БУУӨП жана КР ӨКМ Фергана өрөөнүндөгү табигый кырсыктарды мониторингдөө жана алдын ала болжолдоо үчүн эрте эскертүү системасын күчтөндүрүшүүдө

2024-ж., 9-December
a group of people posing for the camera

2024-жылдын 9-декабры, Майдан айылы – Баткен облусунда климаттык коркунучтардан жана мүмкүн болгон табигый кырсыктардан коргоо максатында Фергана өрөөнүндө эрте эскертүү системасынын метеостанциясы ачылды. Бул метеостанция аталган аймакта ишке киргизилген төрт станциянын бири болуп саналат. Жакын арада ушундай эле станциялар Барпы, Жаны-Ноокат жана Орозбеков аймактарындагы пилоттук жамааттарда да иштей баштайт.

Фергана өрөөнү – Борбордук Азиядагы калкы жыш жайгашкан жана климаттык коркунучтарга өзгөчө дуушар болгон аймактардын бири. Ал жакта суу ташкындары, селдер жана жер көчкүлөр сыяктуу табигый кырсыктар байма-бай катталып турат. Майдан айылында жайгашкан жаңы метеостанция табигый коркунучтарды убагында аныктоо, маалыматтарды чогултуу жана талдоо аркылуу алдын ала божомолдорду жакшыртууга, ошондой эле ыкчам чара көрүүгө шарт түзөт. Бул өзгөчө 2024-жылдын жайындагы кыйратуучу суу ташкындарынан кийин эрте эскертүү системасын бекемдөөнүн зарылдыгын көрсөттү.

a man speaking to the audience

Мамбетов Азамат өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары төмөнкүлөрдү белгиледи: «Эрте эскертүү  жана мониторинг системалары – биздин артыкчылыктуу багытыбыз. Жаңы технологиялар жана БУУӨП менен Европа Биримдигинин өнөктөштүгү аркылуу жарандардын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоону жакшыртып жатабыз».

БУУнун Башкы катчысынын «Бардык адамдар үчүн эрте эскертүү» демилгеси климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу адам өмүрүн жана бакубаттуулугун коргоого багытталган мындай аракеттер үчүн негизги багыт болуп калууда.

a person standing in front of a piano

БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева баса белгиледи:
 «Бул метеостанция – алдыңкы технологиялар жергиликтүү жамааттардын климаттык чакырыктарга туруштук берүү жөндөмүн кантип бекемдей ала тургандыгынын ачык мисалы. Биз Кыргызстанды ишенимдүү мониторинг жана эскертүү системасын түзүүдө колдоону улантабыз».

a man wearing a suit and tie

Стефано Коррадо, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн долбоордун менеджери кошумчалады: «Долбоор Баткен облусунун жергиликтүү кызматтарына табигый кырсыктардан улам келип чыккан үзгүлтүктөрдү алдын алууда жакшыраак даярданууга жана ресурстар менен камсыз кылууга жардам берүүдө маанилүү роль ойноду. Жергиликтүү калк үчүн маанилүү кызмат көрсөтүү жана мен бул алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана ПРООН менен курган өнөктөштүгүбүз менен сыймыктанам.”

Иш-чарага борбордук жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, анын ичинде Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы делегациясы, БУУӨП жана Майдан айылынын тургундары катышты.

Европа Биримдиги:
Бул долбоор Европа Биримдиги тарабынан каржыланган БУУӨПтүн «Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшү жана туруктуулук» долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Долбоордун алкагында 4 пилоттук метеостанция (Барпыда, Жаны-Ноокатта, Майданда жана Орозбековдо) орнотулуп, жергиликтүү калкты маалымдоо боюнча гендердик инклюзивдүү мамилелерди камтыган иш-чаралар өткөрүлдү.

БУУӨП жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги климаттык коркунучтардан калкты коргоо жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн эрте эскертүү системасын бекемдөө боюнча иштерин улантууда.