Инклюзивдик театр: сахнадагы ишкер айымдар

2024-жылдын 10-декабрында Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы драма театрында уникалдуу инклюзивдик спектакль коюлат. Анда 12 майыптыгы бар айым өздөрүнүн майыптык жана гендердик дискриминация менен күрөшүү тууралуу окуяларын бөлүшөт. Алардын бири — жаркын жана көп кырдуу ишкер аял Нишана Жееналиева. Ал буфет жана чакан ашкананын ээси.

2024-ж., 15-December
a woman wearing a white sport costume closed her years and eyes to feel what people with disabilities feel

Nishana Jeenalieva during rehearsals

UNDP Kyrgyzstan

2024-жылдын 10-декабрында Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы драма театрында уникалдуу инклюзивдик спектакль коюлат. Анда 12 майыптыгы бар айым өздөрүнүн майыптык жана гендердик дискриминация менен күрөшүү тууралуу окуяларын бөлүшөт. Алардын бири — жаркын жана көп кырдуу ишкер аял Нишана Жееналиева. Ал буфет жана чакан ашкананын ээси.

“Чыгармачылык бардык жерде”

Биздин каарман чексиз энергияга жана таанып-билүүгө болгон каалоого ээ. Ал өз ишин ийгиликтүү жүргүзүп, кызыкчылыктар боюнча ар кандай топторго катышып, уулун тарбиялап келет. Анын күнүмдүк жашоосунда искусствого да орун бар: Нишана сүрөт тартат, пианино ойнойт, ишкерлер жана активдүү адамдардын клубуна мүчө. Бул клубдун сынагынан шыктануу менен ал буфет ачкан, андан кийин сахнага чыгууга бел байлаган.

“Шектенүүгө орун жок”

Спектаклге катышуу чакыруусун ал бир да мүнөт ойлонбостон кабыл алган. Чыгармачылык чөйрө ага ар дайым жакын болгон: мурун ал театрда директордун орун басары болуп иштеген жана чыгармачылык демилгелерге активдүү катышкан.

“Мен ар дайым чыгармачылыкка орун издеп келгем, бул инклюзивдик спектакль долбоору мыкты мүмкүнчүлүк болду”, — деп бөлүшөт Нишана.

Өз күчүнө шек саноо ага мүнөздүү эмес. “Мени апам ушундай тарбиялаган. Ал ар дайым: ‘Сен кадимки адамсың, сен баарын кыла аласың, чектөөлөрүңө көңүл бурба. Аракет кыл, байкап көр, өзүңдү ач!’ — деп айтчу. Мен кадимки мектепте окугам, кадимки досторум бар эле. Мени эч ким өзгөчө караган эмес, ошондуктан өзүмө ишенбөө мүнөзүм дээрлик жок”, — дейт ал.

“Жаңы таанышуулар”

Репетициялар Нишана үчүн чоң шыктандыруу булагына айланган. Ал эң көп жактырганы — катышуучулар жана режиссёр менен өз ара аракеттенүүнүн атмосферасы экенин айтат. “Ар бир кыз уникалдуу жана өзгөчө. Алар менен кайра-кайра баарлашкың келет”, — деп белгилейт ал.

Ар түрдүү майыптыгы бар адамдар менен иштөө анын жаңы тажрыйбасы болуп калды: “Буга чейин мен башка түрдөгү майыптыгы бар адамдар менен дээрлик байланышта болгон эмесмин. Бул мен үчүн жаңы тажрыйба, жана алардын арасында өзүмдү абдан ыңгайлуу сездим. Биз баарыбыз бирдей ыргактабыз”.

Катышуучулар тараптан гана эмес, режиссёрдун да колдоосу сезилип турат. “Ал абдан акылдуу жана сонун идеяны сунуштады. Ал бизге көзүбүздү жаап, көрбөй кыймыл аракет жасап көрүүнү айтты. Бул коркунучтуу, бирок сенсордук майыптыгы бар адамдарды түшүнүүгө чоң жардам берди. Анан кулагыбызды жаап, сүйлөшүүгө аракет кылдык. Бул машыгуулар бизди жакындатып, бир ыргака үндөштүрдү”

“Күч жана шыктануу булагы”

Күн сайын иши менен алек болгон ишкер айым үчүн инклюзивдик спектакль эмоциялык жеңилдик алуунун жолу болуп калган. “Бизнес жүргүзүү оңой эмес. Бул ар дайым стресс жана жоопкерчилик. Театр мен үчүн эс алуучу жай болуп калды. Бул жерде мен өзүмдү таптым”, — дейт ал.

Чечим кабыл алып, башкарууга көнгөн Нишана сахнада өзгөчө эркиндикти сезет. “Мага сахнада болуу жагат. Толгон көрүүчүлөрдү көргөндө кандай сезимдер болоорун билбеймин, бирок актриса болуу жагат. Мен ‘ролду ойноону’ эмес, маанилүү нерселерди айтып жана көрсөтүүнү каалайм. Бул башкаларга өз жашоомду, сезимдеримди көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу абдан сонун”, — деп бөлүшөт ал.

“Негизги чакырык: коркпогула”

Каарманыбыз спектаклге катышуу — өзү үчүн гана ачылуу эмес, көрүүчүлөргө да маанилүү билдирүү жеткирүү мүмкүнчүлүгү экенине ишенет. “Өзүңөрдү  көрсөтүүдөн коркпогула, өнүгүүдөн коркпогула. Өз ишиңерди ачкыла, сахнага чыккыла, пианинодо ойногонду үйрөнгүлө, театрга катышкыла! Билбесеңер да аракет кылгыла. Чектөө жок, бардык чектөө биздин башыбызда. Менин досторум бар, алар дайыма жардамга даяр. Ар бир адамдын жанында аны колдогон бирөө бар деп ишенем. Негизгиси — аракет кылуу жана эч нерседен коркпоо!”

Ал көрүүчүлөр спектаклди көрүп, эмнени сезишин каалайсыз деп сурашканда, анын жообу жөнөкөй: “Мен алар биздин алардай эле экенибизди түшүнүшсө дейм. Биз менен баарлашуу кызыктуу, бизге алар менен баарлашуу кызыктуу. Биздин кыялдарыбыз, каалоолорубуз жана умтулуубуз бирдей.”

Нишана эч качан өзүн чектелүү сезбегенин, бирок башка майыптыгы бар адамдар ар кандай кыйынчылыктарга туш болорун жакшы билерин баса белгилейт. “Мен ар дайым коом менен аралашып жүрөм, бирок мен көптөгөн адамдар үчүн бул оор экенин билем. Көрүүчүлөр муну көрүп, түшүнүшсө дейм.”

Ал театрдык долбоорлорго катышууну уланткысы келерин мойнуна алат. “Мен дагы сахнага чыккым келет. Өз чыгармачылыгымды жана ички таланттарымды кайра-кайра ачкым келет”, — дейт ал.

Анын ою боюнча, майыптыгы бар адамдар өз таланттарын ачып бере алышы үчүн, аларды баштапкы этаптарда колдоо абдан маанилүү. “Менин апам мени ар дайым колдогон жана: ‘Сен кыла аласың, алдыга жыл, аракет кыл’, — деп айтып турган. Мен да баарына ушуну айткым келет.”

Инклюзивдик театр биздин каарман үчүн чектөөлөр жоголуп, жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылган жер болуп калды.

Инклюзивдик спектакль “Шире-Шери-не” БУУӨПтүн колдоосу менен 2024-жылдын 15-ноябрынан 10-декабрына чейин өткөн гендердик зомбулукту жоюу боюнча 16 күндүк активдүүлүк кампаниясынын (EVAWG) жана Майыптыгы бар адамдардын эл аралык ар күнүнө (3-декабрь) карата гендер жана майыптык боюнча коштолгон дискриминацияга каршы туруу максатында уюштурулган.