БУУӨП жана «БУУнун Аялдар» түзүмү Кыргызстандагы афган студенттер үчүн кышкы мектеп өткөрдү

2023-ж., 24-January

Кыргызстанда билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында Афган аялдары үчүн кышкы мектеп

Кыргызстанда Афганистандан келген кыздар үчүн беш күндүк кышкы мектеп аяктады. Борбордук Азия Университетинин жана Кесиптик-техникалык билим берүү жана окутуу (КТБО) программасынын 18 студенти лидерликке жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган кышкы мектепке катышышты. Иш-чара Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Казакстандагы «БУУнун Аялдар» түзүмү менен өнөктөштүктө уюштурулган. 

««БУУнун Аялдар» түзүмү үчүн бул маанилүү долбоордун бир бөлүгү болуу сыймык. БУУнун Башкы катчысынын орун басары жана «БУУнун Аялдар» түзүмүнүн аткаруучу директору Сима Бахус Афганистан боюнча акыркы билдирүүсүндө белгилегендей, билимсиз афган аялдарынын жана кыздарынын лидерликке жолу чектелген, билимсиздик аларды дискриминацияга жана гендердик зомбулукка дуушар кылат. Бизге алардын үнүн коомго жеткирүү үчүн дагы конкреттүү кадамдар жана чечимдер керек жана биз афган эже-сиңдилерибизге билим берүү аркылуу колдоо көрсөтүү үчүн өнөктөштөр менен иштешүүнү улантабыз», - деди «БУУнун Аялдар»  түзүмүнүн Казакстандагы өкүлү Мария Доценко. 

2027-жылга чейин 155 афган кызы Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын түрдүү университеттеринде жогорку техникалык жана кесиптик билим алышат. Окуу программалары айыл чарба, финансы/статистика, тоо-кен өнөр жайы, курулуш/инженерия, маркетинг жана информатика, ошондой эле медиа жана коммуникациялар сыяктуу КТБОнун түрдүү тармактарын камтып, бакалавр, магистр даражаларын окутууга багытталган. 

155 студент кыздын 25и Борбор Азия университетинин Бишкектеги жана Нарындагы кампусунда билим алышат.

«Бул беш күндүн ичинде студенттер адам укуктары, гендердик теңчилик, туруктуу өнүгүү жана тынчтыкты орнотуу концепциялары боюнча кызуу талкууларга аралашып, пикир алмашышты. Семинарлар кыздардын лидерлик, ишкердик жана коомдук көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жардам берип, алардын келечекте жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн арттырышы мүмкүн», - деди БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен.

Лидерлик жана гендердик теңчилик боюнча эксперт Клаудиа де Кастро Кальдеринья: “Биз аялдарга өздөрүнүн ар түрдүү таланттарын колдоно билүүсү үчүн билим, керектүү көндүмдөрдү жана куралдарды бергенде, тынчтыкты сүйгөн, эффективдүү, экономикалык жактан туруктуу жана глобалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүү коомдун пайда болушуна шарт түзөбүз. Кышкы мектеп Афганистандын абдан эр жүрөк, таланттуу жана акылдуу кыздарын чогултту. Баардыгы кыздардын шык-жөндөмдөрүнөн көз каранды болсо, Афганистан азыркыдай болмок эмес! Эгерде алардын үнү жана энергиясы тиешелүү адамдарга угулса (сөссүз угулушу керек!), бизде тынчтык жана бакубатчылык болмок. Бул программада баарыбыз позитивдүү өзгөрүүнүн уруктарын сээп жатабыз. Аялдардын билимине инвестиция кылуу - бул коопсуз дүйнөгө инвестициялоо дегенди билдирет!».

Кышкы мектептин катышуучусу Басира БУУӨПтүн стипендиясын алганына жана мурда билбеген нерселерди үйрөнгөнүнө абдан кубанычта экенин билдирди. «Биздин башыбызда чектөөлөр бар экенин жана кайсы жерде жашап, иштесек дагы жашообузду, билимибизди өркүндөтө аларыбызды кышкы мектепте билдим»,-дейт Басира. 

«Борбордук Азия Университети биринчи кезекте мекенинде эркек кесиптештерине салыштырмалуу билим алууда жана жумушка орношууда тоскоолдуктарга дуушар болгон афган кыздарына билим берүү үчүн шарт түзүп жатат. Бул биздин баалуулуктарыбызга дал келет. БАУда жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн бардык ресурстар бар», - деди Борбордук Азия университетинин Бишкектеги кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин менеджери Асел Боталиева. 

Бул пилоттук долбоор алгач 2019-жылы башталган. 2021-жылы Европа Биримдиги академиялык программаны кеңейтүү үчүн кошумча каражат бөлгөн. Кылдат тандоодон кийин 105 афган кызы стипендия алышты.