Нарын облусунда үч жаңы айымдардын креативдик лабораториясы ишке кирүүдө
2024-ж., 25-November
Бишкек, 26-ноябрь 2024-жыл - Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Ат-Башы, Кочкор жана Кызарт айылдарында айымдардын үч креативдик лабораториясын ишке киргизип жатат. Бул лабораторияларды “Тренерлер жана консультанттар альянсы – КФ ATiK” коомдук фонду жана “Нарын экономикалык өнүктүрүү борбору” коомдук бирикмеси тарабынан жүргүзүлөт.
Айымдардын креативдик лабораториясы – бул креативдик тармактарда өнүгүүнү каалаган кыздар жана аялдар үчүн түзүлгөн инклюзивдик, коопсуз, креативдик мейкиндик. Бул идеяларды бөлүшүү, аны ишке ашыруу үчүн колдоо табуу жана пайдалуу байланыштарды түзүү үчүн аянтча.
Лабораториялар айымдардын ишкердигин колдоо жана билим берүү жана маалыматтык ресурстарга жана коопсуз жумуш мейкиндигине мүмкүнчүлүк берүү аркылуу креативдик тармактарда айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Лабораториялардын ишинин негизги багыттары бизнестин учурдагы концентрациясы жана креативдик көндүмдөрдү жана креативдик ишкердүүлүктү өнүктүрүү аркылуу салттуу секторлордун өсүү потенциалы менен белгиленет. Алсак, Нарын облусундагы жаңы лабораториялар туризмди, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө, райондо салттуу өстүрүлгөн чөптөрдүн жана мөмө-жемиштердин негизинде жогорку кирешелүү продукцияларды жасоого, ошондой эле шаар тургундарын санариптик маркетинг жана электрондук коммерциянын көндүмдөрүн үйрөтүүгө багытталган.
«Биз түштүктө түзүлгөн айымдардын креативдик лабораториялары айымдардын креативдик потенциалын ачууга жана алардын коомдогу ролун бекемдөөгө жардам берип жатканын көрүп жатабыз. Мындан тышкары, алар лидер айымдар үчүн жергиликтүү бийлик органдары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн туруктуу жана динамикалык моделине айланууда. БУУӨП гендердик теңчиликке көмөктөшүүчү долбоорлорду колдоону улантууда жана биз өнөктөштөрүбүз менен бирге айымдардын өзүн-өзүн өнүктүрүү жана коомчулуктун бакубаттуулугу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканыбызга сыймыктанабыз», - деп БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал белгиледи.
Лабораториялар 2024-жылдын декабрында толук ишке кириши күтүлүүдө. Кийинки жарым жылдын ичинде алар бул жерлердеги 300 айымга колдоо көрсөтүлөт. Мындан тышкары, миңден ашык тургундар лабораторияларга коомдук иш-чаралар, биргелешкен демилгелер жана бизнес долбоорлор аркылуу кошула алышат.
2022-жылы Ош шаарындагы лабораториянын ийгиликтүү тажрыйбасы 2023-жылы Жалал-Абад жана Баткен облустарында лабораторияларды ишке киргизүүгө мүмкүндүк берди. Адамга багытталган мамилени жана инклюзивдүүлүк принциптерин колдонуу менен лабораториялар бенефициарлардан баштап өнөктөштөргө жана жамааттарга чейин көптөгөн деңгээлдеги таасирди түзүүнү көздөйт.
Эгерде сизди айымдардын ишкердиги жана креативдүү экономика чөйрөсү кызыктырса, төмөнкү даректерге кайрылсаңыз болот: Кочкор айылындагы айымдардын креативдик лабораториясына atiksiyb@gmail.com, Ат-Башы жана Кызарт айылдарындагы айымдардын креативдик лабораториясы тууралуу janaramusaeva@gmail.com жана dinarausupova782@gmail.com.
Лабораториялар БУУӨПтүн Accelerator Lab жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланган Борбордук Азиядагы Соодага көмөк көрсөтүү долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.