“Гендердик сезимтал журналистика” онлайн-курсун өтүү боюнча сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

2022-ж., 4-March

4-март 2022-жыл. Бишкек.  Бүгүн “Гендердик сезимтал журналистика” онлайн-курсун өтүү боюнча жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыкт тапшыруу аземи болуп өттү. Сынака журналисттер, блогерлер, студенттер жана башка каалоочулар катышып 1000 сомдук китеп алууга сертификат, жана блютуз колонколар белек катары берилди.

Фэйсбуктун төмөнкү колдонуучулары “Гендердик сезимтал журналистика” боюнча онлайн курсун өтүү боюнча сынактын жеңүүчүлөрү катары табылды:

 

1.      Роман Гайнапов(link is external)

2.      Назира Жусупова(link is external)

3.      Таалайгуль Кенжебаева(link is external)

4.      Айдана Бактыбековна(link is external)

5.      Чынаргуль Жумабекова(link is external)

6.      Кундуз Жекшен кызы(link is external)

7.      Усенова Рыгуль(link is external)

8.      Айзат Касымалиева(link is external)

9.      Айгерим Конурбаева(link is external)

10.  Анэля Марленова(link is external)

11.  Бектур Ом(link is external)

12.  Амина Кадралиева(link is external)

13.  Нурзар Базарбеков(link is external)

14.  Асан Ахмет(link is external)

15.  Айгерим Кубатбекова(link is external)

 

Бул сынакка катышуу үчүн, Фэйсбуктун колдонуучулары өз алдынча онлайн курстан өтүп, жыйынтыктоочу тестти тапшырып, сертификатка ээ болушкан. Сынактын шартына ылайык, Фэйсбуука сертификатын жарыялаган алгачкы 10 адам сыйлык ээлери катары таанылышы керек эле. Сынака 15 адам өз сертификаттарын жарыялашкан. Коммиссия бардыгын жеңүүчү катары таанып, сыйлык берүүну чечимин кабыл алды.

“Гендердик теңдик темасын сапаттуу чагылдыруу толеранттуу жарандык коом түзүүгө чоң өбөлгө түзөт. Себеби гендердик теңдиктин принциптери сакталган жерде, коомдун ар бир мүчөсү максаттарын ишке ашырып бактылуу болушуна шарт түзүлөт. Журналисттер, блогерлер ошондой маданияты бийик толеранттуу коом түзүүгө чоң салымын кошот деп ишенем” – деп Жеңишбек Арзыматов, БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун координатору жыйын учурунда белгиледи.

“Окуу модулу кыска нуска, ашыкча сөздөрү жок, иллюстрациялары менен түзүлгөнү абдан жакты. Мындай окуу модулдарды экология жаатында дагы тузсөңөр абдан жакшы болмок” – деп сынактын жеңүүчүлөрүнүн бири  Анэля Марленова сунуш кылды.

 «Гендердик сезимтал журналистика» онлайн-окуусунан бир катар жаңы жана пайдалуу маалыматтарды алдым. Мисалы, зомбулуктун дагы бир түрү - “неглект” же “тоготпогон мамиле” түшүнүгү менен тааныштым. Журналисттик материалдын маанилүү бөлүгү болгон сүрөттү колдонууда кылдат мамиле кылуу керек экенин түшүндүм” – деп Чынаргуль Жумабекова, “Политклиника” медиасынын журналисти белгиледи.

Гендердик сезимтал журналистика боюнча онлайн курс 3 сабактан турат жана болжол менен 2-3 саатка эсептелген. Бардык 3 сабакты өткөндөн кийин, финалдык тестти тапшыруу сунуш кылынат. Тесттин жыйынтыгында, “Гендердик сезимтал журналистика”  онлайн курсун” ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө сертификат берилет. Сертификатты курстун баракчасынан көчүрүп алууга болот.

Кыргыз тилиндеги онлайн курстун шилтемеси: https://journalist.kg/kg/courses/genderdik-sezimtal-zhurnalistika-boyuncha-onlajn-okuu-modulu/(link is external)

 

Орус тилиндеги онлайн курстун шилтемеси: https://journalist.kg/ru/courses/obuchayushhij-onlajn-modul-po-genderno-chuvstvitelnoj-zhurnalistike/(link is external)  

Онлайн окуу курсу аялдарга карата терс стереотиптерди, социалдык  тоскоолдуктарды жоюуга, ошондой эле гендердик сезимтал материалдардын катарын көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

 

Онлайн курс Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин демилгеси боюнча БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу менен иштелип чыккан.

Иш-чаранын сүрөттөрү: https://flic.kr/s/aHBqjzEydD(link is external)

Медиага байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨП коммуникациялар боюнча адиси, nurzhan.alymkanova@undp.org