынтыгы каржы рыногунда жашыл каржылоонун учурдагы абалын чагылдырат. Бул маалыматтар Кыргызстандын Жашыл Каржы Фондун (CGMF) түзүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча чараларды иштеп чыгууга жардам берет жана Кыргызстанда бул механизмди түзүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин далилдейт жана толуктайт.
«Жашыл каржылоону өнүктүрүү Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты болуп саналат. Бул Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын глобалдык стратегиясында жана 2022-2026-жылдарга карата өлкө программасында каралган. БУУӨП Кыргызстанда жашыл каржылоону өнүктүрүүдө чоң потенциал бар экенин көрүп турат жана жашыл каржылоону кеңейтүүгө көмөктөшүүгө даяр”, - деди Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал.
Бул изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, “жашыл финансы” Кыргызстанда өтө тар багытталган жана аз камтылган тема болуп саналат. Өлкөнүн жашыл экономикага өтүү боюнча стратегиялык документтеринде жашыл финансы боюнча маалымат аз. Суроо-талап боюнча баалоого ылайык, жашыл финансы рыногунун потенциалы кийинки 5 жылда банк портфели үчүн 150,6 миллион доллардан 415 миллион долларга чейин жетет. Сурамжылангандардын пикири боюнча жашыл каржылоодо эң чоң потенциалга ээ болгон негизги секторлор - энергетика, транспорт, кайра иштетүү жана айыл чарба болуп саналат. Кыргызстан жашыл рыноктун өнүгүүсүнүн баштапкы этабында болгонуна карабастан, лидерлер азыртадан эле пайда болууда. Жогоруда айтылган изилдөөнүн толук жыйынтыгы менен бул жерден таанышууга болот.
Кыргызстандагы жашыл финансы рыногун изилдөө жашыл экономикага аракет кылуу боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (PAGE) алкагында ишке ашырылган. БУУнун беш агенттигинин – БУУӨП, ЮНЕП, ЭЭУ, ЮНИДО жана ЮНИТАРдын бул биргелешкен өнөктөштүгү жашыл жана инклюзивдик өсүүгө киришүүнү каалаган өлкөлөрдү колдоого багытталган. PAGE 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасына инклюзивдик жашыл экономиканын (IGE) максаттарын улуттук пландаштыруу процесстерине интеграциялоо аракетинде колдоо көрсөтүп келет. Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги бул демилгенин бенефициары жана Кыргыз Республикасында программаны ишке ашырууда негизги координациялоочу мамлекеттик орган болуп саналат.