"STEM4ALL кесиптердин келечеги үчүн" иш-чарасы 2023-жылдын 27-октябрында өтөт: Гендердик теңчиликти жана санариптик трансформацияны алга жылдыруу

2023-ж., 6-October

 

"STEM4ALL кесиптердин келечеги үчүн" – бул STEM (илим, технология, инженерия жана математика) тармагында эң көп талап кылынган көндүмдөр менен эмгек рыногуна чыгууга жаш муундарды даярдоого багытталган иш-чара. Бул иш-чара БУУӨПдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жана STEM4ALL коомчулугу менен биргеликте уюштурулууда. Иш-чара 2023-жылдын 27-октябрында саат 9:00дөн 18:00гө чейин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин башкы жыйындар залында өтөт (КМТУ, дареги: Бишкек ш., Ч.Айтматов көч., 66). АЗЫР КАТТАЛЫҢЫЗДАР: https://forms.gle/tFbGaTbPKp62mwU99

Дүйнөлүк Экономикалык Форум келечектеги жумуш орундарынын 90% дан ашыгы күчтүү STEM негизи менен санариптик көндүмдөрдү талап кылат деп болжолдойт. Келечектеги эмгек рыногунун тез өзгөрүп жаткан багыты эркектерге да, аялдарга да тиешелүү. Бирок, STEM талааларында дагы эле эркектер үстөмдүк кылууда. Алдыдагы 20 жылдын ичинде 180 миллион аялдардын кесиптери автоматташтырыла тургандыгын эске алганда, бул аябагандай тынчсызданууну жаратат. Эмгек рыногунда атаандаштыкты сактоо үчүн, аларды Интернеттин жана технологиянын жардамы менен кайра окутуу жана жогорулатуу зарыл.

Бирок Кыргызстанда аялдардын үчтөн бир бөлүгү гана Интернетти активдүү колдонушат жана компьютер сабаттуу. STEM боюнча жогорку билимди бүтүргөн аялдардын үлүшү 31,3%. Бул аялдардын санариптик трансформация процесстерине активдүү катышуусу үчүн жетишсиз экени айкын. БУУӨП санариптик трансформацияда гендердик теңдикти жактайт жана аялдардын STEM жана технологиялык инновацияларга катышуусун жогорулатуу боюнча сунуштар менен "Санариптештирүүдөгү гендердик теңдик" стратегиясын иштеп чыкты. STEM-да жумуштуулуктун жогорулашы эмгек акынын жана өндүрүмдүүлүктүн жогорулашына алып келет, бул өз кезегинде гендердик эмгек акы айырмасын тарылтууга өбөлгө түзүшү мүмкүн.

#STEM4ALL демилгеси санариптик трансформацияда гендердик теңчиликти илгерилетүүгө жана STEM жана технологиялык инновацияларга эркектер менен аялдардын бирдей катышуусун камсыз кылууга багытталган.

 

Иш-чаранын программасы эки негизги бөлүктөн турат:

Расмий азем жана STEM конференциясы (9:00 - 12:30):

  • Иш-чаранын ачылышы.
  • БУУӨПдун, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КМТУнун жана башка уюмдардын улук өкүлдөрүнүн киришүү сөздөрү.
  • БУУӨПдун “Кыргызстандагы аялдардын STEM боюнча муктаждыктарын баалоо” темасындагы изилдөөсүнүн презентациясы.
  • STEM тармагындагы аялдардын ортосунда насаатчылыкты жана байланышты илгерилетүү үчүн санариптик "Mentoring her" платформаcынын ишке кириши.
  • STEM билим берүү жана карьерадагы таланттуу кесипкөйлөргө суроо-талап жана сунуш боюнча панелдик сессиялар.

 

Келечек жөнүндө диалогдор жана STEM жарманкеси (13:00 - 18:00):

  • Студенттер, мектеп окуучулары, мугалимдер, ата-энелер жана жаш адистер үчүн STEM жарманкеси.
  • IT, билим берүү, биомедицина, жашыл технологиялар жана башкалар сыяктуу ар кандай тармактардагы келечектин кесиптери жөнүндө панелдер.
  • IT, жасалма интеллект, киберкоопсуздук жана башка STEM багыттары боюнча мастер-класстар.
  • Талкуу жана STEM чөйрөсүндөгү кесипкөйлөр менен таанышуу.

 

Бул иш-чара студенттерге, адистерге, бизнес жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө STEM чөйрөсүндө гендердик теңчиликти талкуулоо, алдыга жылдыруу, ошондой эле технология жана инновациядагы акыркы тенденциялар менен таанышуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Журналисттерди жана ЖМК өкүлдөрүн “STEM4ALL кесиптердин келечеги үчүн” конференциясына катышып, бул кызуу тема менен таанышууга чакырабыз.

 

Өнөктөштүк байланыш үчүн:

Жеңни Жеңиш кызы, ПРООНдун лабораториялык акселератору:  ensi.tszie@undp.org  Acclab.kg@undp.org 

 

ЖМК үчүн байланыш:

Айнагүл Абдрахманова, ПРООНдун коомчулук менен байланыштар боюнча улук адиси - ainagul.abdrahmanova@undp.org 

 

Иш-чара жана каттоо жөнүндө толук маалыматты STEM4ALL расмий сайтында алса болот.