Кыргызстанда Борбордук Азия үчүн климаттык иш-аракеттер боюнча отчеттук куралдарын колдонуу жөнүндө аймактык семинар өттү

15-майдан 17-майга чейин Бишкекте Борбордук Азия үчүн Айкындыктын кеңейтилген алкагында отчеттуулук куралдарын пайдалануу боюнча аймактык практикалык семинар болуп өттү. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын катчылыгы (БУУ КӨАК) менен өнөктөштүктө, 29-Тараптар Конференциясынын Катчылыгынын (Азербайжан) катышуусу менен, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бул маанилүү иш-чараны климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү аракеттеринин алкагында жана Париж келишиминин милдеттенмелерине ылайык өткөрүлдү.

2024-ж., 16-May

Эксперттер климаттын өзгөрүшү боюнча иш-аракеттердин ачык-айкындыгы жана эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча биринчи отчетторду берүүгө даярдануу чөйрөсүндө өз квалификациясын жогорулатышты. Ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнөн тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү натыйжалуу отчеттуулук үчүн зарыл болгон жаңы куралдарды жана билимдерди алышты.

«Бакуда 29-ТКга даярдык көрүү менен климаттык каржылоо жөнүндө талкуулар приоритеттүү болуп, жумшартуу жана адаптациялоо боюнча аракеттерде өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоо зарылдыгын баса белгиледи. Тоолуу өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө алсыздыгын, алыстыгын жана табигый кырсыктарга дуушар болушун өзгөчө белгилеп кетүү керек, ошол эле учурда тоолуу өлкөлөр өздөрүнө амбициялуу климаттык милдеттенмелерди алышууда. Каржылоо механизмдериндеги ачыктык, жоопкерчилик жана инновациялар ресурстарды адилеттүү бөлүштүрүү үчүн негизги болуп саналат», – деди БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьёва.

Борбордук Азиянын бардык беш өлкөсүнөн келген катышуучулар БУУ КӨАК Катчылыгынын өкүлдөрүнөн түздөн-түз практикалык окууларды гана алышпастан, өлкөлөр аралык кызматташтыкты жана коллегиалдуу билим алмашууну багыттоо менен климат боюнча жергиликтүү өнөктөштөрдүн тармагын, анын ичинде Борбордук Азиядагы климаттык каржылоону да бекемдей алышты. 

«Азербайжан 29-ТК төрагасы катары бардык тараптарды 29-ТКга чейин биринчи ДДТ даярдоого жана тапшырууга чакырат. Буга байланыштуу биз жыл ичинде БУУ КӨАК жана БУУнун башка агенттиктери жана өнөктөштөрү менен кызматташтыкта окуу семинарларынын сериясын уюштурууну пландаштыруудабыз», – деди Сархан Исмаилов, улук сүйлөшүүчү жана 29-ТК ачык-айкындуулук боюнча топтун жетекчиси.

Семинар ошондой эле Бакуда (Азербайжан) боло турган 29-ТКга даярдыктын негизги бөлүгү болду, мында климатты каржылоо жана бул актуалдуу маселе боюнча жаңы жамааттык максаттар боюнча талкуулар улантылат.

«2024-жыл маанилүү убактык чек болуп саналат, анткени бардык өлкөлөр айкындуулуктун кеңейтилген алкактарына ийгиликтүү өтүүнү көрсөтүүнүн негизги кадамы катары биринчи эки жылдык айкындуулуктун отчетторун бериши керек. Бул иш-чара ошондой эле тараптардын Бакуда, Азербайжанда боло турган 29-ТК конференциясына даярдыктын негизги бөлүгү болуп калат деп ишенем», – деди КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев.

Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрү климаттын өзгөрүшүнүн катуу таасирине дуушар болууда, анын ичинде орточо температуранын жогорулашы, жаан-чачындын азайышы, кургакчылыктын бат-баттан жана катуу болуп турушу жана табигый кырсыктардын коркунучунун жогорулашы. Бул факторлордун алдында өлкөлөр, өзгөчө аярлуу аймактарда жана аярлуу жамааттар арасында, өздөрүнүн ыңгайлашуу потенциалын бекемдөөгө тынымсыз аракет кылышы керек. Аярлуу өлкөлөр форумунун мүчөсү катары Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн эл аралык кызматташуунун зарылдыгын белгилейт.

Климаттык жана жашыл демилгелердин ийгилиги мамлекеттин жана эл аралык өнөктөштөрдүн аракеттерине гана эмес, ишкерлердин жана жөнөкөй жарандардын позицияларына да байланыштуу болот. Бул контекстте чечимдерди кабыл алууда, саясатта, бизнес практикасында ачык-айкындуулук жана парник газдарынын эмиссияларына мониторинг жүргүзүү, отчеттуулук жана текшерүү тутумун жана климатты каржылоонун натыйжалуулугун камтыган кең ачык-айкындык негизи абдан маанилүү.

Париж Макулдашуунун 13.5-беренесине ылайык, ачык-айкындуулуктун кеңейтилген алкагынын максаты климат боюнча иш-аракеттерди так түшүнүүнү камсыз кылуу, анын ичинде Улуттук аныкталган салымдарга (УДАС) жана ыңгайлашуу иш-аракеттерине жетүү үчүн тараптардын прогрессине тактык жана байкоо жүргүзүү.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн ачык-айкындуулуктун кеңейтилген алкагы өлкөнүн климаттык каржылык муктаждыктары жөнүндө маалымдоо жана мындай каржылоону тартуу үчүн негизги инструмент болуп саналат.

Семинардын платформасы глобалдык жана аймактык кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, Борбордук Азиядагы климат боюнча улуттук иш-аракеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон билимге, тажрыйбага жана ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылды.

ЖМК үчүн байланыш:

Айнагүл Абдрахманова, Коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы +996775755776