Кыргызстандык балчылардын ийгилиги: Тогуз-Булак айылынан Жайлообай Бектурсуновдун тажрыйбасы

2024-ж., 29-July
a man wearing a hat

Кыргызстандын Ысык-Көл районундагы Тогуз-Булак айылынан Жайлообай Бектурсунов- балчылыктын чыныгы адиси. Чакан башталыштан баштап өзүнүн берилгендигине жана жаңы амалдарды колдонгондугунун себебинен аймактын алдыңкы балчыларынын бири боло алды. Ал аарыларды жөн багып гана тим болбостон, жогорку сапаттагы бал үчүн да умтулуп, аны экспортко сатууга даяр.

Каарманыбыз үчүн аарычылык маанилүү киреше булактарынын бири. Үй-бүлөсү менен бирге балчылык менен алектене баштагандан бери аарычынын жашоо деңгээли жакшырды, анткени бул туруктуу киреше алып келет.

Кыргызстандагы балчылар туш болгон негизги көйгөйлөрдүн бири- аарыларды туура эмес багуудан улам балдын жетишсиз деңээлдеги сапаттуулугу болуп саналат. Көп учурда канааттандырарлык эмес шарттарда алынган бал шайкештикке туура келүүсүнө текшерүүдөн өтпөй калат, ошондуктан экспортко жараксыз болуп калууда. Жайлообай бул маселеге өзгөчө көнүл буруп, аары багууда өзүнүн уникалдуу ыкмасын колдонуп келет. Ал бал челектерин жылуулап, аары бүлөлөрүнүн абалын көзөмөлдөп, аарыларына эң жакшы шарттарды түзүү үчүн сапаттуу материалдарды гана колдонот.

«Бул мага аарылардын ден соолугуна гана кам көрбөстөн, бал түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет. Мен жылуулуктуу сактоодо жана ооруларга каршы күрөшүүдө атайын ыкмаларын колдоном, продукциямдын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу үчүн табигый бал момунан өзүм таза вощина жасайм жана антибиотиктерди колдонбостон аарылардын арасында оорунун алдын алуу үчүн дары чөптөрдү колдоном. Бул мага аары бүлөлөрүнүн жоготууларын азайтууга жана бал челектердин жалпы өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет», - дейт ал.

a person sitting at a table in front of a laptop

Жайлообай Бектурсунов бал челектерди кантип даярдап жатканын цехинде көрсөтүүдө.

БУУӨП / Кыргызстан

БУУӨПнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү аарычылардын өндүрүмдүүлүгүн жана табигый балдын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда инновациялык жана ресурстук натыйжалуулук «жашыл» технологияларды киргизүүнү эске алуу менен колдоо көрсөтөт. Бул экспортту стимулдаштырып жана жаңы «жашыл» жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле чакан фермерлердин кошумча нарктын пайда болуу процессинин интеграциясына көмөктөшөт.

Бүгүнкү күндө Жайлообай БУУӨПнын «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун катышуучусу болуп тандалып алынган жана ага балчылык жана экспортко жарактуу жогорку сапаттагы табигый балды өндүрүү тармагында квалификациясын андан ары жогорулатууга мүмкүнчүлүк берилет. Башка катышуучулар менен бирге ал да бизнесин өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн чакан грант алууга сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алат.

a man sitting on a bench in front of a store

Жайлообай өз чарбасында таштандыларды сорттоого маани берет.

БУУӨП / Кыргызстан

Мындан тышкары, Жайлообай өзүнүн ишинин экологиялык жагына көңүл бурат. Ал айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтуу үчүн таштандыларды сорттоо жана ресурстарды туруктуу пайдаланууга активдүү катышат. Анын бул багыттагы аракеттери Кыргызстандагы биологиялык ар түрдүүлүктү колдоо менен чектелбестен, өлкөнүн экологиялык таза бал өндүрүүчүсү катары беделин да бекемдейт.

 

***

Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасы «Окутуу жана кеңеш берүү борбору» коомдук фонду (TES-центр) менен кызматташтыкта «Борбор Азияда соодага көмөктөшүү» долбоордун алкагында табигый балдын кошумча нарк чынжырын бекемдөө демилгесин көтөрдү. Долбоор Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланат. Долбоор өлкөнүн максаттуу аймактарында – Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустарында балдын кошумча нарк чынжырынын негизги катышуучуларына колдоо көрсөтүүнү улантат. Долбоор бал өндүрүүнү жана сатууну көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана анын экспорттук потенциалын бекемдөөгө багытталган. Бул багыт тууралуу көбүрөөк маалыматты бул жерден тапсаныз болот.