Саламаттыкты сактоо ишмердүүлүгү ден соолукту коргоого жана калыбына келтирүүгө жана адамдардын өмүрүн сактап калууга багытталган. Бирок бул ишмердүүлүктөн келип чыккан таштандылар жана кошумча продуктылар менен эмне кылса болот? Суроо абдан олуттуу. Адамдарга жугуу, инфекциянын таралышы жана эпидемиянын пайда болуу коркунучтарын азайтуу үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту БУУӨП менен биргеликте медициналык калдыктарды башкаруу боюнча видеокурс иштеп чыккан.
Саламаттыкты сактоо уюмдарынан чыккан таштандылар менен байланышкан ден соолукка коркунуч жөнүндө маалыматтын жоктугу, таштандыларды туура иштетүү жана утилдештирүү боюнча жетишсиз даярдык, тазалоо жана утилдештирүү системасынын жоктугу, финансылык жана адам ресурстарынын жетишсиздиги жана бул маселелерге артыкчылык берилбегендиги эң кеңири таралган көйгөйлөр болуп саналат. Көптөгөн өлкөлөрдө тиешелүү ченемдик эрежелер жок же аткарылбайт.
Кыргызстандагы кырдаал боюнча суроолорго инфекцияны көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борборунун жана «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин эпидемиологу Асель Каныметова жооп берди.
- Биздин өлкөдө бул тармактагы негизги көйгөйлөр кайсылар?
- Биз бул маселе боюнча 20 жылдан бери иштеп келе жатабыз. Бул убакыттын ичинде көп нерсени көрдүк. Мисалы, бул сегментти 10-15 жыл тейлеген жана сорттолбогон медициналык таштандыларга хлор куйган астмасы оор болгон медайымдар жана санитаркалар болгон. Албетте, оору бул зыяндуу иштин натыйжасы. Анатомиялык таштандылар төгүлгөн ооруканалардын короолорундагы чуңкурларды да, ал чуңкурларды казып жаткан иттерди да көрдүк.
Биз таштанды жайларда медициналык таштандылар күйүп жаткан пластик контейнерлерди көрдүк. Ошондой эле таштандылар түз эле оорукананын аймагында өрттөлгөн учурлар да болгон. Таштандыларды өрттөө кеңири колдонулат, бирок туура эмес өрттөө же ылайыксыз материалдарды өрттөө атмосферага булгоочу заттардын чыгышына жана күлдүн калдыктарынын пайда болушуна алып келет. Хлорду камтыган же хлор менен иштетилген күйүү материалдары диоксиндерди жана фурандарды түзүшү мүмкүн, алар адамдардын организмдери үчүн канцерогендүү жана ден соолукка терс таасирин тийгизет. Металлдын курамы жогору болгон материалдардын күйүшү (өзгөчө коргошун, сымап жана кадмий) уулуу металл бууларын бөлүп чыгарат.
- Өзгөрүүлөр болуп жатабы?
- Учурда айрым көйгөйлөр чечилди. Мисалы, таштандылар классификацияланып, бөлүнүп, сорттолуп жатат. Көптөгөн алгоритмдер өзгөрдү. Саламаттыкты сактоо уюмдарында медициналык калдыктарды дезинфекциялоо үчүн алар химиялык эмес, физикалык ыкманы колдоно башташты, башкача айтканда, басым астында нымдуу жылуулук колдонулган автоклавдарды колдонуу. Бул ыкма медициналык таштандылар менен түз байланышта болгон медициналык кызматкерлер үчүн да, айлана-чөйрө үчүн да коопсуз. Медициналык таштандыларды автоклавтоо медициналык уюмдарга шприцтердин пластикалык бөлүгүн кайра иштетүүгө, ал тургай андан акча табууга мүмкүндүк берди. Бул чоң жылыш.
Бирок коркунучтар жана чечүүгө зарыл болгон маселелер дагы деле жетиштүү. Сымап камтылган материалдарды жок кылуу системасы толук чечиле элек. Дары-дармектерди жана вакциналарды утилдештирүү эми гана көзөмөлгө алынат. Алдыда дагы көп иштер бар.
- Биздин өлкөдө нормативдик-укуктук база кандай?
- Өлкөнүн Өкмөтүнүн 2012-жылы чыккан «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарындагы инфекциялык контролдоо боюнча нускамаларды бекитүү жөнүндө» №32 токтому бар. Анын негизинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо мекемелеринде инфекциялык көзөмөл боюнча нускамалар иштелип чыккан.
Андан кийин Саламаттык сактоо министрлигинин 18.02.2013 жылынан «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыткарды коопсуз башкарууну жакшыртуу жөнүндө» №59 буйругу чыккан. Бул медициналык калдыктарды башкарууну жөнгө салуучу биринчи нормативдик документ.
2018-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин «Кыргыз Республикасындагы Саламаттыкты сактоо уюмдарындагы медициналык таштандыларды башкаруунун (МТБ) стандарттык иштөө тартибин (СИТ) бекитүү жана саламаттыкты сактоо уюмдарындагы саламаттык сактоо таштандыларын мониторинг жана баалоо боюнча башкарма жөнүндө» №214 буйругу чыккан. Анда медициналык таштандыларды башкаруунун бүт системасы деталдуу түрдө сүрөттөлгөн: бөлүмдөрдөгү таштандылар менен иштөөнү уюштуруу, автоклавдардагы медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу жана өзгөчө кырдаалдардагы аракеттер.
2019-жылы өлкөнүн Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктар жана сымаптуу буюмдар менен иштөө боюнча маселелер жөнүндө» №719 токтомун чыгарган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин 17.07.2020 жылынан «Коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча эл аралык сунуштардын жана жергиликтүү ченемдик-методикалык документтердин негизинде мобилдик бригаданын ишин уюштуруунун стандарттык иштөө тартиби иштелип чыккан» №526 буйругунда Covid-19 пандемиясынын алкагында өзгөчө коркунучтуу медициналык таштандыларды башкаруу боюнча маселелер да козголгон.
Министрлик тарабынан 2018-жылы «Инфекциялык көзөмөл» практикалык колдонмосу бекитилген. Ал эми «Инфекциялык көзөмөлдүн алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена» колдонмосу 2021-жылдын июнь айында чыккан.
- Эмне үчүн медициналык таштандылар коркунучтуу?
- Саламаттыкты сактоо уюмдарынын таштандылары потенциалдуу жугуштуу болушу мүмкүн жана оорукананын бейтаптары, медициналык кызматкерлер жана башкалар жуктуруп алуучу коркунучтуу микроорганизмдерди камтышы мүмкүн. Инфекциянын башка мүмкүн болгон тобокелдиктерине саламаттыкты сактоо уюмдарынан дарыга туруктуу микроорганизмдердин айлана-чөйрөгө таралышы кирет. Таштандылар жана кошумча продуктылар менен байланышкан ден соолукка тийгизген терс таасирлери көп.
Бул курч-саюучу нерселерден келип чыккан инфекция жана жаракат алуу коркунучу; медициналык калдыктарды иштетүү же өрттөө учурунда фармацевтикалык продуктылардын, өзгөчө айлана-чөйрөгө чыгарылган антибиотиктер менен цитотоксикалык препараттардын жана сымап же диоксин сыяктуу заттардын уулуу таасири; дезинфекция, стерилизация же таштандыларды тазалоо учурунда химиялык күйүк; айлана-чөйрөнүн күйүү учурунда пайда болгон уулуу элементтер же компоненттер менен улануусу жана булганышы; ачык күйүүдөн жана медициналык калдыктарды өрттөөчү орнотуулардын иштешинен улам күйүк жаракаттары; радиация күйүгү. Зыян келтире турган дээрлик бардыгын зыяндуу деп айтууга болот.
- Врачтар үчүн кырдаалдын жакшы жакка тезирээк өзгөрүшүнө мүмкүндүк берген окутуу, методикалык колдонмолору барбы?
- Бар. Тобокелдиктерди азайтуу максатында Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту БУУӨП менен биргеликте медициналык калдыктарды башкаруу боюнча видеокурс иштеп чыккан.
Кошумчалай кетсем, биз медициналык таштандылар өзгөчө коркунучтуу деп эсептелбесе дагы, жоопкерчилик менен утилдештирүүнүн чоң муктаждыгын белгилейбиз. Медициналык кызматкерлерге медициналык таштандылардын категориялары жана аларды кантип утилдештирүү керектиги жөнүндө атайын жазылган видеокурсту колдонуу сунушталат. Анын үстүндө жогорку кесипкөй эксперттер иштешкен жана ал кандай болгон учурда да пайдалуу болот.
- Бул маселе сиздин божомолуңуз боюнча Кыргызстанда качан чечилет?
- Мындай маселелерде божомолдор – бул ырайымсыз иш. Бирок биз беш жылдан кийин олуттуу ийгиликтер жөнүндө сөз кылабыз деп үмүттөнөбүз. Бул аймакта көп иштер бар, бирок жолду баскан арбытат.
Медициналык таштандыларды утилдештирүү боюнча курсту БУУӨПтүн Youtube каналынан, https://www.youtube.com/user/UNDPKG дарегинен көрө аласыз. Белгилей кетсек, ал Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү Программасы менен биргеликте Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен иштелип чыккан.