Кыргызстанда егерлер үчүн биринчи жолу окуу модулу иштелип чыкты

2020-ж., 1-December

Тренингдин катышуучулары Сарычат-Ээрташ коругунун аймагындагы аркарлардын визуалдык эсебин жүргүзүүдө. Сүрөт: Мирлан Дыйканбаев / БУУӨП Кыргызстан

Өлкөнүн коруктарынын жана жаратылыш парктарынын 180ге жакын кызматкерлерине жаңы адистештирилген курс аркылуу билимин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Натыйжада, Батыш Тянь-Шандын 7 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын - Кан-Ачуу, Алатай, Саймалуу-Таш, Падыш-Ата, Беш-Арал, Сары-Челек жана Дашмандын өкүлдөрү экологиялык маселелер боюнча ар тараптуу окуулардан өтүштү.

КЧКТЧМАнын Биоартүрдүүлүктү сактоо жана корголуучу аймактар ​​департаментинин директору Алмаз Мусаев презентация учурунда. Сүрөт: Мирлан Дыйканбаев / БУУӨП Кыргызстан

“Бул тренингдер өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын кызматкерлеринин ишине тиешелүү тармактарды бир окуу планына бириктирүүнүн алгачкы аракети. Егерлердин дараметин жогорулатуу, алардын теориялык жана практикалык жактан даярдыгын күчөтүү – бүгүнкү күндө өтө курч турат. Ошондуктан, биз ушул билим берүү курсунун негизинде атайын модулдарды иштеп чыгып, андан кийин атайын орто окуу жайларынын окуу пландарына киргизүүнү пландаштырып жатабыз. Ошентип, биз өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын кызматкерлеринин квалификациясын такай жогорулатып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз», - деди Алмаз Мусаев, Биоартүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын департаментинин директору.

Саламат Жумабаева, Camp Alatoo Consulting, презентация учурунда. Сүрөт: Мирлан Дыйканбаев /БУУӨП Кыргызстан

Жыл ичинде февраль-ноябрь айларында ар кандай жаратылышты коргоо темасындагы 5 тренинг жана 2 тажрыйба алмашуу сапарлары өткөрүлдү. Тренингдер теориялык даярдыктан тышкары, биринчи кезекте, ушул жааттагы практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүүгө багытталган. Ушул максатта Сары-Челек, Сарычат-Ээрташ, Салкын-Төр, Каратал-Жапырык жана Нарын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына сапарлар уюштурулган. Тренингдин катышуучуларына жапайы жаныбарлардын эсебин туура жүргүзүү, картографиялык материалдар менен иштөө, GPS-навигатордун жардамы менен координаттарды эсептөө, жайыттардын абалын аныктоо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында башкаруунун натыйжалуулугун баалоо ж.б. боюнча окуулар өттү.

Окуу модулу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, БУУӨП жана Кэмп Алатоо Консалтингдин биргелешкен ишинин натыйжасы болуп саналат. Ага "Корголуучу аймактардын тутумунда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун негиздери", "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруу", "Өзгөчө корголуучу аймактарда егерлердин ишмердүүлүгү жана айлана чөйрөнү коргоо", "Корголуучу аймактардагы мониторинг жана изилдөө иштери" жана "Ресурстарды туруктуу башкаруу жана пайдалануу" сыяктуу программалар кирет. Окуу модулдарынын өзгөчөлүгү – алар кыргыз жана орус тилдеринде иштелип чыккандыгы жана жалпы корголуучу жаратылыш аймактарынын өкүлдөрүн андан ары окутууда колдонууга болот.

БУУӨП/ГЭФ долбоорунун координатору Миргүл Аманалиева презентация учурунда. Сүрөт: Мирлан Дыйканбаев / БУУӨП Кыргызстан

Алдыда окуу модулун мындан ары өркүндөтүү жана толуктоо пландары бар. Кийинки жылы, ушул тренингдердин онлайн-курсун иштеп чыгуу пландаштырылууда, ал практикалык тапшырмалар жана видео сабактар ​​менен толукталмакчы. Ошондо ар бир егерь үйүнөн чыкпай, теориялык билим алып, контролдук суроолорго жооп берип, курстун жыйынтыгы менен атайын сертификатка ээ болушат.

Бул окуу курсу БУУӨП/ГЭФ “Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо” долбоорунун алкагында иштелип чыкты жана өткөрүлдү. Долбоордун негизги максаты – уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биоартүрдүүлүктү сактоо, сейрек жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн түрлөрүн коргоого жардам көргөзүү болуп саналат. Долбоор Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жатат. Долбоор тууралуу кененирээк шилтемеде.

Батыш Тянь-Шань жөнүндө

Батыш Тянь-Шань эндемизмдин жогорку деңгээли жана бай флора жана фауна менен айырмаланган тоо системасы. Регион ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурасынын тизмесине кирет, биоартүрдүүлүктүн 34 глобалдык Олуттуу жерлеринин бири (Biodiversity Hotspots) жана Жапайы жаратылыштын Дүйнөлүк фондунун версиясы (WWF) боюнча Global 200 дүйнөлүк экорегиондордун рейтингине киргизилген. Батыш Тянь-Шандын аймагында жок болуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын 27 түрү байыр алган жана өсүмдүктөрдүн Кызыл китепке кирген 54 түрү өсөт.