Kыргызстанда ыдыктан бир да мыйзам коргобойт
2022-ж., 28-November
“Жолугууга шашып бара жаткам, маршруткада эл толтура болчу. Артта турган бир бала сыйпалай баштады, дароо болгон күчүм менен түртүп урушуп кирдим. Ошол жердеги толтура кишинин бирөө да унчуккан жок”.
Бул кыргызстандык блогер Назира Айтбекова жарыялаган ондогон каттардын бири гана. Айтбекова сексуалдык ыдык көрүп, зордукталганын айткан кыздардын катын жарыялап келет. Ага укугу бузулган кыз-келиндер социалдык тармактардагы баракчасынын кат куржунуна окуяларын анонимдүү калтырышкан.
“Мага эркектер тийишип, сексуалдык мүнөздөгү каттарды жазып, сүрөттөрдү салат. Мен алардын жазганын эл алдына чыгарып, айыптай баштадым. Эркектердин аялга ушундай мамиле кылганы туура эмес дедим. Анан мага башка кыздардан каттар келе баштады. Бир-экөөнү жарыялагандан кийин кат жаай баштады. Шишип, ириң толуп калган жара жарылгандай болду. "Жашыруун чыгарып коюңузчу, жан дүйнөмдү эзген арманымды биринчи жолу айтып жатам" дегендер бар".
Ыдык
Ыдык көрсөтүү же харассментке – кимдир бирөөгө карата олдоксон тамаша, кыймыл-аракет, жест, үн чыгаруу, мазактоо, сексуалдык зомбулук кирет. Аны кайсы бир адамга туугандары, тааныштары же чоочун адамдар жумушта, көчөдө, үйдө, социалдык тармактарда көрсөтүшү мүмкүн.
«Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы» жүргүзгөн изилдөө (2019-жыл) өлкөдө ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болорун көрсөткөн.
Ошол эле учурда ыдыкка кабылган учурлардын 80% мамлекеттик мекемелерде болот. Жабыркагандардын 70%ы 20 жаштан 38 жашка чейинки турмушка чыга элек, катардагы кызматкерлердин кызматын аркалаган аялдар болгон.
Феминист жана медиа-эксперт Жанна Араева: "Кыргызстанда зомбулук курч көйгөйлөрдүн бири. Аялдарды жек көрүүчүлүк аялдар, кыздарды коргоо үчүн мыйзамдардын кабыл алынбай калышына алып келип жатат. Ал тургай аялдар жетектөөчү кызматтарда жокко эсе. Көбүнесе алар эркектердин орун басары болуп иштешет. Алар толук бийликке ээ эмес, демек эркектерге пайдалуу саясий багытты карманышат. Ошондуктан чечим чыгаруу органдарга аялдардын келиши жаңы өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн".
Кыргызстанда укук коргоо органдары тийишүү, одоно сөздөр, аңдуу үчүн жазалап же кылмыш деп эсептешпейт. Мындан тышкары, сексисттик тамашалар, каалоого каршы сексуалдык аракеттерди жасоо максатында тийишүү да кылмыш эмес. Мисалы, эгерде жетекчи тынбай жазып, уятсыз сунуштарды киргизсе, бирок ошол эле учурда эч кандай коркутуп-үркүтпөй, кандайдыр бир көз карандылыкты (финансылык, кызматтык) колдонууга аракет кылбаса, анда мындай аракеттер кылмыш катары квалификацияланышы мүмкүн эмес.
Арыз бар, кылмыш иши жок
2021-жылы коомдук жайда сексуалдык ыдык же харассмент көрсөткөн адамга карата кылмыш иши козголуп, бул прецедент болуп калды.
Бишкекте көчөдө бейтааныш жигиттен ыдык көргөнүн айткан журналист Айдай Токоева 8-июнда милицияга арыз жазган. Көп өтпөй активисттер харассментке каршы жүрүшкө чыгышкан.
"Ошол окуя боюнча эч кандай жыйынтык чыккан жок. Экспертиза дайындайбыз деген бойдон калды. Азыр кечкисин үйгө келатканда колума таяк кармап алчу болдум. Менимче, акыркы жылдары көп эле кыздар өзүн мага окшоп коопсуз сезбей калды. Ошондуктан, Кыргызстан аялдар үчүн кооптуу өлкөгө айланып баратат дегенге кошулам".
Укук коргоочу жана активист Адинай Жапаралиева кыргыз коомчулугу ыдык көргөн кыздардын өздөрүн күнөөлөгөн адаттан арыла элек деген пикирде: "Коом тарабынан сынга кабылышат. Ошондуктан, алар арыз жазып же башкаларга көйгөйүн айтууну каалашпайт. Андан тышкары Кыргызстанда ыдыктан коргогон мыйзам жок жана ага жаза каралган эмес. Демек, жабык, элге билинбеген мындай учурлар толтура. Кыз-келиндер ишинде кардарлар эле эмес, жетекчиси, кесиптештери тарабынан да ыдыкка кабылышы мүмкүн. Көп учурларда мындай окуялар билинбей эле калып кетет".
Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.
Ыдык — конкреттүү чараларды талап кылган олуттуу көйгөй
2018-жылы Жогорку Кеңештин имаратында харассментке кабылган депутат Элвира Сурабалдиева сексуалдык ыдыкка каршы мыйзам иштеп чыгып, коомдо кыз-келиндерге тийишкен обужок адаттарды жоюу керек экенин айтып чыккан.
Депутат адам укугун сыйлаган өлкөдө далил үчүн фото-видео сурабай, кыздын арызы менен иш козголуп, териштирүү жүргүзүлөрүн белгиледи. Бул боюнча мыйзам долбоорун өткөрүүгө аракет кыларын айтты.
Кыргызстанда Евробиримдик жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) “Теңдик нуру” демилгеси менен социалдык тармактарда ыдык көрсөтүүгө каршы жыл башынан бери маалыматтык өнөктүк уюштурулуп келатат.
2019-жылдан бери ПРООН өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен бирдикте мыйзамдык чараларды иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасында жумуш ордунда зордук-зомбулукка жана куугунтукка каршы туруу зарылчылыгы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга колдоо көрсөтүп келет.