Улукбек жылуу чайдан ууртап коюп, күзөт агенттигине орношуу менен, өзүнө менчик квартира табуу үчүн мүмкүн болушунча көбүрөөк смена иштеп акча табуу жөнүндө Евгенийге өзүнүн келечек пландарын айтып берип жатты. Улукбек Бишкектин борборунда башка дагы беш эркек менен чогуу жашап, алар күндөлүк милдеттерин кезеги менен аткарып турарын айта кетиш керек. Ашканада кир идиш-аяктар жок, плитада болсо жаңы эле даяр болгон суюк тамак турат. Телевизордо болсо боевик көрсөтүлүп жатат, ал эми эркектер болсо бир- бирине келечек максаттары жөнүндө айтуу менен алек.
БУУӨП долбоору /Глобалдык фонду каржылаган жана TB People Коомдук Фонду жетектеген башкаларга окшобогон бул квартира дарылоосун аяктап, кургак учук менен ооруган пациенттерге бутуна туруусуна мүмкүнчүлүк берип, турмуштун оор кырдаалында убактылуу баш калка сунуш кылат.
“Кургак учук менен лагерде ооруп калдым”, -дейт Улукбек. “Түрмөдөн чыккандан кийин бара турган жер жок эле. Үйдү туугандарым сатып жиберип, мен көчөдө калдым. Азыр мен бул жерде бир айдан бери турам. Бул жердеги балдар бардык жактан жардам беришүүдө. Ооруканага жеткиришет, дарыларды алып келишет, тамак беришет, кийим-кечектен дагы кайрылышат, врачтар келип турушат”.
Дагы бир кардар Максим, мындай деп кошумчалады: Документтер жагынан дагы жардам беришет. Мисалы, менин паспортум жок, ошондуктан мен жумуш табалбаймын. Ал эми жумушу жок кантип жашайм”.Ал бул борборго Карабалта шаарындагы кургак учукка каршы ооруканада дарылангандын алгачкы айларынан кийин, мындан он беш күн мурда келген.
Кургак учук менен ооруган бейтаптар үчүн бирден-бир шелтер
Бул жердегилердин ар биринин өз таржымалы бар, бирок алардын бардыгы баш калкалоочу жайы жана алдында тамагы болбосо кургак учукту жеңүү кыйын экендигин жакшы түшүнүшөт. “Бул жерде бардыгыбыз жакшы мамиледебиз жана бир-бирибизди түшүнөбүз”- дейт Улукбек. “Бардыгыбыз чогулуп, эмне тамак жей турганыбызды кеңешебиз. Сүйлөшөбүз, ар ким өзүнүн оорусу тууралуу кеп кылат. Кайдан ооруп калгандыгы, качантан бери дарыланып жатканын, кандай дарыларды ичкендиги ж.б. жөнүндө. Бир -бирибиз менен самынды, шампунду бөлүшүп турабыз”.
Мындай тилектештик алардын турмушунун эң оор мезгилиндеги кошумча колдоо болуп эсептелет. 2021-жылдын март айында ачылган убактылуу жашоонун бул борбору кургак учук менен ооруган адамдар үчүн Кыргызстандагы жападан жалгыз ушундай борбор болуп эсептелет жана 70 тен ашык кардарды кабыл алууга үлгүрдү.
“Кайсы болбосун башка шелтордо КУО ну болтурбоону талап кылышат. Эгерде КУО болсо, ал элден чыгып, азгын-тозгун болуп калат. Анын барар жери жок.”-деп борбордун социалдык кызматкерлеринин бири Евгений кошумчалады.
“Бул жерге келген адамдардын көпчүлүгүнүн кийип жүргөн кийиминен башка эчтекеси жок. Алардын жей турган тамагы болбосо, кургак учуктан кантип айыгышат?” – дейт Кыргызстандагы TB People уюмунун директору Дилшат Хаитов. “Мурда биз дайыма бир эле көйгөйгө дуушар болчубуз: пациенттер кургак учуктан дарыланууну каалашат, бирок жашай турган жери жок. Быйылкы жылы БУУӨП жана Глобалдык фонд менен макулдашуунун аркасында биз турмуштун оор кырдаалына туш болгон кургак учук менен ооруган пациенттердин жашоосу үчүн убактылуу жашоо борборун ача алдык. Эми биз бул адамдарга дартынан сакайып, жаңыча жашоону баштоосуна жардам бере алабыз”.
Борбор турмуштук оор кырдаалга туш болгон адамдарды, мисалы, мурунку эркинен ажыратылгандарды, үйү жокторду же үй-бүлөлүк чыр-чатактардан же стигмадан дарылоо курсунан өтө турган орду жок пациенттерди кабыл алат. Ошондой эле борбор шаарга дарт аныктоо үчүн келген үй-бүлөлөр жайгаша ала турган аялдар жана балдар үчүн бир палатабыз бар.
Комплекстүү багуу
Иш жүзүндө борбор жөнөкөй эле баш калканы, ысык тамакты жана тиричилик тейлөөнү гана бербестен, бир кыйла көп нерселерди сунуш кылат, анын ичинде кургак учук менен ооруган пациенттер медициналык, психологиялык, социалдык жана юридикалык жардамдарды алышат. Алар өзүнүн кардарларына кургак учукту жеңүүсүнө жардам берип, колунан келген бардык болгон аракетин жасап жаткан персонал менен дайыма байланышта болуп турушат.
“Бул жерде бардыгы дарылоого багытталган”, -дейт Евгений. “Бул жерде адамдар кургак учук жөнүндө жөнөкөй тил менен маалымат алышат. Алар өз көйгөйлөрү, дарылоонун коштолгон таасирлери жөнүндө айтып бере алышат, биз болсо аларга жардам беребиз. Пациенттерди текшерүү үчүн бул жерге врачтар жана психологдор жума сайын келип турушат. Биз аларга колдоо көрсөтөбүз, туугандарын табууга көмөктөшөбүз жана жумуш издейбиз. Мисалы бир жигит бар, ал бул жерде 4 ай туруп, ушул убакыттын ичинде документтерин алды, туугандары менен байланыш түздү, турак жайга ээ болду жана ошондон кийин кетти”.
“Бул жерде адамдар дайыма байкоо алдында болуп, жашоого керектүү бардык алгачкы тейлөөлөрдү алышат. Ошону менен биз аларда дарыланууга болгон ынтааны пайда кылабыз” -деп түшүндүрдү, бул долбоордо психолог болуп иштеген Денис. “Эгерде ушуга окшогон шелтер болбосо, анда адамдар дарылоо ала алышпайт, жашай турган жеринин жоктугунан”.
Кургак учук менен өзгөчө көп өтө аярлуу адамдар оорушат, анткени иммундук система абдан начарлаган учурда илдет өөрчүйт. Кургак учукту дарылоонун азыркы учурдагы методдору абдан эффективдүү болсо дагы жакырчылыкта жана оор абалда жашаган адамдар үчүн илдетти жеңүү өтө кыйынга турат.
“Бир жигит бизге ооруканадан келди. Өзү Таластан болот, бирок үй-бүлөлүк көйгөйлөрдүн жана жергиликтүү менталитеттин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу ал жактан дарылана алган эмес. Бул жерде ал сакайып кетти, биз ага паспорт алууга жардамдаштык, жана биздин жардамыбыз менен туугандары менен мамилесин оңдоду. Биз аларга андан коркпоосу керек экендигин, ал илдетти жуктурбай тургандыгын түшүндүрдүк,” -дейт Денис.
Евгений айтып бергендей, борбордун кызматкерлери ошондой эле административдик жана юридикалык маселелерди чечүүгө дагы жардам беришет экен: Биз негизинен документтер маселеси курч турган калктын көйгөйлүү топтору менен иш алып барабыз. Кээде эски паспорту бар, ал эми айрым учурда паспорту таптакыр эле жок. Кээ бирөөнүн бошотулгандыгы жөнүндө маалымдамасы гана бар. Ошондуктан оорулууну кайдадыр бир жерге жаткыруу, субсидияларды алуу, майыптыкты алуу, жумуш табуу өтө татаал...”
Психологиялык колдоо
Борбордун дагы бир маанилүү милдети -кардарларды психологиялык жактан колдоо. “ Биз топтук окууларды өткөрөбүз, ал жерде илдет айыкпайт деп түңүлүүнүн кереги жок деген ой басымдуулук кылат. Андан башка дагы жеке кеңеш берүүлөр бар, бул көңүлдөгүнү табууга жардам берет. Бардыгынын көйгөйлөрү бирдей, туугандары менен болгон мамилелер, өзүнө болгон мамиле, стигма жана дискриминация боюнча маселелер. Денис кургак учуктун айынан үйүнө кайта албай жаткан бир пациентти мисал келтирди: Адегенде мен ал илдетти жуктуруудан коркуп жаткан экен деп ойлодум, көрсө ал ага кыла турган мамиледен коркуп жаткан экен. Ушундай күчтүү өздүк стигма болуптур. Биз аны менен иштегенден кийин ал жеңилденип калды. Анан аялы келди, андан кийин өзү дагы бизге рахматын айтып, үйүнө кетти”.
“Эгерде адам бошонуп чыкса, жашоону башынан баштоо керек, деп биз түшүндүрөбүз. Өткөндүн каталарын кайталабаса, бардыгы жакшы болот. Негизги басымды биз дарыланууга, дарылоонун аякташына болгон ынтаага, жана ошол эле бардыгынан кийин адам кадимки жашоого кайрылып келүүсүнө жасайбыз” – деп кошумчалады Денис.
Бул үчүн окшоштун окшошко болгон колдоосунан артык натыйжалуу эч нерсе жок. Шелтердин бардык ызматкерлери дагы бир теңдүү кеңешчилер болуп эсептелишет, бул алардын өз кардарлары туш болгон ошол эле жагдайлардан, кургак учукпу, АИВби, баңгиликпи, селсаяктыкпы, түрмөбү же башка оор кырдаалдардан өтүшкөндүгүн билдирет. Өзүлөрү ушундай тажрыйбага ээ болуу менен алар туура сөз таап жана өзүлөрүн ийгиликтин мисалы катары көрсөтө алышат.
“Окшош кеңешчилер маанилүү, анткени муну өз башынан өткөрбөгөн адам муну түшүнбөйт жана жардам бере албайт. Биздин окшош кеңешчилер жеңил эле чечип кое алышат. Мисалы, адамдар өзүнүн илдети тууралуу билгенде жана жалгыз калганда, жагдайды моюнга алып, көнүмүш абалга келүү үчүн жарым жыл керек; ал эми адамдын мүнөзү жеңил болсо, бул суицид менен аяктоосу дагы мүмкүн. Окшош кеңешчилер менен бирге бул процесс бир айга гана созулат, -деп улантты Денис.
Мисалы Евгений бошонгондон кийин шелтерде бир жыл жүрдү жана эки жолу кургак учук менен ооруп чыкты. “Мен бул адамдардын эмнелерди гана көрбөй тургандыгын жакшы түшүнөм. Жана мен эгерде адам жашоого умтулса, анда КУО ооруп айыгат да, жашоосун улантат, ал эми ага баары бир болсо, ага кандай таблеткаларды берсең дагы жыйынтык болбойт. Дарылоо учурундагы адамдын психо-эмоционалдык абалы – бул негизги нерсе. А биз бул жерде болсо алар кимдир бирөөлөргө керек экендигин сездиребиз. Биз ошентип алардын күчтүүрөөк болушуна жардам беребиз”. Евгений азыр куландан соо гана болбостон, өз тажрыйбасынын аркасында башкаларга жардам берүүнү каалайт.