Экологиялык сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү

2023-ж., 19-September

   Бишкек – 2023-жылдын 19-сентябры- Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргызстандын Судьялар Ассоциациясы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы, БУУнун Европалык экономикалык комиссиясы жана колдоосу менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында сот адилеттигине жетүү маселелери боюнча судьялардын эл аралык конференциясын өттү.

Конференцияга жүзгө жакын мамлекеттик кызматкерлер, соттор, юристтер, эл аралык эксперттер жана экологдор катышты. Ошондой эле Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Казакстан, Молдова Республикасы, Тажикстан, Өзбекстан, Бельгия, Бразилия, Хорватия, Маврикийдин сот системаларынын өкүлдөрү катышты. Конференциянын негизги максаты-экологиялык укуктар жана сот адилеттиги жаатындагы саясатты ишке ашырууда сот тутумдары менен башка кызыктар тараптардын ортосундагы аймактык кызматташууну бекемдөө болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун билдирүү сөзүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов окуп берди. Мамлекет башчынын сөзүндө климаттын өзгөрүшү дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө, анын ичинде миң жылдык мөңгүлөрү бар Кыргызстанга да таасирин тийгизип жатканы айтылды. Ошондуктан экология маселелери жана жашыл экономика Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева мындай деп белгиледи: «БУУӨП глобалдык деңгээлде экологиялык сот адилеттигин жигердүү жактайт, мында Туруктуу Өнүгүү Максаттарынын 16-Максатына өзгөчө көңүл бурулуп, тынчтыкты сүйгөн, инклюзивдик коомдорду түзүүгө, сот адилеттигине жетүүнү жакшыртууга жана ачык-айкын институттарды өнүктүрүүгө үндөйт. Бирок, бул глобалдык принциптердин чыныгы күчү аларды региондук жана улуттук деңгээлдерде ишке ашырууда жана колдонууда жатат. Экологиялык сот адилеттиги алдында турган көп кырдуу чакырыктарга жооп берүү үчүн БУУӨП отчеттуулукту күчөтүүгө, “экологиялык укуктарды” коргоого жана экологиялык мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган комплекстүү глобалдык экологиялык сот адилеттиги стратегияларын иштеп чыкты. Бул глобалдык стратегияларды ылайыкташтыруу жана Кыргыз Республикасынын жана бүтүндөй региондун өзгөчө муктаждыктарын жана шарттарын эске алуу зарыл.  

Андан соң Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков өз сөзүндө жаратылыштын чек арасы, улуту, салт-санаасы, тили жана жеке кызыкчылыктары жок экендигин, экологиялык көйгөйлөр баарыбызды тынчсыздандырарын жана аларды  ушундай масштабдуу аракеттер менен  гана чечүү керек экендигин айтты. “Мындай аракеттерде мамлекеттик бийликтин бир бутагы болгон сот бийлиги да четте калбашы керек. Бирок, экологияга байланышкан талаш-тартыш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу зарыл деп ойлойм. Анткени,  жылдап соттошуу экологияга терс таасирин тийгизип келүүдө. Андыктан, сотто ири өлчөмдөгү жана татаал иштер тез жана ыкчам каралышы керек” – деп, баса белгиледи.

Беш пленардык сессиянын жүрүшүндө: экологиялык адилеттүүлүктү алга жылдыруудагы эл аралык тенденциялар жана укук үстөмдүгү, экологиялык процесстик укуктар, экологиялык адилеттүүлүктүн кызыкчылыгында эл аралык кызматташтыкты бекемдөө, экологиялык адилеттүүлүктү алга жылдыруудагы сот системаларынын эл аралык тажрыйбасы, Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө экологияны соттук коргоону ишке ашыруу тажрыйбасы, ошондой эле экологиялык адилеттүүлүктүн кызыкчылыгында региондук кызматташтыктын келечектери талкууланды.

Сүрөттөр бул шилтеме аркылуу жеткиликтүү: https://flic.kr/s/aHBqjAV6C7 

***

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстандагы өнүктүрүү жаатындагы алдыңкы уюмдардын бири. 1993-жылдан бери биз Туруктуу өнүгүү максаттарына биргелешип жетүү үчүн инклюзивдик өнүгүү, айлана-чөйрөнү коргоо, кризиске каршы туруу, гендердик теңчиликти илгерилетүү сыяктуу көптөгөн тармактарда иш жүргүзүүдөбүз.

Кошумча маалымат алуу үчүн биздин сайтка кириңиз: www.undp.org/ru/kyrgyzstan  же социалдык тармактардагы биздин баракчаларыбызга жазылыңыз: @undpkg.

ЖМК үчүн байланыш:

Нуржан Алымканова

БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси

Nurzhan.alymkanova@undp.org