БУУӨП жаңы Кыргыз Республикасынын жаӊы Салык кодексинин долбоорун иштеп чыгууга колдоо көрсөтүүдө

2021-ж., 24-August

Мамлекеттик өкүлдөр, көз карандысыз эксперттер жана башка кызыкдар тараптар Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү талкуулап жатышат. Сүрөт: Рустем Ильясов / БУУӨП Кыргызстан

2021-жылдын 20-24-августунда Кыргызстандагы БУУӨП жана ЮНИСЕФ тарабынан ишке ашырылып жаткан “Комплекстүү улуттук каржылоо механизмдери” программасынын  колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча  жыйын болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Экономика жана финансы бөлүмүнөн, Экономика жана Финансы министрлигинен, Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле салык боюнча эксперттер катышты. 

«Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрылуусуна ылайык, бизнести заманбап шарттарына ыңгайлашуу, салык процедураларын санариптештирүү жана ишкердик ишмердүүлүк үчүн бирдей шарттарды түзүү максатында Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул ишке Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнес жана эксперттер катышууда. БУУӨПтүн колдоосунун аркасында Салык кодексинин долбоорун эффективдүү иштеп чыгууга өбөлгө болгон жумушчу топтун иш сапарынын жолугушуусу уюштурулду», - деди КР Экономика жана финансы министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков.

КР Экономика жана финансы министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков. Сүрөт: Рустем Ильясов / БУУӨП Кыргызстан.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин беренелерин комплекстүү талкуулашты жана сын-пикирлердин динамикасына жараша сунуштарын киргизишти. Талкуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексин өзгөртүү боюнча сунуштар иштелип чыкты, алар мындан ары башкаруу органдарынын арасында кеңири чөйрөсү менен макулдашылат.

«INNF долбоору Туруктуу Өнүгүү Максаттарын каржылоо үчүн өкмөттүн кирешелерин көбөйтүү боюнча мамлекеттин аракеттерин колдоого багытталган. Бул негизде, бул иш -чара Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу аркылуу ТӨМ үчүн улуттук каржылоонун көбөйүшүнө өбөлгө түзөт», - деди БУУӨПтүн долбоорунун координатору Жаныбек Ыбрайым уулу

Жаныбек Ыбрайым уулу, БУУӨПтүн Долбоорунун координатору. Сүрөт: Рустем Ильясов / БУУӨП Кыргызстан

Жалпысынан иш-чарага 25 адам катышып, алардын 14ү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, 11 - бизнес ассоциацияларында жана мамлекеттик эмес мекемелерде иштеген салык маселелери боюнча көз карандысыз эксперттер.

2020 -жылдан баштап Кыргызстандын өкмөтү БУУӨП  жана ЮНИСЕФ менен биргеликте Улуттук каржылоонун комплекстүү механизмдерин (КНФМ) иштеп чыгууга киришкен.  Анын жардамы менен өлкө Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетүү үчүн каржылоонун жаңы булактарын тартууга жетишет.

 

ЖМК үчүн байланыш

Чынтемир Калбаев

Коммуникация ассистенти

chyntemir.kalbaev@undp.org

+996775767605

Иш-чарадан көз ирмемдер

Сүрөттөр: Рустем Ильясов / БУУӨП Кыргызстан