ШИРЕ-ШЕРИНЕ: Майыптыгы бар аялдардын күчүн жана лидерлигин көрсөткөн инклюзивдик театралдаштырылган спектакль

2024-ж., 4-December
a person posing for the camera

Ирина Быховая, cпектаклдин каармандарынын бири.

БУУӨП / Кыргызстан

2024-жылдын 10-декабрында Бишкектеги Арсен Умуралиев атындагы шаардык драмалык театрда Кыргызстанда биринчи жолу инклюзивдик спектакль болот. Ага 12 майыптыгы бар кыздар жана аялдар катышат. Ар бир катышуучу майыатыгы жана жынысы боюнча дискриминацияга каршы күрөшүүгө байланыштуу жеке окуясы менен бөлүшөт. Спектакль «Аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы активдүү аракеттердин 16 күнү» (25-ноябрдан 10-декабрга чейин) жана Эл аралык майыптыгы бар адамдардын күнүнө (3-декабрь) арналган.

Спектаклдин каармандарынын бири — Ирина Быховая. Ирина укпайт, бирок бул ага активдүү жана шыктуу болууга эч качан тоскоол болгон эмес. Күндөлүк турмушунда ал япон ресторанында иштейт, SMM-адис болууга окуп жатат жана баласын тарбиялайт.

 

Театр анын өзүн көрсөтө турган жана ар кандай майыптыгы бар адамдардын сезимдерин түшүнүүчү жайга айланды. Ирина спектаклге катышуу ага сахнага чыгууга гана эмес, башка чектөөлөр менен жашаган адамдарды жакшыраак түшүнүүгө жардам бергенин бөлүштү:
«Биз көрбөй жана укпай иштөөгө аракет кылдык. Биз корктук, бирок бири-бирибизди түшүнүү үчүн маанилүү болду» — деди ал.

Репетициялар дайым  эле жеңил боло берген жок: «Режиссёрдун мүнөзү катуу, бирок бизге абдан жардам берди. Ал кыймылдарды, эмоцияларды кандай көрсөтүүнү жана мимика менен кантип иштөөнү түшүндүрдү», — деп эскерет Ирина. Жамаат бара-бара жаңсоолорду, пантомиманы жана бири-бирин колдоо аркылуу тил табыша баштады. «Башында бири-бирибизди түшүнчү эмеспиз, бирок кийин сүйлөшүүнү үйрөндүк. Азыр биз дос болуп, бири-бирибизге жардам берип жатабыз», — дейт Ирина.

 

Иринанын пикиринде, мындай долбоорлор катышуучуларга гана эмес, бүткүл коомго жардам берет:
«Көп учурда адамдар майыптыгы бар адамдарды көрбөйт. Бул спектакль биз бар экенибизди, толук кандуу жашап, иштеп, достошуп, окуп, чыгармачылык менен алектене аларыбызды көрсөтүүгө жардам берет», — дейт ал.

Ирина үчүн театр жаңы кыялдарга кадам таштоо болуп калды. Ал ушундай долбоорлорго катышууну уланткысы келет жана Кыргызстанда мимика жана жаңсоо театры түзүлсө деп кыялданат: «Бул угуу мүмкүнчүлүгү жок адамдарга талантын ачып, өз жөндөмдөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет эле», — деп бөлүштү ал.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы бул спектаклди коомдун майыптыгы бар  адамдарга болгон мамилесин өзгөртүү жана аялдардын күнүмдүк жашоосундагы тоскоолдуктарды жоюу максатында колдоду. Театрдык спектакль — бул социалдык өзгөрүүнүн тили, өзүн-өзү басынтуудан арылуу жана өлкөбүздөгү майыптыгы бар  адамдарга карата коомдук стереотиптерди бузуу мүмкүнчүлүгү.

a person standing in front of a theatre curtain

«Бул спектакль биз бар экенибизди, толук кандуу жашап, иштеп, достошуп, окуп, чыгармачылык менен алектене аларыбызды көрсөтүүгө жардам берет.»