Кызыл китепке киргизилген жүзүмдү сактоо кандайча жүрүүдө

2020-ж., 11-December

Узунакмат жүзүмү. Фото: Сардарбек Момуналиев / ПРООН Кыргызстан

Узунакмат жүзүмү өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жоголуп бара жаткан түркүмү катары өлкөнүн Кызыл китебине киргизилген. Бул өсүмдүктү Батыш Тянь-Шань тоо кыркаларынан тышкары дүйнөнүн бир дагы жеринен табууга мүмкүн эместиги анын уникалдуулугу болуп саналат. Ушундай өзгөчө эндемик макамына ээ болгон өсүмдүк адамдардын зыяндуу таасиринен кутула алган жок. Аймактарды тездик менен өздөштүрүүнүн жана бутактарды сындырып, зыянкечтик менен мөмөлөрүн терүүдөн улам жүзүмзарлардын аянты кыйла азайып кетти.

Ошентсе да, Токтогул районунун Актектир айылынын активисттеринин аракети менен Узунакмат жүзүмүнө бүгүнкү күндө экинчи өмүр берилип жатат десе болот. “Келечек” жамаатынын лидери Акмат Чаловдун сөзүнө караганда, «90-жылдардын экинчи жарымында көпчүлүк бак-дарактар кыйылууга дуушар болгон. Адамдарга жашоо-шарттын оордугунан улам жакын жайгашкан токойлорду кыйып, отун катары колдонууга туура келген. Анткен менен бак-дарактарды кыюу иши ушуну менен гана чектелип калган жок. Аймакта чөп өстүрүү максатында кыйылган бак-дарактардын дүмүрлөрүн өрттөп, жок кыла башташкан, натыйжада токойдун 99% толугу менен күйүп кеткен”.  

Мындагы экоактивисттер бул маселени көтөрүп чыгып, жергиликтүү флораны сактап калуу максатында атайын жамаат уюштурушкан жана аны “Келечек” деп аташкан. Бүгүнкү күндө жамаат 20 сотка болгон аянтты демонстрациялык тилкеге айландырып, бул жерге аталган Кызыл китепке киргизилген жүзүмдүн 500дөн ашуун көчөтүн отургузушкан. Ал гана эмес өздөрүнүн питомнигинде жүзүмдүн 150 көчөтүн өстүрүп, жүзүм өстүрүү жана аянтын көбөйтүү, ошондой эле мектеп окуучуларынын экологиялык билим алуусу үчүн айыл өкмөтү менен жергиликтүү мектептерге сунушталууда.

БУУӨП Кызыл китепке кирген жүзүмдү өстүрүүгө керектүү курулуш материалдарын берди. Фото: Сардарбек Момуналиев / ПРООН Кыргызстан

«Жүзүм өстүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн ага өсүүгө кенен аянт, жетиштүү жарык, суу жана, албетте, лиана чырмалып өсүшү үчүн таяныч же шпалералар керек болот. Бул – жүзүм шиңгилинин салаңдап калышына жол бербей турган, жалбырактары менен мөмөлөрү табигый түрдө желдеп турушун камсыздаган жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга көмөктөшкөн атайын түзүлүш болуп саналат. Жамаатыбыз БУУӨПкө кайрылып, долбоор шпалераларды даярдоо үчүн материалдарды сатып алууга жардам берди. Быйыл биз ансыз жүзүмдү өстүрүүнү улантуу өтө оор боло тургандыгына ынанган болчубуз», - дейт Акмат Чалов.

"Келечек" жамаатынын лидери Акмат Чалов курулуш материалдарын кабыл алуу учуру. Фото: Сардарбек Момуналиев / ПРООН Кыргызстан

БУУӨП/ГЭФ долбоорунун алкагында Узунакмат жүзүмүн өстүрүү үчүн шпалераларды даярдоого жана орнотууга материалдар сатып алынган. Экоактивисттер ушул түзүлүштү пайдалануу менен жоголуп бараткан жүзүмдүн түрүн өстүрүү, көбөйтүү жана андан ары жайылтуу жеңилирээк боло тургандыгына ишенишет. «Келечек» жалпысынан токой жана жайыт фондунун 28 гектар жерин жоголуп бараткан токой өсүмдүктөрүн калыбына келтирүү үчүн ижарага алган. Жамаат бак-дарактын айрым түрлөрү менен катар эле дагы бир жоголуп бара жаткан түрдү – Кызыл жалбырактуу алманы да өстүрөт. Ал тууралуу Кызыл китепте «абдан сейрек кездешүүчү, эндемикалык, жоголуп бара жаткан түркүм, саны аз жана селекция үчүн абдан баалуу» деп жазылган. Ушундай жол менен Токтогул районунун активисттери Батыш Тянь-Шандын биоартүрдүүлүгүн сактап калуу үчүн күрөшүүдө.

БУУӨП/ГЭФ “Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо” долбоорунун негизги максаты - уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биоартүрдүүлүктү сактоо, сейрек жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн түрлөрүн коргоого жардам көргөзүү болуп саналат. Долбоор Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жатат. Долбоор тууралуу кененирээк шилтемеде.

Батыш Тянь-Шань жөнүндө

Батыш Тянь-Шань эндемизмдин жогорку деңгээли жана бай флора жана фауна менен айырмаланган тоо системасы. Регион ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурасынын тизмесине кирет, биоартүрдүүлүктүн 34 глобалдык Олуттуу жерлеринин бири (Biodiversity Hotspots) жана Жапайы жаратылыштын Дүйнөлүк фондунун версиясы (WWF) боюнча Global 200 Дүйнөлүк экорегиондордун рейтингине киргизилген. Батыш Тянь-Шандын аймагында жок болуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын 27 түрү байыр алган жана өсүмдүктөрдүн Кызыл китепке кирген 54 түрү өсөт.