Чаткалда эки кар көчкү станциясы ишке кирди

Япония Өкмөтү, БУУӨП жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө мониторинг жүргүзүүнү жана болжолдоону күчөтүү үчүн кызматташат

2023-ж., 11-October

 

11-октябрь 2023, Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Япония Өкмөтү жана БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) ортосундагы кызматташтыктын алкагында "Чапчыма" жана "Чаткал" (кар каптоо жана кар көчкү коркунучун мониторингдөө станциялары) кар көчкү станцияларынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы салтанатка Япониянын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси, БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү, КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары жана Чаткал районунун акими (мамлекеттик администрация башчысы) катышты. Кар көчкү станциялары реалдуу убакыт режиминде так маалымат берип, калкты кар көчкү коркунучу тууралуу алдын ала кабардар кылып турат, бул калктын коопсуздугун жакшыртат. 

Салтанатта өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эдельбек Кулматов Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн чабалдыгын азайтуу боюнча чараларды көрүп жатканын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу жана көмөгү менен ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу, материалдык-техникалык жабдуу, тобокелдиктерди азайтуу боюнча инфраструктуралык иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Ал белгилегендей,"Япония Өкмөтүнүн жана БУУӨПтүн колдоосу менен биз кар көчкүнүн активдүүлүгүнө байкоо жүргүзүүдө жана мониторинг жүргүзүүдө олуттуу натыйжаларга жетиштик, бул табигый кырсыктардын терс кесепеттерин алдын алууда жана азайтууда чечүүчү ролду ойной алат".

Япония өкмөтү Эл аралык кызматташтыкка берилгендигине ылайык кырсык коркунучун азайтуунун жана кар көчкү коркунучу бар аймактарда коопсуздукту камсыз кылуунун өзгөчө маанилүүлүгүн тааныйт. Кыргыз өкмөтүнө кар көчкүлөрдү мониторингдөө жана болжолдоо жаатындагы потенциалды бекемдөөгө колдоо көрсөтүү менен Япония Өкмөтү табигый кырсыктарга туруктуулукту жогорулатууга жана алардын коомчулук үчүн кесепеттерин жумшартууга умтулат.

Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хидеки Года белгилегендей, "Япония Өкмөтү БУУӨП аркылуу Борбордук Азия аймагында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууга, анын ичинде Жалал-Абад жана Нарын облустарында кар көчкүнүн мониторингинин үч станциясын түзүүгө колдоо көрсөттү, алардын жалпы суммасы 1,17 миллион АКШ долларын түзөт. Биринчиси-Мен май айында барган Нарын облусундагы Долон трассасындагы станция. Япония өкмөтү бул жаатта колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр". 

Тоолуу региондогу табигый кырсыктардын көпчүлүгү кар көчкү коркунучу менен байланыштуу экендигин эске алып, даярдыкты жогорулатуу жана кесепеттерин жеңилдетүү үчүн гидрометеорологиялык мониторингдин ишенимдүү системасы зарыл. Табигый кырсыктардын тобокелдигине мониторинг жүргүзүүнүн интеграцияланган системасын түзүү калктын коопсуздугун, ошондой эле институттук жана ыкчам биримдикти камсыз кылуу үчүн биринчи кезектеги мааниге ээ болот. Бул институционалдык механизмдерди да, материалдык-техникалык инфраструктураны да жакшыртууну талап кылган комплекстүү мамилени талап кылат.

Буга байланыштуу Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен БУУӨП Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул жылдын башында ишке киргизилген Чаткал облусунда эки жана Нарын облусунда бир кар көчкүнүн мониторинг станциясын куруу жана ишке киргизүү жолу менен табигый кырсыктарга чара көрүү системасын жана эрте кабарлоо потенциалын жакшыртууга колдоо көрсөтүүдө. Мындан тышкары, долбоордун алкагында бардык станциялар толук кандуу иштөө үчүн керектүү метрологиялык жабдуулар менен жабдылган.

Аземдин жүрүшүндө БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева "Бул көчкү станциялары биздин биргелешкен аракеттерибиздин олуттуу натыйжасы болуп саналат, алар жамааттарды туруктуу жана коопсуз кылууга алып келет. Кызматташуу табигый кырсыктардын тобокелдигине жооп кайтарууну күчөтүп, өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинде кар көчкүлөрдүн жана гидрометеорологиялык коркунучтардын алдын алат деп эсептейм".

Кар көчкүлөргө мониторинг жүргүзүү станцияларын түзүү Япония өкмөтү каржылаган "Кыргыз Республикасында тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу жана Борбордук Азияда регионалдык кызматташуу боюнча потенциалды чыңдоо" долбоорунун алкагында демилгеленген.

Долбоор тууралуу кененирээк бул жерден биле аласыз.

 

***

 

ММК үчүн байланыштар:

Айнагүл Абдрахманова, БУУӨПтүн коомчулук менен байланыш кызматкери +996775755776 here.