Чаткал районуна 822500 сом өлчөмүндөгү коопту калдык сактоочу жайлардын терс таасиринен коргоочу шаймандар ыйгарылды

2021-ж., 12-March

Фото: БУУӨП Кыргызстан.

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Табигый кырсыктар тобокелчилигин башкаруу программасы тарабынан Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айылында жашаган жергиликтүү калкка 822500 сом жалпы суммага коргоочу шаймандар тапшырылды.

Бул иш чара Швециянын Эл Аралык өнүктүрүү кызматташтык агенттиги тарабынан каржыланып «Уран калдыктары менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу боюнча коомчулуктун потенциалын өркүндөтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Сумсар айылы Жалал-Абад шаарынын облустук борборунан 248км алыстыкта жайгашкан. Калктын 6427 саны жалпы массасы 4.5 миллион тонна болгон коргошун цинк кенинин калдыктары менен курчалган жерде жашайт.

Айткул Рысбеков, Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы белгилеп өттү: «Белекке берилген беткаптар, коргоочу шаймандар, аптечкалар өтө кооптуу калдык сактоочу жайлардын жакындыгынан улам, тобокелдикке кабылган үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлүп берилет, алар коомдук иштерди жүргүзүү учурунда терс таасирден коргоо боюнча колдонулат».

Жалпысынан 1951-жылдан 1978-жылга чейин коргошун цинк рудаларын казып алуу жана кайра иштетүү боюнча Сумсар кенинде 72 миң тонна коргошун жана 16 миң тонна цинк алынган.  Орточо алганда, бул металдардын 90% казылып алынган рудадан алынган, ал эми болжол менен 10% коргошун жана цинк Сумсар айылында жайгашкан үч калдык сактоочу жайга топтолгон таштандыларды кайра иштетүү менен аяктады. Сумсар айылындагы калдык сактоочу жайларда топтолгон таштандылар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик калдыктар инвентаризациясы боюнча кооптулуктун 4-категориясына кирет.

Сел жана суу ташкыны Сумсар дарыясынын жээгин бузуп өтөт, ал жерлерде жолдор, копүрөлөр, бакчалар жана жергиликтүү тургундардын огороддору жайгашкан. Суу алуучу курулмалар авариялык абалда, жана калктын көпчүлүк бөлүгү Сумсар дарыясынын кен таштанды жана улуу калдык сактоочу жайлардын астындагы бөлүгүндө суу ичишет.

Экологиялык абалды жакшыртуу жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу үчүн калк ашар ыкмасы менен коомдук жумуштарды аткарууга даяр, себеби жергиликтүү бюджеттен оңдоо жана авариялык калыбына келтирүү иштерине каражат каралган эмес.  Жергиликтүү тургундардын катышуусунда жүргүзүлө турган коомдук иштердин түрлөрү БУУӨП программасынын жана Орхус Борборунун кызматкерлери, айыл кеңешинин депутаттары жана айылдын активисттери менен биргеликте карталарды түзүүнун негизинде аныкталды.