Бишкекте калктын коопсуздугун жогорулатуу үчүн жаңы №9 өрткө каршы-куткаруу станциясы ачылды

2024-ж., 18-December
a group of people posing for the camera
БУУӨП / Кыргызстан

Бишкек, 18-декабрь 2024 Бишкек шаарында жаңы №9 өрткө каршы-куткаруу станциясынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул станциянын курулушу Кыргыз Республикасында өрткө каршы-куткаруу кызматынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу калкты өрт кырсыктарынан коргоо деңгээлин жогорулатуу максатында ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында ишке киргизилди. Долбоорду БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) колдоосу менен ишке ашырылды, ал эми каржылоону Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) камсыздады.

Жаңы өрткө каршы-куткаруу станциясы өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу үчүн зарыл болгон заманбап жабдуулар менен камсыздалды. Көп кабаттуу имараттардын шартында иштөөгө арналган жабдууларга өзгөчө көңүл бурулган, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 54 метрлик, лифти жана бийиктикте өрт өчүрүүгө ылайыкталган жабдуулары бар уникалдуу авто-шаты сатып алынды. Бул заманбап чечим татаал кырдаалдарга жооп кайтарууга даярдыкты бир топ жогорулатып, борбор калаанын тургундарынын коопсуздугун камсыздайт.

Бул станция өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу системасынын маанилүү бөлүгү гана болбостон, жаңы кызматкерлерди даярдоо жана учурдагы өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу борбору да болуп кызмат кылат. Имаратта окуу жана кесиптик өсүш үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн: жабдылган окуу класстары, жашоо үчүн жайлар жана заманбап машыгуу аянтчалары бар.

a person standing next to a truck and emergency equipment
БУУӨП / Кыргызстан

Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кванджэ, KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Лим Соён жана БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Александра Соловьева сөз сүйлөштү.

БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Александра Соловьева белгиледи: «Биз бүгүн кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча 2030-жылга чейинки Улуттук стратегияны ишке ашырууга чоң салым боло турган төртүнчү станцияны ачып жатабыз. Бул долбоор бизге заманбап жабдууларды жана инфраструктураны камсыз кылууга жардам берди, бул Кыргызстандын жарандарынын өмүрүн коргоого жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого түздөн-түз өбөлгө түзөт».

a person giving her speech
БУУӨП / Кыргызстан

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышына ыраазычылык билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи: «Бүгүнкү иш-чара коомдун туруктуу өнүгүүсү үчүн коопсуздуктун канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу эскертип турат. Сиздердин жан үрөп жасаган эмгегиңиздер бизде сыймык жана ишеним сезимин пайда кылууда».

a man during his opening speech
БУУӨП / Кыргызстан

Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Кванджэ баса белгиледи: «Бишкектеги өрткө каршы-куткаруу бөлүмү жана Чолпон-Атада, Ошто жана Сузакта ачылган бөлүмдөр долбоордун алкагында алынган алдыңкы инфраструктураны жана жабдууларды калкты өрттөрдөн жана ар кандай кырсыктардан коргоо үчүн пайдалана алышат».

a man during his opening speech
БУУӨП / Кыргызстан

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар станциянын иши жана жабдыктары менен таанышып, өрт өчүрүүчү унааларды, куткаруу жабдыктарын жана бийиктикте өрт өчүрүү үчүн колдонулуучу техникаларды көрүштү. Станция Бишкек шаарында жана анын аймактарында өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу системасынын маанилүү бөлүгү болот.

Долбоор KOICA жана БУУӨПтүн активдүү колдоосу менен ишке ашырылды, жана бул кызматташуу ушуну менен токтоп калбайт. Жалпысынан, төрт өрт өчүрүүчү жана куткаруу станциясы курулду, алар жарым миллиондой тургунду камтып, бөлүмдөрдүн ишке даярдыгын кыйла жогорулатат.