«Кыргыз жараны» Концепциясынын этностор аралык жана диний мамилелерге тийгизген таасири» аттуу социологиялык изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

2022-ж., 8-September

 

Бишкекте өткөн тегерек столдо “Кыргыз жараны” Концепциясынын этностор аралык жана диний мамилелерге тийгизген таасири” аттуу социологиялык изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктары талкууланды. Изилдөө “Кыргыз жараны” жалпы жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү боюнча Концепцияны ишке ашырууда сезимтал маселелерди аныктоого багытталган. Талкууга КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, бейөкмөт уюмдардын, БУУнун Кыргызстандагы агенттиктеринин өкүлдөрү, дин таануу жана социология чөйрөсүндөгү окумуштуулар катышты.

Изилдөө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Борбор Азияны изилдөө борбору тарабынан борбордун директорунун орун басары Закир Чотаевдин координациясы алдында жүргүзүлдү. Анын айтымында, иш кабинеттик жана талаа изилдөө форматында 10 пилоттук жерде жүргүзүлүп, жарандардын «Кыргыз жараны» Концепциясын ишке ашырууга карата кабылдоосун жана реакциясын, атап айтканда анын этностор аралык жана диний мамилелерге тийгизген таасирин аныктоо тапшырмасы менен жүргүзүлдү. Ошондой эле, конфликттердин сезимталдыгын талдоо, иш-чаралардын планын ишке ашыруу жана имплементация боюнча тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасы коюлган. Закир Чотаев белгилегендей: Иш өзүнө теориялык аспектилерди, чет өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын тажрыйбаларын талдоо боюнча кабинеттик изилдөөлөрдү камтыды. Ошондой эле ага фокус-топтор түрүндө социологиялык сурамжылоо жүргүзүү жана 10 пилоттук аймактагы жергиликтүү коомчулуктардын, этникалык жана диний топтордун ар кандай курактагы өкүлдөрү, анын ичинде жаштар жана аялдар менен интервью кирди”.

Кыргызстандын ар кайсы аймактарын камтуу үчүн тандалып алынган 10 пилоттук аймак:

1. Бишкек шаары

2. Токмок шаары

3. Кара-Балта шаары

4. Ноокат шаары

5. Кадамжай шаары

6. Өзгөн шаары

7. Жалал-Абад шаары

8. Ош шаары

9. Балыкчы шаары

10. Нарын шаары.

Жергиликтүү жамааттардын туруктуулугун чыңдоо БУУӨПтүн “Азияда зомбулуктуу экстремизмге туруктуулукту бекемдөө (STRIVE Asia) долбоорунун алкагында, ЕБ-БУУ биргелешкен өнөктөштүгү алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланып жүргүзүлүүдө.

Экстремизмди эскертүү жана анын алдын алуу боюнча долбоорду ишке ашыруу 2020-жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат.

STRIVE Asia долбоорунун жалпы максаты – өкмөт, коопсуздук субъекттери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомчулуктар, жарандык уюмдар, илимий чөйрөлөр, ЖМК жана жеке секторлор да кирген көптөгөн кызыкдар тараптардын катышуусунда биргеликте Борбордук Азияда, Түштүк-Чыгыш Азияда жана Түштүк Азияда зомбулуктуу экстремизмдин (PVE) алдын алууга салым кошуу.

“Кыргыз жараны” Концепциясын ишке ашыруу «Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн инклюзивдик башкаруу жана жалпы жарандык иденттүүлүк» долбоорунун алкагында КРдагы БУУнун агенттиктери, БУУӨП, ЮНИСЕФ, АУЖКБнын техникалык колдоосу жана БУУнун Тынчтык куруу фондунун каржылоосу менен жүргүзүлдү.

Тегерек столдон сүрөттөр: https://flic.kr/s/aHBqjA4mMA

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси, nurzhan.alymkanova@undp.org