БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУӨПтүн Админстраторунун жардамчысы жана БУУӨПтүн Европа жана КМШ аймактык директору Ивана Живкович Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди

2024-ж., 3-March

 

КИМ: Ивана Живкович, БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы жана БУУӨПтүн Европа жана КМШ боюнча аймактык директору.

ЭМНЕ: Кыргыз Республикасына иш сапары

КАЧАН: 03–06-март, 2024-ж

КАЙДА: Бишкек — Ош - Баткен

2024-жылдын 3-мартынан 6-мартына чейин БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы жана БУУӨПтүн Европа жана КМШ боюнча аймактык директору Ивана Живкович айым Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Анын иш сапарынын максаты Кыргыз Республикасынын жетекчилиги жана башка негизги тараптар менен консультацияларды өткөрүү, өлкөнүн Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетишүүсүн тездетүү жана чечимдерди интеграциялоо үчүн БУУӨПтүн колдоосунун артыкчылыктуу багыттарына көңүл буруу болуп саналат.

Иш сапарынын алкагында Ивана Живкович айым жогорку бийлик өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушат. Министрлер кабинетинин төрагасы, парламенттин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри менен жолугушуулар пландаштырылган. Мындан тышкары, Ивана Живкович айым БУУӨПтүн Баткен облусун комплекстүү өнүктүрүү боюнча сунушунун презентациясына катышат. Айрыкча, татаал милдеттерди чечуудө айрым тармактар боюнча өнугуунун традициялуу формалары жетшсиз болгондуктан,  өнүгүүгө комплекстүү мамиле жасоонун маанилүүлүгү, өнүгүү мүнөзүнүн өзгөрүшү менен шартталган зарылчылыктар баса белгиленет. 

Мындан тышкары, Аймактык директор жаратылышты коргоо боюнча трасттык фонддун концепциясын жана анын Кыргыз Республикасындагы жаратылышты коргоо боюнча маанилүү аракеттерди туруктуу каржылоо үчүн потенциалын талкуулайт жана биологиялык ар түрдүүлүктү жана экосистеманы сактоону колдоо боюнча өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн изилдейт. Ивана

Живкович айымдын иш сапарында Ош жана Баткен облустарына баруу камтылган, ал жерде ал учурдагы кызматташтыкты жана келечектеги багыттарды талкуулоого катышат. Бул сапарлар климаттын өзгөрүшүнө, социалдык биримдикке жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө БУУӨПтүн чечимдеринин таасирин өз көзү менен көрүү үчүн жергиликтүү бийлик окулдору, жергиликтүү өнөктөштөр жана бенефициарлар менен жолугушууларды камтыйт.

Ошондой эле Живкович айым климат жана энергетика боюнча лидер аялдар, жеке сектордун кызыкдар тараптары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана академиялык чөйрө менен пикир алышат.

Иш-чараларга катышуу жана кошумча суроолор үчүн: Айнагүл Абдрахманова, БУУӨПтүн Байланыш бөлүмүнүн кызматкери, ainagul.abdrakhmanova@undp.org же 0770 755 776 уюлдук телефону аркылуу байланышыңыз.