1,1 миллиард адам көп өлчөмдүү жакырчылыкта жашайт, алардын дээрлик жарым миллиарды жаңжал чыккан аймактарда жашашат

2024-ж., 17-October
chart

БУУӨПтүн жана Оксфорддун Жакырчылыкты жана адамдын өнүгүүсүн изилдөө демилгесинин (OPHI) жаңы изилдөөсү көрсөткөндөй, чыр-чатактан жапа чеккен өлкөлөрдө жакырчылыктын деңгээли жаңжал болбогон өлкөлөргө караганда дээрлик үч эсе жогору.

Нью-Йорк, 2024-жылдын 17-октябры – Дүйнөдөгү 455 миллион жакыр адам зордук-зомбулук жана чыр-чатак орун алган өлкөлөрдө жашайт. Мындай жагдай жакырчылык менен күрөшүүдө жетишилген жылышка бут тосуп, ал тургай жокко чыгарууда. Бул тууралуу бүгүн жарыяланган глобалдык Көп өлчөмдүү жакырчылыктын индексинде (КЖИ) айтылат.

БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) менен Оксфорд университетине караштуу Оксфорддун Жакырчылыкты жана адамдын өнүгүүсүн изилдөө демилгесинин (OPHI) биргелешкен баяндамасы 112 өлкө жана 6,3 миллиард адам үчүн көп өлчөмдүү жакырчылык боюнча оригиналдуу статистикалык изилдөөлөрдү камтыйт. Ошондой эле баяндамада жаңжал менен жакырчылыктын ортосундагы өз ара байланышка толук талдоо жасалган. Баяндамага 20 өлкө үчүн сурамжылоонун жаңы маалыматтары киргизилген.

2024-жыл үчүн баяндамада дүйнөдөгү 1,1 миллиард адам өтө жакыр абалда жашаары, алардын 40 пайызы согуш чыккан, туруксуздук өкүм сүргөн жана/же тынчтыктын деңгээли төмөн өлкөлөрдө жашай турганы айтылат. Тынчтыктын деңгээли жаңжал чыккан аймактар тууралуу үч кеңири колдонулган маалыматтар топтомунун бери дегенде бирине ылайык аныкталат.

Маалыматтардын тартыштыгынан улам глобалдык КЖИ он жылдык мезгил (2012-2023-жылдар) үчүн өлчөнөт, бул болсо дүйнөлүк деңгээлдеги индекс менен тенденциялардын салыштырмалуу индексин түзүп берет. Жаңы чыккан баяндамада өлкөлөр боюнча жакырчылык жөнүндө маалыматтар алардын ошол мезгилге карата жаңжал/туруксуздук статусу менен салыштырылган, бул болсо чыр-чатак менен жакырчылыктын өз ара байланышы жөнүндө жаңы түшүнүктөрдү алууга мүмкүндүк берди. Чыр-чатактардан жапа чеккен өлкөлөрдө керектүү маалыматтарды чогултуу кыйын болду, мунун натыйжасында бул өлкөлөрдө көп өлчөмдүү жакырчылыктын деңгээли төмөндөтүлүшү ыктымал, бирок колдо болгон маалыматтар жаңжалдар жакырчылыкты кыскартууга өтө оор таасир тийгизерин көрсөтүп турат.

“Акыркы жылдары чыр-чатактар күч алып, тамырын кеңири жайып, мунун айынан курмандыктардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти, миллиондогон адамдар жер которуп, канчалаган адамдардын жашоосу талкаланып, оор күндөрдү башынан өткөрүүдө, - деди БУУӨПтүн Администратору Ахим Штайнер. - Биздин жаңы изилдөөбүз көрсөткөндөй, көп өлчөмдүү жакырчылыкта жашаган 1,1 миллиард адамдын дээрлик жарым миллиарды жаңжал орун алган өлкөлөрдө жашайт. Бул адамдарды колдоо үчүн жасап жаткан иш-аракеттерибизди тездетишибиз керек. Жакырчылыктын жана кризистин бул циклине чекит коюу үчүн бизге ресурстар, өнүгүү жана эрте мөөнөтүндө калыбына келтирүү боюнча адистештирилген программалар зарыл”.

Согуш абалындагы өлкөлөр көп өлчөмдүү жакырчылыктын бардык он көрсөткүчү боюнча жокчулуктун жогорку деңгээлине туш болушууда, бул жаңжалдардын дүйнөдөгү эң аярлуу калкка тийгизген кыйратуучу таасирин баса белгилейт. Мисалы, жаңжал орун алган өлкөлөрдө жакыр адамдардын төрттөн биринен көбү салыштырмалуу туруктуу чөлкөмдө жашагандарга караганда электр энергиясына жете албайт. Ушул өңдүү айырмачылыктар балдардын билими (17,7% жана 4,4%), тамактануу (20,8% жана 7,2%) жана балдар арасында өлүм көрсөткүчү (8% жана 1,1%) сыяктуу тармактарда да байкалат. Талдоо көрсөткөндөй, чыр-чатактан жапа чеккен өлкөлөрдө жашаган жакыр адамдар үчүн тамактануу, электр энергиясына, сууга жана санитарияга жеткиликтүүлүк сыяктуу тармактарда жокчулук тынч чөлкөмдө жашаган жакырларга салыштырмалуу кыйла оор сезилет.

Жакырчылыкты кыскартуу процесси жаңжалдардан өзгөчө көбүрөөк жабыркаган өлкөлөрдө жай өтүүдө. Баяндамада Ооганстан терең изилденген, бул өлкөдө 5,3 миллион адам 2015-2022-жылдардагы өзгөчө кризистик маалда көп өлчөмдүү жакырчылыкка кабылган. Эми Ооганстандагы жаңжалдан кийинки кырдаалды талдоо үчүн маалыматтар колго тийип, жыйынтыктары кооптонууну жаратууда. 2022-2023-жылдары оогандардын дээрлик үчтөн экиси (64,9%) жакыр деп табылган.

Оксфорддун Жакырчылыкты жана адамдын өнүгүүсүн изилдөө демилгесинин директору Сабина Алькир буларды айтты: “Бул изилдөө жанжалдардын көп өлчөмдүү жакыр адамдарга тийгизген таасиринин биринчи глобалдык өлчөмүн көрсөтүүдө. Изилдөөнүн жыйынтыктары адамды сестендирчүдөй. Биз 112 өлкөдө жашаган 6,3 миллиард адамдын 1,1 миллиарды жакырчылыкта жашаарын, 455 миллион адам согуш чыккан, туруксуздук өкүм сүргөн жана/же тынчтыктын деңгээли төмөн өлкөлөрдө жашай турганын аныктадык. Жакырчылык алар үчүн жалгыз көйгөй эмес. Ал тургай, жакырчылыктын деңгээли жаңжалдуу аймактарда кыйла жогору: согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдө ар бир үчүнчү адам (34,8%) жакыр, ошол эле кезде чыр-чатактарга дуушар болбогон өлкөлөрдө ар бир тогузунчу (10,9%) адам жакыр жашайт. Бул маалыматтарды жаңжалдарды изилдеген Уппсала программасы берди. Тилекке каршы, бул өлкөлөрдө жакырчылыкты кыскартуу процесси жай жүрүп жатат, мунун натыйжасында жаңжал чыккан аймактарда адамдар обочодо калып кетүүдө. Бул маалыматтар чукул реакцияны талап кылат: тынчтыкка инвестиция салмайынча жакырчылыкты жоюуга мүмкүн эмес”.

Жаңжал шартында жакырчылык көйгөйүн терең талдоодон тышкары, КЖИнин акыркы отчету дүйнө жүзү боюнча жакыр адамдардын жашоо тажрыйбасынын чоо-жайын жана жакырчылыкты кыскартуудагы тенденцияларды сунуш кылат:

  • 1,1 миллиард жакыр адамдын жарымынан көбү 18 жашка чыга элек балдар (584 миллион). Дүйнө жүзү боюнча балдардын 27,9%, чоң адамдардын 13,5% жакырчылыкта жашайт.
  • 1,1 миллиард жакыр адамдын олуттуу бөлүгүндө керектүү санитардык шарттар (828 миллион адамда), турак жай (886 миллион адамда) же тамак жасоо үчүн отун (998 миллион адамда) жок.
  • 1,1 миллиард жакыр адамдын жарымынан көбү үй-бүлөдө тоё тамак ичпеген адам менен жашашат (637 миллиону). Түштүк Азияда 272 миллион жакыр адамдын үй-бүлөсүндө жок дегенде бир адам тоё тамак жебейт, ал эми Сахаранын түштүгүндөгү Африка өлкөлөрүндө мындай адамдардын саны 256 миллионго жетет.
  • Ырааттуу маалыматтары бар 86 өлкөнүн ичинен 76 өлкө жок дегенде бир мезгил аралыгында КЖИнин маанисине ылайык жакырчылыктын деңгээлин кыйла кыскарта алган.
  • Тенденциялар тууралуу маалыматтары бар 17 өлкөнүн ичинен тогузунда гана (Бенин, Камбоджа, Комор аралдары, Эсватини Королдугу, Кения, Мозамбик, Филиппин, Бириккен Танзания Республикасы жана Тринидад жана Тобаго) КЖИнин мааниси да, жакырчылыктын жайылышы да олуттуу кыскарган.

2010-жылы түзүлгөндөн бери глобалдык КЖИ индекси калктын аярлуу катмарын – жакырлардын арасынан өтө жакырларды аныктоо, өлкөлөрдүн ичинде жана убакыттын өтүшү менен жакырчылыктын моделдерин аныктоо үчүн аналитикалык аспап катары маанилүү ролду ойноп келатат. КЖИ саясатчыларга ресурстарды туура багыттоого жана саясатты натыйжалуу иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

2024-жылдагы Көп өлчөмдүү жакырчылыктын индекси, анын ичинде жакырчылыкта жашаган балдар, айылдык жана шаардык райондордун структурасы жөнүндө маалыматтарды, 1 359 субулуттук региондор боюнча бөлүштүрүлүшүн же континенттер, өлкөлөр жана субулуттук чөлкөмдөр боюнча жакырчылыктын түзүмү тууралуу маалыматты төмөнкү сайттардан алууга болот: hdr.undp.org жана ophi.org.uk.

Кыргызстан боюнча маалымат

КЖИ өнүгүп келе жаткан 100дөн ашык өлкөдөгү жакырчылыкты өлчөп, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана жашоо деңгээли боюнча ажырымдарды баалайт. КЖИ жакырчылыктын таралышын жана интенсивдүүлүгүн бириктирет, мында адамдар салмактанып алынган көрсөткүчтөрдүн үчтөн биринен куру калып жатса, көп өлчөмдүү жакыр деп классификацияланат. КЖИнин мааниси көп өлчөмдүү жакыр болгон калктын үлүшүн көрсөтүп турат, ал жокчулуктун интенсивдүүлүгүнө жараша түзөтүлөт. Ал 0дөн 1ге чейин өзгөрүп турат, мында жогорку маанилер көп өлчөмдүү жакырчылыкты билдирет.

Кыргызстанда КЖИнин  көрсөткүчү 0,001 болсо, отчет калктын 0,4% (болжол менен 27 000 адам) көп өлчөмдүү жакырчылыкты башынан өткөрөрүн, 5,2%  алсыз экенин көрсөттү. Ден- соолуктун начардыгы  жакырчылыктын көрсөткүчтөрүнүн дээрлик  2/3 түзөт. Эсептөөлөргө ылайык, Кыргызстанда калктын 0,4 % же 2022-жылы болжол менен 27 000 адам көп өлчөмдүү жакыр, ал эми 2022-жылы кошумча 5,2 % же 364 000 адам көп өлчөмдүү жакырчылыкка аялуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, ден- соолуктун начарлашы  Кыргызстандагы көп кырдуу жакырчылыктын дээрлик 2/3  түзөт. Монетардык жана көп өлчөмдүү жакырчылыктын ортосундагы карама-каршылык кээ бир адамдар акчалай жакыр болгонуна карабастан, алар дагы эле кирешеден тышкаркы ресурстарга жетүү мүмкүндүгүн көрсөтүп турат. Бул өлкөдөгү жакырчылык динамикасына кеңири көз карашты сунуш кылат.

Толук маалыматты, анын ичинде жакырчылыкта жашаган балдар жана аймактар боюнча маалыматтарды hdr.undp.org жана ophi.org.uk сайттарынан алса болот.