Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен «Климаттык убада-2» (УДАС) жана Улуттук адаптациялоону пландаштыруу (УАП) ведомстволор аралык жумушчу тобунун биринчи кеңейтилген отуруму болуп өттү.
Глазгодо өткөн Тараптардын Конференциясынын 26-сессиясы (26-ТК) Кыргызстан үчүн өзүнүн климаттык амбицияларын жарыялоо үчүн чоң мааниге ээ окуя болду. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында Кыргызстан эл аралык колдоо менен 2050-жылга чейин көмүртектүү нейтралдуулукка жетишүүгө аракет кыларын айтып, аз көмүртектүү өнүгүү курсун улантуу ниетин ырастады. Бул 26-ТКнын алдында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясына сунуш кылынган Кыргызстандын УДАСсын (Улуттук деңгээлде аныкталган салым) бекемдеди.
Климаттык кризис менен күрөшүү бардык өлкөлөрдөн UNFCCC Париж макулдашуусу же УДАС аркылуу глобалдык жылуулуктун парник газдарынын эмиссиясын азайтуу жана анын таасирине көнүүнү күчөтүү боюнча тайманбастык менен милдеттенмелерди алуусун талап кылат. УДАС климаттын өзгөрүшү боюнча милдеттенме болуп саналат, глобалдык жылуулукту 2°C төмөн, эң жакшысы 1,5°Сге чейин чектөөгө багытталган жана ар бир өлкөнүн улуттук эмиссияларды азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирине ыңгайлашуу боюнча аракеттерин камтыйт. БУУӨП «Климаттык убада» демилгесинин алкагында Кыргызстандын Улуттук УДАСына колдоо көрсөткөн.
Биринчи этапта, УДАС өнөктөштүгү тарабынан колдоого алынган бул демилге өлкөлөргө өздөрүнүн УДАСтарын даярдоого жардам берди: бүгүнкү күнгө чейин «Климаттык убада» боюнча 94 өлкө өздөрүнүн УДАСтарын тапшырышты, бул өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн бардык салымдарынын 84%ын жана парник газдарынын эмиссиясынын 20%дан ашыгын түзөт, 90%тен ашыгы жумшартууну жана 95%тен ашыгы адаптацияны жогорулатты.
2021-жылдын 3-ноябрында, 26-ТКнын биринчи жумасында, БУУӨП «Климаттык убадасынын» кезектеги «Убададан аракетке» фазасын баштады, анын жардамы менен УДАС максаттарын кеминде 100 өлкөдө ишке ашыруу үчүн колдоо көрсөтүүнү кеңейтти. Бул салым өлкөлөргө өз максаттарына жетүү үчүн инклюзивдик аракеттерди тездетүүгө мүмкүндүк берет, ошол эле учурда дагы амбициялуу климаттык аракеттерге жетишүүнү улантат.
Эми «Климаттык убадасынын» кийинки фазасы башталат – «Убададан аракетке» (2022-2026-жж.) – ал БУУӨПкө туруктуу өнүгүүнүн негизги рычагдары үчүн улуттук инвестициялык пландар катары УДАСтарды колдонуу үчүн колдоону кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргызстан Чыгыш Европада, Кавказда жана Борбордук Азияда «Климаттык убадасынын» экинчи фазасына кирген саналуу өлкөлөрдүн бири болуп саналат, ал УДАСнт ишке ашырууну пландаштырууну илгерилетүү боюнча иш-чаралар үчүн техникалык жардам алган. Бул ишке ашыруу пландары, каржылоо стратегиялары, узак мөөнөттүү нөлдүк киреше концепциясы жана климатка туруктуу өнүгүү жолдору болушу мүмкүн. Ал эми бүгүнкү күндө бул долбоорду ишке ашыруу процесси башталып жатат.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин координациясында бардык негизги министрликтердин жана ведомстволордун катышуусу менен жумушчу топту түзүү УДАСтын жана УАПтын ишке ашыруунун жүрүшүнө байкоо, ошондой эле өлкөнүн климаттык саясатын талкуулоо жүргүзүүнүн негизги механизмдеринин бири болуп саналат. Жолугушуунун катышуучулары «Климаттык убада-2» долбоорунун жана УАПтын ишмердүүлүгү менен таанышып, ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн милдеттерин жана мындан аркы ишке ашыруу пландарын талкуулашты.
Ведомстволор аралык жумушчу топ климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын төрт приоритеттүү секторунда улуттук адаптациялоону пландаштыруу жана бюджетти карап чыгуу боюнча институттук потенциалды баалоо жана потенциалды жогорулатуу боюнча УИП долбоорунун методологиясын макулдашты. Кыргызстандын өкмөтү 4 аялуу секторду аныктады: айыл чарба жана ирригация, биоартүрдүүлүктү сактоо, табигый кырсыктардын тобокелин азайтуу жана саламаттыкты сактоо.
Институционалдык потенциалды баалоо методологиясы төрт министрликтин потенциалынын негизги күчтүү жана алсыз жактарын аныктайт жана анын негизинде климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча потенциалды жогорулатуу боюнча конкреттүү жана максаттуу сунуштар төмөнкү категориялар боюнча иштелип чыгат:
• Узак мөөнөттүү көз караш жана мандат
• Институционалдык жана укуктук база
• Пландоо жана ишке ашыруу
• Координация жана өнөктөштүк
• Мониторинг жана баалоо
• Климаттык маалымат жана тобокелдиктерди баалоо
• Мамлекеттик ишканалар
Бюджетти кароонун методологиясынын негизги максаты – климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга, потенциалдуу инструменттерге жана каржылоо булактарына, ошондой эле потенциалдуу мыйзамдык базага басым жасоо менен тармактык министрликтердин бюджеттерин карап чыгуу аркылуу финансылык ресурстардын натыйжалуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу.
БУУӨП Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөр менен бирге өз демилгелери жана долбоорлору аркылуу климаттын кесепеттерин жумшартуу жана адаптациялоо максаттарына жетүү үчүн, атап айтканда глобалдык «Климаттык убада» демилгесинин жана Жашыл Климат Фондунун «Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук Адаптация Планын (УАП) иштеп чыгуу процессин алга жылдыруу» долбоорунун алкагында кызматташууну жана көмөк көрсөтүүнү улантат.