Кадамжайда жаңы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кеңсесинин ачылышы сот адилеттигине жетүүнү кеңейтет
2024-ж., 9-December
99-декабрь, Кадамжай – Бүгүн Кадамжай районунун жана Баткен облусунун тургундары үчүн сот адилеттигине жетүүнү жакшыртууда маанилүү кадам болуп, жаңы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кеңсеси расмий түрдө ачылды. Бул кеңсе өзгөчө аялуу топтор үчүн өз убагында жана сапаттуу юридикалык жардам көрсөтөт.
Бул демилге Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Юридикалык жардам кызматы, Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндия өкмөтү менен кызматташтыгынын натыйжасында ишке ашырылды. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы имаратты акысыз негизде берген, андан кийин ал оңдолуп, сапаттуу юридикалык жардам көрсөтүүгө бардык зарыл жабдуулар менен камсыздалган.
Кеңсенин ачылыш аземинде БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьева бул жаңы кеңсенин өзгөчө аялуу топтор үчүн өз убагында жана натыйжалуу юридикалык кызматтарды көрсөтүүдөгү маанисин белгиледи. "Бул кеңсе Кадамжай районунун жана анын чегинен тышкары жашаган тургундардын сот адилеттигине жетүүсүн олуттуу түрдө кеңейтет жана эң муктаж адамдарга маанилүү колдоо көрсөтөт. Бул биздин “эч кимди артта калтырбоо” принцибине болгон берилгендигибизди чагылдырат," – деди ал.
Кеңсенин ачылышы 2024–2028-жылдарга карата Мамлекет кепилденген юридикалык жардамды (МКЮЖ) өнүктүрүү программасы жана Иш-аракеттер планы менен шайкеш келет жана өлкө боюнча юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү боюнча стратегиялык жол картасын камсыздайт.
БУУӨПтүн колдоосу менен Юстиция министрлиги 2024-жылы олуттуу жыйынтыктарга жетишти:
- 53 269 консультация өткөрүлүп, юридикалык жардам 25 478 жарандын, анын ичинде 43% аялдардын муктаждыктарын камсыздаган.
- Мамлекет кепилденген юридикалык жардам системасы жана архив үчүн автоматташтырылган системалар иштелип чыгып ишке киргизилген.
- Юридикалык жардам алуу үчүн 114 телефон номери боюнча Шыр байланыш телефону ишке киргизилген.
- Юридикалык жардам кызматынын 7 кеңсеси ачылды жана иштеп жатат: Баткен облусунда 2 (Лейлек жана Кадамжай райондору), Ысык-Көл 2 (Тон жана Түп райондору), Нарын 2 (Ак-Талаа жана Кочкор райондору) жана Талас облустарында 1 (Айтматов району). Бул мурда ачылган 17 кеңсеге кошумча.
«Кадамжайда акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү жаңы кеңсенин ачылышы – бул бардык жарандар, анын ичинде алыскы райондордун жашоочулары үчүн жеткиликтүү жана натыйжалуу сот адилеттигинин системасын өнүктүрүүдө олуттуу кадам. БУУӨП жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, аралыктын узактыгы жана юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы адилеттикке жетүүдө негизги тоскоолдуктар бойдон калууда. Көптөгөн адамдар каражаттын, ресурстардын жана убакыттын жетишсиздигинен улам узак жолду басып өтө албайт. Мындай кеңселерди алыскы аймактарда түзүү менен биз элге жакындап, тоскоолдуктарды жоюп, ар бир жаранга өз укугун коргоого мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын түзүүдө жана өнүктүрүүдө көрсөткөн туруктуу жана системалуу колдоосу үчүн БУУӨПкө терең ыраазычылыгымды билдирем» - деп Акжол Калбеков, Юстиция министрлигинин Юридикалык жардам кызматынын төрагасы айтты.
БУУӨПтүн Баткен облусундагы өнүгүү приоритеттери
БУУӨП Баткен облусунун социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү, натыйжалуу башкаруу, жашыл өсүш, климаттык туруктуулукту камсыздоо жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү багытында активдүү иш алып барууда.
Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кеңсеси Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланып, БУУӨП тарабынан ишке ашырылган “Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону жана адилеттүүлүккө тегиз жетүүнү күчөтүү” долбоорунун (III фаза) алкагында ачылды.
Бул демилге БУУӨПтүн сот адилеттигине жетүүдө адилеттүү, жоопкерчиликтүү жана жеткиликтүү системаларды түзүүгө, өзгөчө эң аялуу катмарлардын күнүмдүк юридикалык муктаждыктарын канааттандырууга умтулуусун баса белгилейт.