БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясынын алдында жарандык коомдун, жеке сектордун жана жаштардын позициясынын презентациясы өттү

2021-ж., 29-September

Бүгүн «Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун Конференциясынын алдында жарандык коомдун, жеке сектордун жана жаштардын позициясынын презентациясы» онлайн-семинары болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы башка агенттиктеринин өкүлдөрү, климаттын өзгөрүүсү боюнча алдыңкы эксперттер, банктардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Онлайн семинардын максаты – жарандык коомдун (ӨЭУлар, жеке сектор жана жаштар) позициясын кеңири аудиторияга көрсөтүү. «Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун Конференциясынын алдында жарандык коомдун, жеке сектордун жана жаштардын позициясынын презентациясы» Улуу Британиянын өкмөтүнүн каржылоосу менен Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жүзөгө ашырган «Борбор Азияда климаттык коопсуздукту камсыздоо үчүн саясий аракеттерди көрүү» долбоорунун колдоому менен «Кыргызстандын Жашыл Альянсы», «ЮНИСОН Групп», «JIA» Бизнес Ассоциациясы жана «Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн» бейөкмөт уюму менен биргеликте уюштурулду.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт климаттын өзгөрүү реалдуулугу ачык экенин белгиледи: «Климаттын өзгөрүшү – бул бүткүл дүйнөнүн калкына тиешелүү көйгөй. А эгерде биз бүгүн чара көрбөсөк, бул климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине алып келет».

Өз кезегинде БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Климаттын өзгөрүшү жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Лира Жолдубаева климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Бүгүн биз жарандык сектордун, бизнестин жана жаштардын климаттын өзгөрүүсү боюнча позициясын талкуулап, өлкөнүн жалпы климаттык аракеттерин колдойбуз, анткени биз чогуу күчтүүбүз ".

Белгилей кетсек, Париж келишимине кол коюлган учурдан тартып (2015 -жыл) эң дымактуу жана маанилүү болгон БУУнун климат боюнча сүйлөшүүлөрү, дүйнө өлкөлөрү БУУнун Алкактык Конвенциясынын Тарапташтары Конференциясынын 26 -сессиясына катышууга даярданышууда. Климаттын өзгөрүшү боюнча конференция (КС-26 РКИК ООН) ушул жылдын ноябрь айында болмокчу.Тийиштүү аракеттер аркылуу ийгиликтүү жана инклюзивдүү сүйлөшүүлөрдү камсыз кылуу үчүн өкмөттөр жана коомдун ар кандай секторлору бул процесске активдүү катышуусу зарыл. Себеби бул Кыргызстанга да тиешелүү, Кыргызстандан өкүлдөр да четте калган жок жана коомдун бардык секторлору КС-26 конферециясындагы күн тартиби боюнча активдүү иштеп жатышат.

БУУнун Климаттын өзгөрүүсүнө арналган конференциясында ар бир катышуучу өлкө Париж келишиминин негизги элементи болгон жана анын узак мөөнөттүү максаттарына жетүүгө салым кошкон Улуттук дэаныкталган салымдарын (УДАС) сунушташат.

Биздин республикада өлкөнүн туруктуу жана тең салмактуу өнүгүүсүнө багытталган УДАС ушул жылдын 24 -сентябрында жаңыртылып кабыл алынган. Кырыгзстандагы УДАС Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Айлана -чөйрөнү коргоо жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин жалпы координациясынын астында ведомстволор аралык жумушчу топтун активдүү катышуусу менен, ошондой эле эксперттерди жана илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун өкүлдөрүн,жеке сектор жана жаштарды тартуу менен иштелип чыккан.

УДАСты өнүктүрүү процесси Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын “Климаттык ишеним” (Climate Promise) долбоору тарабынан активдүү колдоого алынат.

Өлкөнүн климаттык позициясы боюнча документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана глобалдык климат боюнча сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларына жөнөтүлөт жана кызыкдар тараптар өлкөнүн жана дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттери боюнча өз ойлорун билдиришти.

"2021-жылы боло турчу БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясына карата жарандык коомдун, жеке сектордун жана жаштардын позициясын билдирген презентациясы" аттуу онлайн семинардын видеосу: https://bit.ly/3EVQhnb

ЖМК үчүн байланыш:

Айнагүл Абдрахманова, Коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы +996775755776

Иш-чарадан көз ирмемдер