Ош облусунун Ноокат районунда БУУнун күнүнө карата кыз-келиндер арасында волейбол боюнча турнир өттү

2022-ж., 26-October

 

Ош, 2022-жылдын 24-октябры – бул күнү Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар гимназия-мектебинин спортзалында БУУнун күнүнө арналган волейбол боюнча кыз-келиндер арасында мелдеш болуп өттү. Турнир Зулпуев, Исанов, Жаңы-Ноокат, Көк-Жар айыл аймактарынан жана Ноокат шаарынан келген беш команданын арасында өттү.

Иш-чара Ноокат районунун жергиликтүү коомчулугунун аялдарынын демилгеси менен «Аялдарды өнүктүрүү банкы» коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, БУУнун Тынчтык куруу фонду каржылап, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын, ЮНИСЕФтин, БУУнун Адам укугу боюнча жогорку комиссары башкармалыгынын «Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн инклюзивдик башкаруу жана жалпы жарандык иденттүүлүк»  биргелешкен долбоорунун алкагында колдоого алынган.

Волейбол Ноокат районунда популярдуу, айылдык ышкыбоз кыз-келиндер командалары биргелешкен машыгууларга жана достук жолугушууларга байма-бай чогулуп турушат.

Оюндун жыйынтыгы боюнча биринчи 3 орун төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

I орун – Көк-Жар айыл аймагынын командасы,

II орун – Жаңы-Ноокат айыл аймагынын командасы,

III орун – Зулпуев айыл аймагынын командасы.

«Биз үй жана талаа иштеринин көптүгүнө карабай волейбол ойноого ушундай мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканына абдан кубанычтабыз. Башка айылдардын кыз-келиндери менен жолуккан сайын биз жаңылыктар менен бөлүшүп, бири-бирибизди конокко чакырып турабыз. Биз өзүбүздү бактылуу, ден соолугубуз чың сезип турабыз», - дейт турнирдин ноокаттык катышуучусу Махабат Баитова.

Ноокат районунун аялдары үй жумуштары, алма, картошка, жүгөрү терүү сыяктуу талаа иштери, базарда соода кылуу жана бала, карыган ата-энелерди багуу менен алек. Аларга спорт аянтчасы, спорттук командалардын формалары, волейбол боюнча мелдештерди уюштуруу үчүн спорттук жабдуулар дайыма эле жеткиликтүү боло бербейт. Бирок мындай кыйынчылыктарга карабай алар көңүлүн түшүрбөй, волейбол ойноого дайыма аракет кылып келишет. Адатта аялдар кандайдыр бир майрамдарда волейбол уюштурушат, ошондой эле шерине өткөрүп, ал күндөрү волейбол ойношот.

Волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү кубоктон тышкары волейбол топторун жана торлорду алышты, эми аларда өздөрүнүн айыл аймактарында да спорт менен машыгууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Турнирдин катышуучуларына ошондой эле «Ден соолук менден башталат!» деген девиздердин (мотто) бири эске алынган, Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүнүн Концепциясынын логотиптери түшүрүлгөн футболкалар белекке берилди.

Волейбол боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдештин жыйынтыгы:

- айылдык аялдардын максаттуу тобунун социалдык активдүүлүгү жана биримдиги жогорулатылды;

- дене тарбия боюнча пайдалуу эс алууну уюштуруу аркылуу баарлашуу жана кызматташуу үчүн аянтча түзүлдү;

- беш муниципалитеттин аялдарынын ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо;

- элеттик аялдар БУУнун күнү жөнүндө, БУУӨП, ЮНИСЕФ жана Адам укугу боюнча жогорку комиссары башкармалыгынын биргелешкен долбоорунун максаттары жана тапшырмалары, ошондой эле Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү Концепциясы жөнүндө маалымат ала алышты.

***

Кошумча маалымат үчүн байланыштар: Шарабидин Таиров, БУУӨПтүн Ош шаары боюнча программалык адиси, sharabidin.tairov@undp.org