Кыргызстандын токой чарба ишканалары программалык форматта бюджетти иштеп чыгууну үйрөнүштү

2022-ж., 29-July

БУУӨП "Биологиялык ар түрдүүлүктү каржылоо демилгеси" долбоору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин токой кызматын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп жатат. "Эс Эс Жи консалт" ЖЧКсы, БУУӨП долбоорунун консультанты, токой чарбаларына программалык форматта бюджеттик документтерди иштеп чыгуу боюнча нускамаларды жана зарыл формаларды, токой чарбаларынын натыйжалуулугунун стандарттык индикаторлорунун комплексин жана консолидациялоо жол-жоболорун жаңыртууга көмөк көрсөттү.

Токой чарба системасын программалык бюджет механизмин иштеп чыгуу үчүн 2022-жылдын 19, 21 жана 25-июль күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында аталган уюмдардын кызматкерлери үчүн программалык негизде бюджетти түзүү боюнча тренингдерди өткөрдү. Кыргызстандын 41 токой чарбасы жана 1 токой коргоо станциясы камтууга алынды. Тренингдин катышуучулары программалык бюджеттин жаңыланган принциптери менен жана аны түзүү боюнча кадамдарды боюнча, өлкөнүн башка мекемелеринин тажрыйбасы менен таанышышты. Бул трениңгде 97 адам катышып, анын ичинен 30 аял орун алды.

Бул тренингдерден кийин бардык токой чарбалары өз бюджеттерин программалык форматта иштеп башташат, бюджеттин негизинде 2023-жыл толугу менен каржыланат.

Тренинг жаңы мыйзамдарга ылайык бюджеттик мекемелерди башкаруу жана ишмердүүлүк менен байланышкан бир катар маселелер боюнча токой чарбаларынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу GIZ Integrative and Climate-sensitive Land Use in Central Asia программасы менен биргелешкен иш-чаралардын алкагында 2022-жылдын 18-июлдан 27-июлуна чейин өткөрүлдү.

БУУӨПтүн “Биологиялык ар түрдүүлүктү каржылоо демилгеси” долбоору Германия өкмөтүнүн жана Европа биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.