Диний чөйрөдө профилактикалык иш-чараларды күчөтүү

Бишкек, 2023-жылдын 15-сентябры - Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору (мындан ары – Борбор) Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду каржылаган БУУӨПтүн долбооруну алкагында, өлкөдөгү диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү үчүн маалымат жыйноо жана талдоо боюнча эки күндүк окуу өткөрдү.

2023-ж., 15-September
Strengthening Preventive Measures in the Field of Religion
Strengthening Preventive Measures in the Field of Religion

 

Тренингдин максаттары – чыр-чатактарга сезимталдуулук менен алардын эртелетип алдын алуу  максатында диний чөйрөдөгү кырдаалга баа берүүнү жакшыртуу үчүн маалыматтарды жана индикаторлорду жыйноо жана талдоону өркүндөтүү. Тренингди эксперттер Закир Чотаев жана Санжарбек Тажиматов алып барышты.

БУУӨПтүн Борборго колдоосу 2021-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашырууну илгерилетүүнүн алкагында, анын максаты светтик принципти, абийир жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу механизмдерин өркүндөтүү, мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана диний бирикмелердин ишин жөнгө салуу болуп саналат. 

Бул демилге дин чөйрөсүндө кабыл алынган чечимдердин сапатын күчөтүүгө жана Кыргыз Республикасындагы диний кырдаалдын абалы жана өнүгүү динамикасы жөнүндө жалпы түшүнүктү калыптандырууга мүмкүндүк берген мониторингдин маалыматтарын талдоого негизделген чыр-чатактарды өз убагында алдын алууга багытталган.

***

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстандагы өнүктүрүү жаатындагы алдыңкы уюмдардын бири. 1993-жылдан бери биз Туруктуу өнүгүү максаттарына биргелешип жетүү үчүн инклюзивдик өнүгүү, айлана-чөйрөнү коргоо, кризиске каршы туруу, гендердик теңчиликти илгерилетүү сыяктуу көптөгөн тармактарда иш жүргүзүүдөбүз.

Кошумча маалымат алуу үчүн биздин сайтка кириңиз: www.undp.org/ru/kyrgyzstan же социалдык тармактардагы биздин баракчаларыбызга жазылыңыз: @undpkg.

ЖМК үчүн байланыш:

Нуржан Алымканова

БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси

Nurzhan.alymkanova@undp.org