Борбордук Азиянын Айымдарынын Диалогу: Аялдардын лидерлиги аркылуу тынчтык менен коопсуздукту бекемдөө

2024-ж., 4-October

Бишкек, 4-октябрь, 2024 – Борбор Азия жана Ооганстанда тынчтыкты менен коопсуздукту бекемдөөдөгү аялдардын негизги ролуна арналган Борбор Азиянын айымдарынын диалогу” атуу форуму ийгиликтүү аяктады. Форум Борбор Азияда жана Ооганстанда тынчтыкты жана коопсуздукту орнотуу аялдардын негизги ролуна басым жасалган. Бул жолугушуу тынчтыкты орнотуу шартында аймактык кызматташуу жана аялдардын лидерлигин илгерлетүү аркылуу аялдар, тынчтык жана коопсуздук (АТК) маселелери боюнча күн тартибин бекемдөөгө багытталган. 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен өнөктөштүктө БУУӨП, Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча БУУнун Регионалдык борборунун (БАПДРБ) жана БУУ Кыргызстандагы аялдарынын колдоосунда уюштурулду. 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары жана Борбор Азиянын лидер-айымдары Диалогунун төрайымы Жамиля Исаеванын жетекчилиги астында өткөн форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, эксперттер жана эл аралык өнөктөштөр баш болгон жогорку деңгээлдеги өкүлдөр катышты. Иш-чарада тынчтыкты орнотууда жана туруктуу өнүгүүдө аялдардын ролун жогорулатуунун негизги артыкчылыктары, көйгөйлөрү жана чечимдери каралды.

a group of people sitting in chairs
БУУӨП / Кыргызстан

Жамиля Исаева, парламенттин вице-спикери жана Борбор Азиянын лидер-айымдары диалогунун төрайымы: «Форум Борбор Азиядагы жана Ооганстандагы “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” күн тартибин ишке ашыруу маселелери боюнча терең эксперттик талкууларга арналды. Катышуучулар тынчтык жана стабилдүүлүктү камсыздоодо аялдардын лидерлиги, гендердик факторлорду эске алуу менен ыңгайлашуу жана гендердик көз караштардын алкагында чек арадагы суу ресурстарын башкаруу сыяктуу негизги темаларды талкуулашты». 

Талкууга алынган негизги темалар: 

  • Тынчтык жана туруктуулукту камсыздоодогу аялдардын лидерлиги: катышуучулар   аялдардын лидерлигин андан ары өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулап, аларды улуттук жана аймактык деңгээлде кеңейтүү менен  жергиликтүү деңгээлдеги ийгиликтүү турукташтыруу аракеттери көрүлүп жатканан баса белгилешти. 

  • Гендердик факторлорду эске алуу менен климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу: Эксперттер климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууда аялдардын уникалдуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн, айрыкча айыл жергесинде, жакшыртылган шарттардын жана инновациялык стратегиялардын зарылдыгын белгилешти. 

  • Гендердик аспекттерди эске алуу менен чек ара суу ресурстарын башкаруу: сууну туруктуу пайдалануу үчүн аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү чек ара  аймактарында суу ресурстарын башкарууга аялдардын катышуусун жогорулатууга багытталган инновациялык чечимдер каралды.

a group of people sitting at a table
БУУӨП / Кыргызстан

Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын делегациялары келишти. 

Гульнора Маруфова, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын комитетиндеги туруктуу негизде иштеген сенатору белгилеп кетти: «2025 жылы биз Пекин иш-аракеттер платформасынын  30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул аялдардын укугу дайым көңүл чордонунда калуусу зарыл экенин билдирген гендердик теңчилик менен аялдардын укугун алдыга сүрөө үчүн глобалдык кыймылдын негизин түзөт. Аймактык кызматташууну бекемдөө мыкты тажрыйба алмашууга жол ачып, ал өз кезегинде гендердик теңчилик менен аялдардын укуктарын коргоодо глобалдык максаттарга жетүүгө өбөлгө түзөт». 

Дания Еспаева, Казакстандын Парламентинин мажилисинин төрагасынын орун басары, форум жөнүндө өз оюн билдирди: “Форум кызматташуунун жаңы баскычтары менен тренддерин ачып жатат жана аялдардын катышуусунда алдыңкы гендердик чечимдерди алып келээрине ишенем.  Биз айымдардын үнүн угуп жана бул маселелерди күн тартибине чыгарып, аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн сунуштарды жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алдык. Ушундай форматта ишти улантуу зарыл”. 

Бунафша Файзиддинова Тажикстандын Өкмөтүнүн алдындагы айымдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин  төрайымы, белгилеп кетти: “Биз өлкөлөрүбүздөгү гендердик саясатты жайылтып жана өлкө ичинде эле эмес глобалдык деңгээлде бири-бирибиз менен тажрыйба алмашып, көйгөйлөрдү чечип, айымдарды бул ишке жигердүү тартып жатабыз”.

a group of people in a room
БУУӨП / Кыргызстан

Форум бүткүл Борбор Азияда жана Ооганстанда аялдардын тынчтыкты орнотууга жана туруктуу өнүгүүгө маңыздуу катышуусун камсыздоо боюнча стратегиялык сунуштарды кабыл алуу менен жыйынтыкталды. Бул сунуштар аймактык кызматташтыкты бекемдөө максатында келечектеги өкмөттөр аралык саясий процесстеринде сунушталат. 

Александра Соловьева, БУУӨП туруктуу өкүлү, өз сөзүндө мындай деп белгиледи: «Биз туруктуу тынчтык үчүн негиз болгон улуттук артыкчылыктарды жана стратегияларды колдойбуз. Биздин бул багыттагы аракеттерибиз конкреттүү натыйжаларды берип жатат: 2000ден ашык аялдар тренингдерге жана жеке бизнесин өнүктүрүү үчүн ресурстарга ээ болушту. Бул мүмкүнчүлүктөр алардын экономикалык абалын жакшыртат, жамааттарындагы өнүгүүгө дем берет жана аймактык стабилдүүлүккө өбөлгө түзөт. Аялдарды колдоо менен биз бүткүл аймакта тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоочу толкундуу эффект жаратабыз».

Ульзисурен Жамсран, БУУ-Аялдар туруктуу өкүлү айтып кетткен: "Форум тынчтык, коопсуздук, гендердик теңчилик жана туруктуу өнүгүү тыгыз байланышта экенин тастыктады. Жаңжалдар, климаттын өзгөрүшү, ресурстарды башкаруу жана аймактагы туруксуздук өңдүү биз туш болуп жүргөн көйгөйлөр абдан терең, бирок бул форумдан биз максаттарыбыз жаңыланганын сезип кетип бара жатабыз. Мен регионалдык өкмөттөрдү жарандык коом жана эл аралык өнөктөштөрдү биргелешкен аракеттер аркылуу сезилээрлик жыйынтыктарды жаратуу менен бул импульсту өнүктүрүүгө чакырат элем». 

Борбордук Азия боюнча БУУнун Башкы катчысынын атайы өкүлү Каха Иманадзе айтып кеткен: "Биз аялдардын ролун тынчтык алып келүүчүлөр катары кабыл алабыз.  Конфликттерди чечүү жана токтотуу менен тынчтык жана коопсуздуктун бардык деңгээлдеринде чечим кабыл алууга айымдардын толук, тең, коопсуз жана конструктивдүү катышуусу шарт". 

Кыргызстандагы БУУ системасынын туруктуу координатору Антье Граве белгилеп кетти: "Аялдар, тынчтык жана коопсуздук" климатты коргоо боюнча демилгелер менен биз баардык жамааттарга пайда алып келе турган  туруктуу чечимдерди жаратуу процессинин негизги катышуучулары катары айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте алабыз". 

Борбордук Азиядагы аялдардын Диалогу жөнүндө: Борбордук Азиядагы Лидер Аялдардын Диалогу 2020-жылдын декабрында түзүлгөндөн бери аймактагы бир катар белгилүү лидерлер жетектеп келишкен. Аялдардын саясий, экономикалык жана социалдык ролун жогорулатуу жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине таасир этүүгө багытталган Фракциянын милдетин жайылтууда ар бир төрагалык кылган тарап маанилүү ролду ойногон.

2021-жылы инаугуралдык төрагалыкты Өзбекстан жетектеп, анда аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана гендердик көз караштарды улуттук саясатка киргизүүдө олуттуу кадамдар жасалган. 2022-жылы төрагалык Казакстанга өтүп,  санариптик камсыздоого жана инновациялык программалар аркылуу ишкер аялдарды колдоого алууга көңүл бурулду. 2023-жылы Тажикстандын төрагалыгы экологиялык туруктуулук жана тынчтыкты орнотууда аялдардын лидерлигин күчөтүүнү максат кылган. Ар бир төрага өлкө, буга чейинки өлкөлөрдүн ийгиликтерине таянып,  Диалогдун жалпы миссиясын ишке ашырууга жана гендердик теңчилик боюнча аймактык демилгелерди илгерилетүүгө өз салымын кошту.