ЕБ-БУУнун "Теӊдик Нуру" демилгеси аялдардын эң актуалдуу укуктук маселелери боюнча юрист-боттун функцияларын кеңейтти

2021-ж., 12-December

Фатима Якупбаева

Бишкек, 2021-жылдын 10-декабры – Европа Биримдиги менен БУУнун “Теӊдик Нуру” демилгесинин алкагында БУУӨП адвокат Фатима Якупбаева менен биргеликте үй-бүлөлүк укуктук маселелери: ажырашуу, мүлктү бөлүштүрүү жана аталыкты аныктоо сыяктуу боюнча функционалы кеӊейтилген “Милдет Бот” Телеграм ботунун жаңыланган версиясын ишке киргизди.

«Милдет Бот» – 2020-жылы түзүлгөн Кыргызстандагы биринчи виртуалдык юрист-бот, ал жарандарга онлайн кеңеш берип, ал тургай керектүү документтерди түзө алат. Ал алимент өндүрүү, жеке ишкердикти каттоо, салык режимдери, эмгек боюнча талаш-тартыштары жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча негизги кеңештерди берет. Буга кошумча, колдонуучу менен болгон диалогдун жыйынтыгы боюнча ал алиментти өндүрүп алуу, тил кат жана ЖЧК түзүү жөнүндө арыз түзө алат.

БУУӨП менен өнөктөштүктө ишке ашкан үй-бүлөлүк укуктун функцияларын кеңейтүү аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого багытталган.

Буга чейин бот тогуз юридикалык маселе боюнча консультация берип келсе, эми болсо аталыкты аныктоо жөнүндө арызды жана сот аракетсиздиги жөнүндө арызды түзүүгө жардам бере алат, бул алимент өндүрүүдө кыйынчылыктарга туш болгон аялдар үчүн чоӊ мааниге ээ. Бот ажырашуу арызын жазуу жана мүлк-мурасты бөлүштүрүү боюнча кеңеш берет. Дагы бир жаңылык – кыргыз жана орус версияларынан тышкары өзбек тилиндеги боттун ишке киргизилиши өлкөнүн түштүк аймактарында аудиториясын кеңейтмекчи.

«Боттун максаты – юридикалык жардамды баарына жеткиликтүү кылуу. Практика көрсөткөндөй, көптөгөн аялдар алимент өндүрүү жөнүндө соттун чечимин алып, анын аткарылышына жетише алышпайт. Боттун кеӊейтилиши ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Эми колдонуучулар бир нече мүнөттөн кийин сапаттуу кеңештерди жана зарыл болгон учурда сотко кайрылууга арызды ала алышат», - деп белгиледи «Милдет Боттун” ботунун автору Фатима Якупбаева.

Белгилей кетчү нерсе, алимент төлөө боюнча системдик көйгөйлөрдөн аялдар көбүнчө жабыр тартып келет, анткени бардык учурлардын 92%ында аялдар алимент өндүрүү, бала багуу жана тарбиялоо менен алектенет.  БУУӨПтүн изилдөөсүнө ылайык, 2020-жылдын аягына карата өлкөдө жашы жете элек балдарга алимент төлөө боюнча 47,351 буйрук чыккан. Алимент боюнча карызы барлардын 92%ын эркектер, 8%ын аялдар түзөт.

ЕБ-БУУ «Теңдик Нуру» демилгеси жөнүндө

2020-жылдын январында Европа Биримдиги, Бириккен Улуттар Уюму Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен биргеликте кыздар жана аялдарга карата бардык дискриминация түрлөрүн жоюу боюнча глобалдык “Теӊдик нуру” демилгесинин алкагында көп жылдык программаны баштаган.

Программанын максаты – Кыргызстандагы бардык аялдар жана кыздардын, анын ичинде эӊ аярлуу топтордун эрте никеге туруу жана ала-качуу сыяктуу зомбулуктуу жана зыяндуу практикалардан арылып, эркин жашоосун камсыз кылуу.  Программа саясат жана мыйзам, институттарды бекемдөө, зордук-зомбулуктун алдын-алуу, зомбулукка кабылгандарга кызмат көрсөтүү, сапаттуу маалымат топтоо, аялдар кыймылын жана жарандык коомду колдоодон турган интеграцияланган интервенциялардан турат. Программа БУУнун беш агенттиги (БУУ Аялдар, ЮНФПА, БУУӨП, ЮНИСЕФ жана УНП) тарабынан ишке ашырылып, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Туруктуу Координаторунун жалпы лидерлиги алдында жүргүзүлүүдө.

ММК үчүн байланыштар

Чынтемир Калбаев

БУУӨПтүн коммуникация боюнча жардамчысы

Chyntemir.kalbaev@undp.org

+996775767605