Бишкек шаарында курулуш күчөп жаткан учуру. Курулуш компаниялары күн сайын жаӊы бийик имараттарын пайдаланууга беришүүдө. Жеке сектор да барган сайын өсүп жатат: шаардын чет жакаларында менчик заманбап үйлөр пайда болууда. Аны менен бирге электр энергиясын пайдалануу да өсүүдө. Жаӊы курулган үйлөр ал жакта болгон энергетика түйүндөрүнө кошулуп жатат, бирок ал түйүндөр мынчалык көп сандагы объектилерге эсептелген эмес. Ата мекендик энергетиктер жакында бул багытта каатчылык болорлугун алдын ала болжолдоп эскертип жатышат.
Жакында «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» республика энергетика тутуму иштеп турган убакыттан бери электр энергиясын пайдалануунун туу чокусуна жетти деп билдирди. Жабдуулардын дайыма ашыкча жүктү аткарышынын натыйжасында, жакынкы келечекте жарык кезеги менен өчүрүлүшү борбордун тургундары үчүн жаӊы реалий болуп каларына алып келиши мүмкүн. Мындай терс кесепеттерден алыс болуу үчүн энергияны үнөмдөөнү сунуштап жатышат.
Үйүнүн жарыгы гана эмес, жылуулук каналы да, суу түтүгүнөн чыга турган ысык суунун болушу да дал ушул электр энергиясынан көз каранды болгон менчик үй ээлери эмне кылышы керек? Буга жөнөкөй эле жооп бар: алар Стриженковдун үй бүлөсү өткөн энергиянын альтернативдик, экологиялык булагына өтүүлөрү керек.
Борбордун «Киргизия-1» деп аталган районундагы жаӊы үйүнө бул жаш үй-бүлө үйүн оӊдоп-түзөтүп бүткөндөн кийин, былтыр күзүндө көчүп киришкен эле. Заманбап салынган бул кенен үй аталган үй-бүлөнүн кыялындагы ыӊгайлуу жайга айланды.
— Эки жылдан бери курулуш иши бүтпөй келет. Өзүӊүздөр көрүп тургандай, иш дагы эле көп – дейт Нина Стриженкова.
Үйүнүн аянты өтө чоӊ болсо дагы, коттедждин ичи аябай жылуу. Үйдүн кожойкеси үйдө жеӊил кийинип жүрөт. Андан тышкары ал кичинекей баласын полдо ойногонго да уруксат берет. Азыркы учурда Бишкекте чилде учуру болуп, катуу суук болуп турат – смартфондогу тиркемеге ишене турган болсок, көчөдөгү абанын табы – 11 градуска чейин жетип турат.
Гелио жабдуусун орнотуу ишине күйөөсү жооптуу, андыктан үйдүн кожойкеси анын келишин күтүүнү сунуштайт. Ага чейин үйдүн жаш кожейкеси үйдөгү тиричилигин экология эрежелерине ылайык жана электр энергиясын үнөмдөгүдөй жайгаштыруу ниети тууралуу айтып берип жатты. Азыр, мисалы, ал калдыктарды сорттоонун үйдөгү тутумун ишке ашырып жатат.
— Азырынча кагаздарды гана ажыратууга мүмкүн болуп турат, бирок бара-бара бардык тиричилик калдыктарын сорттоого мүмкүнчүлүк жараларына ишенерин айтты Нина.
Короосунда компостук чуӊкурду уюштуруу, ошондой эле дагы башка «жашыл» технологияларын колдонуу үчүн жаздын келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.
Бирок, үй ээси Николай келип калып, маегибиз үзүлүп калды. Ал үйүндөгү эӊ негизги жайды – от жакчу бөлмөнү көрсөтүүгө макул болду. Коттеджди жылуулук менен толук камсыз кылган кенен, жарык, заманбап жабдылган бөлмөгө түштүк.
— Биздин үйдүн долбоорун чийип, «Северэлектрого» барганыбызда, алар бизге 15 кВТ гана бөлүп берерин айтышкан. А бизге болсо бардык керектөөлөрдү жабуу үчүн – сууну ысытуу, үйлөрдү жылытуу, электр жабдууларынын иштеши үчүн минимум 25 кВТ керек болчу. Энергиянын кубаттуулугунун каатчылыгынан улам, электр энергиясын пайдаланууну кантип үнөмдөш керек экендигин ойлонууга туура келди – дейт үй ээси.
Бир учур бул маселени чечкенге түрткү берди: Николай 220.kg компаниясынын күндөн энергия алган коллекторлордун жарнамасын көрүп калып, кызыга баштаган. Ал Интернеттен гелио жабдуулар жөнүндө маалымат издей баштайт, досторунан, кесиптештеринен ал тууралуу сураштырып көрөт. Айрым тааныштары үйлөрүнө бул панелди эчак эле орноткондорун жана ага ыраазы болушкандарын угат.
Ошондон кийин Николай бул технологияны өзүнүн жеке муктаждыктарына пайдаланып көрүүнү чечет.
— Адистерге кайрылдым. 220.kg компаниясында бардыгын эсептеп көрүшүп, коттеджге комбинирленген от жакчу казан орнотууну сунушташты. Анын натыйжсында үйдү электр энергиясынын, газдын, көмүрдүн, ошондой эле күн энергиясынын жардамы менен жылытууга болот – дейт Николай.
Ошентип, коттеджге жылуулук насосун, көмүр жана газ менен жагуучу от казанын орноттук. Үйдүн түштүк тарабындагы чатырга күндүн нурунан жылыган төрт коллектор орноттук – алар үйдү жылуу суу менен камсыз кылып турат. Ал эми от жакчу бөлмөдө гелиожабдуу менен байланышкан суу толгон резервуар, ошондой эле башкаруу панели орношкон.
— Мунун бардыгы бизге бөлүнгөн 15 кВТга жеткиргенге жана андан дагы бир аз кубаттуулук калтырганга мүмкүндүк берет. Эгерде биз жылытуунун жана сууну ысытуунун классикалык тутумун пайдалансак, электр энергиясы жетпей калмак – дейт.
Менчик үйлөр үчүн энергиянын альтернативдик булагы – бул өтө кымбат, себеби бул жабдуулар биздин өлкөдөгү социалдык мекемелерде да, негизинен, донорлордун колдоосу менен гана пайда болот деген пикир калыптанып калган.
Алсак, картаӊдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Төмөнкү-Серафимовкадагы социалдык стационардык мекемеде, же Ысык-Көл облусунун Эшперов айылындагы мектепте күндөн жылыган коллекторлор БУУнун Өнүктүрүү программасынын «Энергияга жетүү боюнча чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү» долбоору боюнча орнотулган. Алар акыркы эки жыл бою Кыргыз Республикасында жана Тажикстанда жүзөгө ашырылып келе жаткан БУУнун Өнүктүрүү программасынын «Жашыл айылдар» демилгесинин тажрыйбасында түзүлгөн ВИЭ жана энергиянын натыйжалуулугун өнүктүрүү борбору (CREEED) тарабынан ишке ашырылган. Долбоорду ОПЕК (OFID) фонду каржылайт.
Энергияга жетүү боюнча чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү» долбоору донордук программа катары эле иштебейт. Анын компоненттеринин бири экологиялык таза энергияны жеткирүүчү-ишканалар үчүн жана энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулар үчүн финансыга жана бизнес-моделдерге жетүүнү камсыз кылуунун эсебинен туруктуу энергетикалык чечимдердин ата мекендик рыногун өнүктүрүүгө багытталган. Жергиликтүү жана эл аралык ар кандай өнөктөштөр менен өнөктөш болуу менен, программанын алкагында энергияга жетүүнү каржылоонун виртуалдык платформасы www.greenenergy.kg түзүлгөн, анда жашыл технологияларды жеткирүүчүлөрдүн текшерүүдөн өткөн компанияларынан сырткары Стриженковдордун үй-бүлөсүнүн үйүнө күндөн жылытуучу коллекторлорду орноткон 220.kg компаниясы да бар.
Ошентип, долбоордун иштешинен улам, Кыргызстанда энергиянын кайра жаралган булактары менен байланышкан сапаттуу да, жеткиликтүү да бизнес-сунуштар күн өткөн сайын пайда болуп жатат. Бул рынок өсүп жаткандыгына байланыштуу, энергияга натыйжалуу үй үчүн жабдууларга баа төмөндөп барат.
— Ооба, бул бир гана жолу коюлган кымбат жабдуу, бирок ал тез эле өзүн актап коёт. Биздин үйдө кытайдын жабдуусу орнотулган: ал эч кемтиксиз иштеп жатат, бирок ал европалык аналогдордон бир топ арзан. Эки жыл ичинде күндөн жылуучу коллекторлор өзүн толугу менен актайт деп ишенем, себеби жарым жыл бою биз үй-бүлөбүз менен ысык сууну бекер колдонуп жатабыз. Жылыган суунун көлөмү эки үй-бүлөгө жетет деп мен өз тажрыйбамдан улам айта алам. Былтыр жайында карындашымдын үйүндө оӊдоп-түзөө иштери жүрүп жатканда, ал күйөөсү жана балдары менен биздикине жуунганга келишчү. Жылуу суу бардыгыбызга теӊ жетчү – деп эскерет Николай Стриженков.
Нина менен Николай менчик үйдү жылытуу, чынында эле өтө жооптуу жана өтө татаал маселе экендигин белгилешет. Бирок, бул маселени энергетика таӊкыстыкка учурап турган учурда дагы чечип коюуга болорун эскертишет, себеби энергиянын кайра жаралуучу булактары улам барган сайын жеткиликтүү болуп бара жатат. Жылына 300дөн ашык күн бою күн жаркырап тийип турган өлкөдө күндүн энергиясын пайдаланбай коюу түшүнүксүз иш.