Казакстан менен Кыргызстан ак илбирсти сактап калуу боюнча Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

2024-ж., 17-October
снежный леопард, лежащая на снегу

Алматы, 2024-жылдын 17-октябры, - Бүгүн ак илбирсти сактап калуу маселелери боюнча Казакстан менен Кыргызстандын өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарынын ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кызматташуунун максаты – ак илбирсти жана Түндүк Тянь-Шандын тоолорунда илбирс жүргөн жерлерди эки өлкөнүн төрт өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын (ӨКЖА) чегинде сактап калуу. Ал аймактар: “Көлсай көлдері” мамлекеттик улуттук паркы, Алматы мамлекеттик жаратылыш коругу, Казакстан Республикасынын Иле-Алатау Мамлекеттик улуттук паркы жана Кыргыз Республикасынын “Чоң Кемин” мамлекеттик жаратылыш паркы.

Меморандум эки мамлекеттин ӨКЖАсына биргелешкен иш-аракеттерди координациялоого жана ак илбирсти изилдөөдө, аны коргоону күчөтүүдө жана мониторинг жүргүзүүдө тажрыйба алмашууга, ошондой эле жырткычтын популяциясын калыбына келтирүүгө жана аны туруктуу абалда кармап турууга мүмкүндүк берет.

“Бүгүнкү күндө Казакстанда ак илбирстин саны көбөйүп жатканы байкалууда. Ак илбирсти изилдөөгө жана коргоого багытталган биргелешкен күч-аракеттердин натыйжасында 2019-жылдан бери өлкөдө анын саны 20 пайыздан ашык көбөйүп, 152-189дун тегерегинде болду. Бул Меморандум глобалдык мааниге ээ болгон бул түрдү сактап калуу үчүн биздин республикалар ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө мүмкүндүк берет. Биз ошондой эле жаратылышты коргоо ишин жогорулатуу, тажрыйба жана илимий билим алмашуу жаатында бир катар демилгелерди ишке ашырууну пландаштырып жатабыз”, - деп билдирди Казакстан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары боюнча вице-министри Нуркен Шарбиев.

Алдыдагы беш жылда эки өлкө ак илбирске, ал жүргөн жерлерге жана тоют базасына мониторинг жүргүзүү, трансчек аралык жана эл аралык кызматташтыкты илгерилетүү, ошондой эле коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатып, аларды ак илбирсти сактап калуу боюнча программаларга катыштыруу боюнча бир катар демилгелерди иштеп чыгып, ишке ашырат деп күтүлүүдө.

“Кыргыз Республикасы жапайы жаратылышты сактап калуу боюнча глобалдык программалардын жигердүү катышуучусу болуп саналат. Азыркы учурда биздин республиканын аймагында 400дөн ашык ак илбирс жашайт. Мында, белгилүү болгондой, анын миграциялык түр катары жашаган ареалы республиканын аймагы менен эле чектелип калбайт. Ак илбирсти жана анын жашаган чөйрөсүн изилдөө жана сактап калуу, ага браконьерлик, адамдын ишинин натыйжасында тоют базасынын жана жашаган жерлерин азайышы сыяктуу олуттуу коркунучтардын таасирин алдын алуу үчүн кызыкдар тараптардын эриш-аркак иштешүүсү зарыл, буга Казакстан менен Кыргызстандын ӨКЖАларынын ортосунда кол коюлган Меморандумдун алкагында иш-аракеттерди жасоо өбөлгө болот”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Мирслав Аманкулов.

Бул беш жылдык макулдашууну Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Казакстандагы өкүлчүлүгү демилгелеп, Казакстанда Токой экосистемаларын жана биологиялык көп түрдүүлүктү, анын ичинде ак илбирсти сактап калуу боюнча алты жылдык (2024-2028-жж.) долбоордун алкагында Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) колдоо көрсөттү. 

Меморандумга Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактап калуу боюнча Глобалдык программанын (GSLEP) катышуусу менен кол коюлду. Бул Программа жырткыч жашаган бардык 12 өлкөнү бириктирет жана дүйнөдө сейрек кездешүүчү түрлөрдү коргоого жана калыбына келтирүүгө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдурууга көмөктөшөт.

 

###

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жакырчылыктан улам келип чыккан адилетсиздикке, теңсиздикке жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкөн БУУнун алдыңкы уюму болуп саналат. 170 мамлекетте эксперттердин жана өнөктөштөрдүн кеңири тармагы менен иштешип, биз адамдар жана планета үчүн интеграцияланган, узак мөөнөттүү чечимдерди даярдоого жардам берип келебиз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн undp.org сайтына баш багыңыз же @UNDP баракчасына жазылыңыз.

Маалымат алуу үчүн: 

Сабина Мендыбаева, +7 705 700 9793

Айнагуль Абдрахманова, +996 770183493