Бишкек, 27-февраль 2025 – Бүгүн Кыргызстан расмий түрдө Париж келишиминин алкагында эки жылдык айкындуулук боюнча биринчи докладын даярдоону баштады. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан көзөмөлгө алынып Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) менен өнөктөштүктө уюштурулган бул маанилүү иш-чара улуттук климаттык башкарууну бекемдөөгө жана парник газдарынын эмиссиясы боюнча отчеттуулуктун ачыктыгын жогорулатууга карай олуттуу кадам болуп саналат.
Эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча биринчи докладынын даярдалышы Кыргзстандагы БУУӨПтүн жардамы менен ишке ашырылып, Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасы (ЮНЕП) жана Глобалдык Экологиялык Фонду (GEF) тарабынан каржыланат.
Эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча доклад Кыргызстандын парник газдарынын эмиссиясын кыскартуудагы, климаттык иш-чараларды ишке ашыруудагы жана Улуттук деңгээлде аныкталган салымдын (УДАСтын) прогрессине баа берүүнүн негизги куралы болуп калат. Бул документ өлкөнүн климаттык башкаруу системасын бекемдеп гана тим болбостон, анын эл аралык стандарттарга шайкеш келишин, маалыматтардын сапатын жогорулатып, экологиялык саясаттын ачыктыгын камсыз кылат.

Асел Райымкулова өкмөттүн бул процесске берилгендигин баса белгилеп: «Кыргызстан климаттын ачык-айкындуулугу жана отчеттуулугу боюнча чечкиндүү кадамдарды жасап жатат. Эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча доклад экономикабызга да, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө да пайдалуу болгон акылдуу саясатты иштеп чыгууга жардам берет.
Отчет климаттык иш-аракеттерди талдоо, эмиссияларды инвентаризациялоо жана адаптациялоо чараларын баалоо жана климаттык аракеттерге жумшалган чыгымдарды камтыйт, бул улуттук отчеттуулук системасын бекемдөөгө салым кошот.

Асел Райымкулова, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары
БУУӨПтүн программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева климат боюнча иш-аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилеп: «Кыргызстандын Эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча докладын даярдоо жөн гана отчеттук милдет эмес, бул климаттык саясатты бекемдөө, инвестиция тартуу жана экономикалык туруктуулукту жогорулатуу жана көмүртек рыногуна активдүү катышуу үчүн стратегиялык мүмкүнчүлүк», - деп баса белгиледи.
Долбоордун башталышы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, эл аралык эксперттерди жана адистерди чогултуп, алар климаттык максаттарга жетүүдөгү Эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча докладтын маанилүүлүгүн талкуулашты. Эл аралык тажрыйбаны жана алдыңкы тажрыйбаны эске алуу менен Кыргызстан климаттык маалыматтарга мониторингдин, отчеттуулуктун жана верификациянын эффективдүү системасын түзүүгө умтулат.

Александра Соловьева, БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү
Климаттын ачыктыгын өнүктүрүү эл аралык каржылоону тартуунун маанилүү элементи болуп саналат, анын ичинде көмүртек рыногунда өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн ачуу. Маалыматтардын ачыктыгы жана ишенимдүүлүгү өлкөнүн саясатына болгон ишенимди бекемдеп, узак мөөнөттүү климаттык стратегияларды ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Кыргыз мамлекетине багытталган БУУӨПтүн колдоосу UNFCCC жана Париж келишиминин алкагындагы отчеттуулуктун милдеттенмелерин аткарууга жардам берет, жана ошону менен бирге, климаттык отчеттуулукту бекемдетүүгө жана туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегияларына климаттык факторлорду интеграциялоого көмөк көрсөтүүгө салым кошот.
Бул маанилүү кадам Кыргызстандын глобалдык климаттык күн тартибине берилгендигин ырастап, өлкөнүн жоопкерчилигин жана климат боюнча эл аралык демилгелерге жигердүү катышууга даярдыгын көрсөтөт.