Ар бир адамдын укугу корголсо, дүйнө СПИДди жеңе алат
2024-ж., 29-November
2024-жылдын 29-ноябры, Бишкек шаары – ПРООН жана ЮНЭЙДС өнөктөштөрү жана ВИЧ менен жашаган адамдардын коомчулугу менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүн белгиледи. Негизги өнөктөштөр, анын ичинде эл аралык өнөктөштөр жана коомчулуктун лидерлери “Дүйнө СПИДди жок кыла алат – эгерде ар бир адамдын укугу корголсо” тегерек столунда укукка негизделген мамиле аркылуу ВИЧке каршы аракеттенүүнү күчөтүү боюнча стратегияларды талкуулашты.
Кыргызстан ВИЧке каршы күрөшүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишти, муктаж болгондорго антиретровирустук (АРВ) дарылоого кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү. Изилдөөлөр саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана коомчулуктарда стигманы жана дискриминациянын азайтууга болгон аракеттери корунуктүү прогрессти көрсөттү. Өлкө ВИЧти аныктоо жана дарылоо программаларын, анын ичинде эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен каржылоону көбөйтүүдө.
Бирок, ВИЧ менен жашаган адамдар мүмкүн болушунча тез арада кабыл алынышы керек болгон дагы бир катар кадамдарды белгилешет – кээ бир клиникалык протоколдорду кайра карап чыгуу, дарылоону үзгүлтүккө учуратпоо үчүн мониторинг жана колдоо системасын күчөтүү, дарылоо жана каржылоо менен байланышкан чечимдерди кабыл алуу процесстеринде ВИЧ менен жашаган адамдардын коомчулугунун катышуусун камсыздоо.
«ВИЧ-инфекциясы менен жаган аял катары, ар бир адамдын укугу корголсо, дүйнө СПИДди жеңе аларын билем. Биз ВИЧ-инфекциясы менен жашаган адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна таасир этүүчү чечимдерди кабыл алуунун бардык механизмдерине катышуусуна кепилдик беришибиз керек. Ошондой эле ВИЧ менен жашаган адамдардын коомдоштуктары менен бардык өнөктөштөрдүн алардын үнүн эске алуу жана ВИЧ менен жашаган адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен иш-аракеттерди түзүү үчүн үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү зарыл» - деб коомчулуктун лидери Бактыгүл Исраилова айтты.
Саламаттыкты сактоо министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта ПРООН медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, ВИЧти дарылоо жана алдын алуу сапатын жогорулатуу жана саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча иш алып барат.
«Жыл сайын 40 миңге жакын тобокелдик тобуна профилактикалык кызматтар, анын ичинде ВИЧке тестирлөө, медициналык буюмдар жана билимдер берилет. Ал эми ВИЧке чалдыккан 5 миңден ашык адам антиретровирустук дарылоодон өтүшөт, бул аларга өлкөнүн бардык жарандары сыяктуу толук жашоого мүмкүндүк берет. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен өнөктөштүк бизге ВИЧ эпидемиясына байланышкан чакырыктарга натыйжалуураак жооп кайтарууга жана өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет”, - деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал.
Проблемаларды чечүү биргелешкен аракеттерди талап кылат:
• Мыйзам чыгаруу реформалары: стигматизациялоочу же жокко чыгаруучу мыйзамдарды жана практиканы ВИЧ менен жашаган адамдарга мүмкүнчүлүк берүүчү инклюзивдик саясат менен алмаштыруу керек.
• Коомчулуктардын катышуусу: ВИЧ менен жашаган адамдар алардын жашоосуна таасир этүүчү чечимдерди кабыл алууга катышышы керек.
• Саламаттык сактоо системаларын чыңдоо: Дары-дармек менен камсыз кылуу мониторингин жакшыртуу жана диагностикалык кызматтарды кеңейтүү сапаттуу тейлөө үчүн маанилүү.
«СПИДге каршы күрөш адам укуктары үчүн күрөштөн ажырагыс нерсе. Ар бир адамдын, өзгөчө маргиналдуу топтордун укуктарын коргоо менен биз алдын алуу, дарылоо жана камкордукка бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздай алабыз”, - дейт ЮНЭЙДСтин Кыргызстандагы өкүлү Мээрим Сарыбаева.
2030-жылга чейин СПИДди жок кылуу мүмкүн, бирок ал укукка негизделген биргеликтуу аракеттерди талап кылат. Коомчулуктардын, айрыкча Вич-инфекциясы менен жашаган адамдардын саясатты жана практиканы кабыл алууда чечуучу үн болуусу керек . Биргелешип, биз тоскоолдуктарды жок кыла алабыз, гендердик теңчиликти илгерилете алабыз жана ар бир адамдын ден соолугун жана кадыр-баркты биринчи орунга койгон системаларды түзө алабыз.
Келгиле, бир күндүк эмес, Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнөн кийин дагы уланып, СПИДден эркин келечекти камсыз кылуучу кыймыл катары укук жолун алалы.
Маалымат үчүн
Ден соолук укугу – бул 1966-жылы Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча эл аралык пакт тарабынан бекитилген физикалык жана психикалык ден соолуктун эң жогорку стандартына жетүү үчүн ар бир адамдын ажырагыс укугу. Пакт ар бир адамдын, анын ичинде ВИЧ менен жашаган жана жабыр тарткан адамдардын, ооруну алдын алууга жана дарылоого, өзүнүн ден соолугуна карата болгон чечимине сыйлоо жана эч кандай басмырлоосуз мамиле кылуусуна болгон укуктарын камтыйт.
2024-жылы ЮНЭЙДС СПИДге каршы күрөшүүнүн маанилүү багыттарын белгилеп, ВИЧ менен жашаган бардык адамдардын, өзгөчө маргиналдуу топтордогу адамдардын укуктарын коргоого чакырган. Бул гендердик теңчиликти, адамдардын социалдык абалына жана ден соолук абалына карабастан аларга болгон сый-урматты жана камкордукту камтыйт. ЮНЭЙДС адам укуктары ВИЧти дарылоого жана алдын алууга болгон мамиленин өзөгүн түзөрүн жана адамдарды жазалаган, басмырлаган же стигматизациялаган мыйзамдар менен практикалар жокко чыгарылышы керектигин баса белгиледи.