Кыргызстанда Борбор Азиядагы санариптик трансформацияны өнүктүрүү үчүн E-Commerce Expo 2024 көргөзмөсү өтүп жатат

2024-ж., 27-October
a group of people on a stage

Бишкек, 27-октябрь 2024-жыл– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Борбордук Азия боюнча санариптик трансформацияны тездетүүгө багытталган маанилүү окуя болгон E-Commerce Expo 2024 көргөзмөсүн өткөрдү. Иш-чара 600дөн ашык катышуучуну, анын ичинде бизнес лидерлерин, мамлекеттик кызматкерлерди, ишкерлерди жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартып, аймактын күчтүү санариптик экономикага карай сапарынын негизги учурун белгиледи.

E-Commerce Expo 2024 санариптик инструменттер жана тенденциялар боюнча кызматташуу жана билим алмашуу үчүн аянтчаны камсыз кылды. Форумдун максаты - Борбордук Азия регионунда бизнес байланыштарды тездетүү, кызыкдар тараптардын диалогун илгерилетүү жана электрондук коммерциянын өсүшүн камсыз кылуу, ошону менен бирге катышуучулардын санариптик экономика жөнүндө түшүнүгүн жогорулатуу.

«Кыргызстанда электрондук коммерция тездик менен өнүгүп жатат жана ал биздин экономиканын маанилүү компоненти болуп калышы үчүн шарттарды түзүүгө өз аракетибизди жасап жатабыз. Электрондук коммерцияны колдоо боюнча кабыл алынган мыйзамдар жана программалар, ошондой эле жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте иш алып баруу ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, электрондук коммерцияга болгон ишенимди жогорулатууга жардам берип жатат. E-COM EXPO 2024 форуму электрондук коммерция рыногун өнүктүрүү боюнча биргелешкен демилгелерди талкуулоо жана иш-чаралардын планын иштеп чыгуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат», - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев деп баса белгиледи.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) санариптик инфраструктураны өркүндөтүүгө, потенциалды жогорулатууга жана санариптештирүү менен социалдык биримдикти колдогон саясатты илгерилетүүгө багытталган ар кандай демилгелер аркылуу Кыргызстанда санариптик өнүгүүнү алдыга жылдырууда чечүүчү ролду ойнойт. Санарип даярдыгын баалоо жана Биргелешкен санариптик ден соолук программасы сыяктуу демилгелер аркылуу БУУӨП жеке адамдарды жана ишканаларды, айрыкча айыл жеринде, барган сайын санариптик дүйнөдө ийгиликке жетүү үчүн зарыл болгон куралдар менен жабдуу боюнча өзүнүн милдеттенмесин көрсөтөт.

UNDP RR speaking on a tribune during the event. She is wearing brown suit, speaking holding a mic and there is a UNDP logo behind on a LED screen.

БУУӨПнын Туруктуу өкүлү Александра Соловьева

БУУӨП / Кыргызстан

"Санариптик трансформация электрондук коммерциянын негизги кыймылдаткычы болуп саналат, ал өз кезегинде жумуш орундарын түзүп, бизнести курат жана туруктуу экономикалык өсүштү колдойт. БУУӨП Кыргызстандын санариптик трансформациясы жаштарга, аялдарга, айылдык коомчулуктарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга өзгөчө көңүл буруп, эч кимди артта калтырбасын камсыз кылууга умтулат. Биздин ишибиз өлкөнүн 2024-2028-жылдарга санариптик трансформация концепциясы менен тыгыз шайкеш келип, ынтымактуу жана гүлдөп өнүккөн коомду түзүүгө көмөктөшөт.”- деп БУУӨПнын Туруктуу өкүлү Александра Соловьева бегиледи.

Бул кеңири концепциянын бир бөлүгү катары БУУӨП Кыргызстанда электрондук коммерция менен алектенген ишканалары үчүн жеңилдетилген жөнгө салуучу режимди сунуштаган Электрондук коммерция паркын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүдө. Бул аракет инвестиция тартуу жана бизнес экосистемасынын өсүшүнө дем берүү максатында иштелип чыккан. Электрондук коммерция сектору 2024-жылы 360 миллион доллардан 2028-жылга чейин 595,7 миллион долларга чейин өсөт, 2025-жылга карата салыктык кирешелер эки эседен ашат.

Андан тышкары, 2025-жылга карата БУУӨПнын Электрондуккоммерцияны инкубациялоопрограммасы 50дөн ашык микро, чакан жана орто ишканаларды (МЧБ) санариптик маркетинг жана онлайн сатуу боюнча окутууну, дүйнөлүк санариптик экономикада жеке сектордун атаандаштыккажөндөмдүүлүгүн бекемдөөнү көздөйт.

"Кыргызстан инвестицияларды тартуу, ишкердикти өнүктүрүү жана өзүн дүйнөлүк санариптик экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүү оюнчусу катары көрсөтүү үчүн уникалдуу позицияга ээ. Бул потенциалды эффективдүү колдонуу маанилүү", - дейт Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция Ассоциациясынын президенти Айбек Кукенкеев. 

БУУӨП ошондой эле жаш ишкерлерди санариптик рынокто ийгиликке жетүү үчүн зарыл болгон көндүмдөр менен камсыз кылуу боюнча аракеттерди баштоодо. Санарип Айымдар сыяктуу демилгелер 180ден ашуун жаш кыз-келиндерге санариптик көндүмдөрдү берип, катышуучулардын жарымынан көбүн жумушка орноштурууга мүмкүнчүлүк түздү. Кошумчалай кетсек, «Жаңырэйшн Аймак» демилгеси аймактардагы жаштар жетектеген 76 стартапка колдоо көрсөтүп, 378 жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө салым кошкон.

Жалпысынан форумдун жүрүшүндө талкуулар жана семинарлар электрондук коммерция ландшафтындагы көйгөйлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү карап, катышуучуларды тез өнүгүп жаткан санариптик экономикада ийгиликтерге жетүү үчүн баалуу түшүнүктөр менен камсыз кылды. Иш-чара Борбордук Азиядагы инклюзивдүү өсүшкө жана инновацияларга жол ачкан санариптик өнүгүүдө олуттуу прогрессти камсыз кылды.

БУУӨПнын жана башка кызыкдар тараптардын колдоосу менен уюштурулган форум билим алмашууга көмөктөшүп, кызматташууга дем берди жана катышуучулардын ортосунда маанилүү бизнес байланыштарды түздү. Санариптик экономиканын инструменттерин маалымдоо жана жайылтуу, ачык диалогду илгерилетүү жана электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө дем берүү менен бул форум Борбордук Азиянын санариптик ландшафтын өнүктүрүүдө алдыга карай маанилүү кадам болуп, келечектеги өсүшкө, инновацияларга жана биримдикке жол ачат.

Массалык маалымат каражаттарына кайрылуу үчүн: АйнагүлАбдрахманова, БУУӨПнын Байланыш бөлүмүнүн кызматкери ainagul.abdrakhmanova@undp.org 

 

****

БУУӨП жөнүндө: БУУӨП жакырчылыктын, теңсиздиктин жана климаттын өзгөрүүсүнүн адилетсиздигин жоюу үчүн күрөшкөн Бириккен Улуттар Уюмунун алдыңкы уюму. 170 өлкөдөгү эксперттердин жана өнөктөштөрдүн кеңири тармагы менен иштешип, биз элдерге адамдар жана планета үчүн интеграцияланган, туруктуу чечимдерди курууга жардам беребиз. Көбүрөөк билүү үчүн undp.org/kyrgyzstan же @UNDPkg дарегине катталыңыз/жазылыңыз.