Кыргызстандагы БУУӨПТҮН 2018- 2022-Жж. Карата Гендердик Теңчилик Стратегиясы
Кыргызстандагы БУУӨПТҮН 2018- 2022-Жж. Карата Гендердик Теңчилик Стратегиясы
2021-ж., 10-November
2018-2021-жылдарга БУУӨПтүн Стратегиялык Планы өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй үч параметрин эске алуу менен иштелип чыккан: а) анын бардык формаларындагы жана өлчөмдөрүндөгү жакырчылыкты жоюу; б) туруктуу өнүктүрүү максаттарында түзүмдүк өзгөртүүлөрдү тездетүү; в) кыйынчылыктарга жана каатчылыкка туруктуулукту жогорулатуу. Ушул көйгөйлөргө көңүл буруу үчүн БУУӨП стратегиялык маанилүү алты ачык чечимди аныктады: элдин жакыр жашашына жол бербөө; тынчтыкты сүйгөн, адилеттүү жана инклюзивдүү коомдорду түзүү максатында башкаруу; каатчылыктардын алдын алуу жана туруктуулукту жогорулатуу; өнүктүрүү үчүн экологиялык чечимдер; таза, жеткиликтүү энергия; жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана гендердик теңчилик.