Жүрөк-кан тамыр оорулары (ЖКТ оорулары) Кыргызстанда өлүмдүн себептеринин арасында дайыма биринчи орунда болгон. Ал эми 2020-жылы расмий статистика көрсөткөндөй, жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдүн саны дагы 19%га көбөйгөн. Дарыгерлер көйгөйдүн курчушун коронавирустун пандемиясы менен байланыштырууда.
Дарыгерлер кошумчалашкандай, жүрөк-кан тамыр оорулары өзү COVID-19 жугуу коркунучун жогорулатпайт. Бирок эгерде жуктуруп алган болсо, анда оорунун андан да катуу түрүндө өтүү коркунучу жогору.
Жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган адамдарды дарылоодо эң чоң көйгөй - бул ата мекендик медицинанын абалы. Бейтаптар текшерүү жана дарылануу үчүн борборго барууга аракет кылышат, бирок бул акча жана убакыт жагынан кымбат болгондуктан баарынын эле мүмкүнчүлүгү боло бербейт.
Мисалы, дээрлик 300 миң калкы бар Өзгөн районунда акыркы мезгилге чейин сапаттуу кардио дартты аныктоодон өтүүгө жана адистерден кеңеш алууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Үч жыл мурун, апыртмасыз, жергиликтүү дарыгерлер жана бейтаптар үчүн олуттуу окуя болгон – районго диагноз коюу үчүн бир нече мүнөттүн ичинде жүз пайыздык көрсөткүчтөрдү берген заманбап кардиометр тапшырылган. Бул жабдуу БУУӨП «Ош облусунун интеграциялап өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен келген.
«Бул мындайча иштейт: пациентке электроддорду коебуз, аппарат планшетке туташат жана ал реалдуу убакытта маалыматты Ош облустар аралык аймактык ооруканасынын Борбордук серверинин системасына жөнөтөт. Дароо эле дарыгердин планшетине диагнозу жана башка керектүү маалымат келет. Зарыл болгондо жана сейрек учурларда дарыгер бейтап менен Ош облусунун облустар аралык аймактык ооруканасынын кардиологиялык борборунун адисин байланыштырат жана бейтаптын медициналык тарыхы менен таанышуу үчүн бөлүшөт», - дейт Өзгөн районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунун (ЖДПБ) реаниматологу Дамир Ниязакун уулу.
Ошентип, жергиликтүү дарыгерлер туура эмес диагноз коюу жана туура эмес дарылоо коркунучун азайтууу үчүн бул тармакта алдыңкы адистер менен маалымат алмашышат. Андан да маанилүүсү, аппарат жүрөк-кан тамыр ооруларын алгачкы этапта аныктоого жардам берет. Адам оорунун бар экенин билбеши мүмкүн, бирок аны дарылоону баштоо зарыл.
«Кардиометр жүрөктүн иштешиндеги бардык өзгөрүүлөрдү аныктайт», - деп ЖДПБнын медайымдык иштери боюнча орун басары Гүлзада Нуржанова кошумчалайт. Чакан чемодан түрүндөгү кардиометрди пациенттин дартын аныктоо талап кылынган бардык жерде колдонсо болот.
Биринчи жылы эле өз убагында диагноз коюу, оору мындан ары күчөбөш үчүн, 34 бейтапка жашоо мүнөзүн жана медикаментоздук колдоону өзгөртүүгө жардам берген. Бул убакыттын ичинде бир нече миң адам текшерүүдөн өттү.
Дарыгерлер жаңы кардиометрдин натыйжалуулугун дароо баалашты. 2018 -жылдын май айында улгайган адам аларга жүрөк тушундагы ооруга даттанып кайрылган. Өзгөндөгү кардиолог тартылган кардиограмма боюнча Оштогу адистен онлайн-кеңеш алды. Бейтап тез арада аймактык ооруканага жаткырылып, стент коюу операциясы жасалган. Көп өтпөй ал адам калыбына келе баштады. Жабдуулар, албетте, көптөгөн бейтаптардын өмүрүн сактап калууга жардам берет, оорулуу адамдардын убактысын үнөмдөйт жана жол кире акысын азайтат.
«Жүрөк-кан тамыр оорулары социалдык-экономикалык факторлорго жана аз кыймылдуу жашоо мүнөзүнө байланыштуу «жашарып» баратат. Оорулар тукум кууган генетикалык факторлор да бар. Ооруларды убагында аныктап, дарылоо керек», - дейт реаниматолог Дамир Ниязакун уулу.
Кардиометр менен бирге ооруканага дефибриллятор тапшырылган. Ал өзгөчө учурларда, жүрөк токтоп калганда колдонулат. Бул адамды куткарып калуунун акыркы үмүтү. Оорулууга миллисекунддук 200 джоулга чейинки электр тогу берилет, бул жүрөктү кайра согуп баштаганга түрткү бериш керек.
«Биз бир нече жолу бейтаптарды куткардык. Бирок алдын алуу жана өз убагында дарылоо, албетте, алда канча натыйжалуу. Мындан тышкары, эми Өзгөн тургундарына сапаттуу диагноз алуу үчүн Ошко же Бишкекке баруунун кажети жок», - дейт Ниязакун уулу.
Аймактык ооруканаларды ушундай жөнөкөй жана натыйжалуу приборлор жана жабдуулар менен камсыз кылуу – өлкөнүн саламаттыгын сактоодогу эң маанилүү маселе болуп саналат. Бул ыкма чоң инвестицияларды талап кылбайт, бирок бул калкка жардам берүү деңгээлин көрүнүктүү бийиктикке көтөрүүгө жардам берет. Азырынча бул багытта донордук уюмдар гана иштеп жатышат.
Маалымат үчүн: 2018-жылдын башында БУУӨПтүн «Ош облусунун интеграциялап өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Россиянын каржылык колдоосу менен Кара-Кулжа, Өзгөн жана Ноокат райондорунун 10 саламаттык сактоо уюмдарына жалпы суммасы 3,3 млн түзгөн автоматтык чечмелөө (ЭКГ) функциясы жана тышкы дефибрилляторлору (АНД) бар электрокардиографиялык аппараттардын топтому өткөрүлгөн. Алар жүрөк-кан тамыр ооруларын аныктоого багытталган. Мына эми, үч жылдан бери алыскы жана жетүүгө кыйын болгон айылдардын дарыгерлери аларды бейтаптардын жүрөгүн текшерүү үчүн жана кеңеш берүү үчүн колдонушат. Жалпысынан Ош облусунун 221 миң тургуну үчүн медициналык тейлөөнүн сапаты жакшыртылды.