Create4 "ЭкоЖаратман Токтогул: Экотуризмди өнүктүрүү үчүн креативдүү чечимдер"

2023-ж., 26-September

 

21-22-сентябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Чолпон-Ата айылында өткөн фестиваль 200дөн ашык катышуучунун башын бириктирди. Фестиваль экологиялык туризм жана креативдүү кластерди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү аркылуу Токтогул районун өнүктүрүү жолдорун иштеп чыгып, макулдашуу максатында уюштурулду.

Фестивалдын биринчи күнү Токтогул районунун туристтик дараметин жогорулатуу механизмдерин талкуулоого арналды. Бул күнү мамлекеттик түзүмдөрдүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана туроператорлордун ортосунда өнөктөштүктү түзүүгө негизги басым жасалды. Мындай аракеттер аймактын туристтик инфраструктурасына инвестицияларды тартуу үчүн инновациялык аспаптарды иштеп чыгып, аларды ишке ашыруу максатын көздөдү. Иш-чаранын жүрүшүндө аймактык экотуризмди өнүктүрүүгө, биологиялык көп түрдүүлүктү сактоого жана жергиликтүү өнүгүүгө дем берүүгө көмөктөшүү максатында Кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбоору макулдашылды. Меморандум Биологиялык көп түрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти, Туризм департаменти, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын ортосунда түзүлдү. 

Туроператорлор Алатай, Кан-Ачуу жана Саймалуу-Таш өңдүү өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жаңы туристтик каттамдар менен тааныша алышты. БУУӨПтүн колдоосу менен иштелип чыккан 15 каттам аймактын туристтик дараметин колдоо үчүн негиз болуп бермекчи.

Ошондой эле креативдүү кластерди өнүктүрүү жана анын жергиликтүү жамаатка тийгизген таасири тууралуу сессия өткөрүлдү. Баяндамачылар креативдүү жамааттарды түзүү жана республиканын башка региондорунда туристтик дестинация катары аймактарды өнүктүрүү тажрыйбасы менен бөлүштү.

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Акылбек Түкебаев өз сөзүндө райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө туризмдин маанилүү ролун баса белгиледи. Аким "Create4: ЭкоЖаратман Токтогул” фестивалы райондо туризмди, өзгөчө экотуризмди өнүктүрүү боюнча креативдүү идеяларды жана жаңы демилгелерди баштоо үчүн баштапкы чекит болуп берет деген ишенимин билдирди. Аким мында биологиялык көп түрдүүлүктү сактоого жана “Алатай” жаратылыш паркынын финансылык туруктуулугуна жетишүүгө, ошондой эле жергиликтүү калк үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүгө басым жасаларын белгиледи. 

“Фестиваль бизге туроператорлор жана туризм тармагындагы негизги уюмдар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү үчүн платформа болуп берет. Ошондой эле фестиваль райондун туристтик дараметин ачып, келечектеги кызматташтык үчүн стратегиялык багыттарды аныктоого шарт түзөт”, - деп белгиледи аким. Ал БУУӨПтүн колдоосу менен иштелип чыккан жаңы туркаттамдар тез эле тааныларына үмүт артып, “Токтогул дестинациясы” коомдук бирикмесин түзүү зарыл экенин кошумчалады. “Биздин күч-аракетибиз Токтогул районуна көбүрөөк туристтерди тартып, бардык мүмкүнчүлүктөрдү ачып берип, аймактын ажайып кооздугун көрсөтүп берүүгө багытталды”, - деп сөзүн жыйынтыктады райондун башчысы.

Иш-чаранын өнөктөшү, “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фонду БУУӨПтүн “Аялдардын креативдүү лабораториясы” долбоорунун ишинин орто аралыктагы жыйынтыктары менен тааныштырды. Бул долбоор Токтогулдун креативдүү кластерин өнүктүрүүдө жол көрсөтүүчүлөрдүн бири боло алат.

“Конок үйлөрүн сунуштап, гиддердин кызматын көрсөтүп, өзүнүн сувенир буюмдарын сатуу менен жергиликтүү аялдар туристтик сезон маалында туруктуу киреше таап турушат. Ал эми туристтерди тартып, аймактын брендин таанытуу үчүн мындай фестивалдарды туруктуу өткөрүп туруу зарыл. Мындай иш-чараларды дайыма өткөрүп турсак, жергиликтүү тургундар ички жана тышкы туристтерди кабыл алуунун ыгын таба алышат, азырынча Кетмен-Төбө жана Чолпон-Ата буга даяр болбой турат. Мындай туристтик иш-чараларды ЖӨБ органдарынын жана раймамадминистрациянын бекем колдоосу менен жергиликтүү тургундар уюштурушу керек”, - деп белгиледи “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондунун директору Гүлсана Абытова.

Фестивалда жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн товарларынын жарманкеси өтүп, чыгармачыл топтор өнөрүн көрсөтүп, бёрдвотчинг боюнча тааныштыруу туру болду. “Аялдардын креативдүү лабораториясынын” өкүлдөрү туристтик дестинациянын дараметине талдоо жүргүзүштү, креативдүү кластерди түзүүдө музейлердин ролу жөнүндө маалымат алышты, ошондой эле курак техникасы боюнча мастер-класска катыша алышты.

Фестиваль жергиликтүү турпродукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү даярдап, таанытууга, аймактын туристтик инфраструктурасын көбөйтүүгө жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын финансылык туруктуулугуна көмөктөшүүгө багытталган биргелешкен чараларды даярдоо үчүн аянтча болуп калды. Мындай аракеттер биологиялык көп түрдүүлүктү сактоого жана жергиликтүү өнүгүү боюнча иш-чараларды комплекстүү колдоого көмөктөшөт.