БУУӨПтүн колдоосу менен «Натыйжалуу башкаруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү» магистрдик программасы ачылды

2024-ж., 27-September

27-сентябрь, Бишкек – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында “Натыйжалуу башкаруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү” магистрдик программасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул маанилүү иш-чара Кыргызстанда коррупция менен күрөшүүгө жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга даяр жаңы адистерди даярдоо максатында мамлекеттик органдардын, эл аралык өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн башын бириктирди.

«Натыйжалуу башкаруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү» программасы мамлекеттик кызматкерлердин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн потенциалын узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө көмөктөшмөкчү. Бул туруктуу өнүгүү жана Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу үчүн бекем негиз болуп берет. Атап айтканда, Туруктуу өнүгүү максаттары 16 — тынчтык, адилеттүүлүк жана күчтүү институттар. Бир жылдык магистратура программасы коррупция менен күрөшүү чөйрөсүндө жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана ачык-айкын, отчеттуу мамлекеттик институттарды түзүүгө багытталган.

БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева бул демилгени колдоо коррупциянын алдын алууда мамлекеттик кызматкерлердин да, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн да потенциалын узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турганын айтып өттү. «Бул мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун, отчеттуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт жана ал жыйынтыгында Кыргызстан элинин бакубаттуулугуна жана жашоо деңгээлине оң таасирин тийгизет деп ишенебиз», - деп баса белгиледи А.Соловьева.

Академиянын ректору Алмазбек Акматалиев белгилегендей: «Бул программа ачык-айкын жана отчеттуу мамлекеттик башкаруу системасына карай маанилүү кадам болуп саналат. Өлкөбүздө коррупцияга каршы күрөшкө реалдуу салым кошо ала турган адистерди даярдоо үчүн мындай уникалдуу мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканына сыймыктанабыз. Магистрдик программа коррупцияга каршы комплаенс, кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык укуктук нормаларды, стандарттарды, мыйзамдарды жана алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жалпысынан алганда, бул өлкөбүздө коррупцияга каршы реформаларды илгерилетүү үчүн зарыл болгон толук кандуу фундаменталдык билим алууга мүмкүндүк берет».

Алгачкы 25 абитуриент 24-сентябрда кирүү экзамендерин тапшырып, кабыл алынды, эми алар 30-сентябрдан тарта окууну башташат. Бул окуу жылында кечки жана күндүзгү окуу формасында билим алышат жана окуу акысыз. “Натыйжалуу башкаруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү” магистрдик программасы БУУӨПтүн “Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү, отчеттуулук жана адамдардын кызыкчылыктарына багытталган аракеттерди бекемдөө” долбоорунун алкагында, Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин каржылык колдоосу менен иштелип чыгып, биринчи семестрди баштады. 

***

БУУӨП тууралуу:

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) – жакырчылык, теңсиздик жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу адилетсиздикти жоюу менен күрөшкөн БУУнун алдыңкы уюму. 170 өлкөдө эксперттердин жана өнөктөштөрдүн кеңири тармагы менен иштешип, биз өлкөлөргө адамдар жана планета үчүн узак мөөнөттүү комплекстүү чечимдерди түзүүгө жардам беребиз. БУУӨПтүн миссиясы – жакырчылыкты жоюу жана планетаны коргоо. Жетишилген прогрессти улантып кетиши үчүн биз өлкөлөргө натыйжалуу саясатты, көндүмдөрдү, институттарды иштеп чыгууга жана өнөктөштүк мамилени өнүктүрүүгө жардам беребиз. 

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси, nurzhan.alymkanova@undp.org