
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Динара Ашимованын саясий ишмердүүлүгү климаттык мыйзамдарды илгерилетүүгө жана эл аралык экологиялык стандарттарды улуттук укуктук системага интеграциялоого багытталган. Динара айымдын мыйзам үстүндө иштөөгө болгон сапары эң алгач прокуратурада эмгектенүүдөн башталган. Таштандыларды башкаруудагы системалуу көйгөйлөргө жана экологияны жөнгө салуудагы кемчиликтерге Динара айым өзүнүн кызмат үстүндө туш болгон. Динара Ашимова эффективдүү механизмдерди камсыздоого умтулуу менен бирге, анын аткарган иши - Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин гана аткарбастан, айлана-чөйрөнү коргоого, жашыл экономиканы колдоого жана айымдарды климаттык демилгелерге көбүрөөк тартууга багытталат.
«Мен Ленин районунун прокурорунун орун басары болуп турган кезде таштандыларды башкаруу маселелери боюнча иликтөө жүргүзүп, таштанды төгүүчү жайларды текшергем. Коюу түтүн, сорттолбогон таштандылар, пластикалык, биологиялык жана өндүрүштүк калдыктарды көмүү боюнча так эрежелердин жоктугу мени таң калтырган. Ал кезде «Атмосфералык абаны коргоо мыйзамы» ишканаларды зыяндуу заттардын зыяндуулугу боюнча отчет берүүгө милдеттендирген эмес, мамлекеттик органдарга тийиштүү чаралар да көрүлгөн эмес. Ошондо мен мыйзамдык реформаларсыз системалык өзгөрүүлөргө жетүү өтө кыйынчылыкка тураарын түшүндүм, байкаган фактылардан улам мен парламентте мыйзам чыгарууга басым жасоону алгач ойлоно баштадым».

Ашимова депутат катары «Туруктуу өнүгүү жана климаттык өзгөрүү» боюнча кеңешти түзүүдө негизги ролду ойноду, ага парламент төрагасы төрагалык кылууда жана курамына жаратылыш ресурстары, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, экономика жана билим берүү министрлери, ошондой эле Башкы прокурор кирет. Бул механизм өлкөнүн климаттык саясатын калыптандырууда парламент менен аткаруу бийлигинин өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында иштелип чыккан. Ал ошондой эле эл-аралык тажрыйбаны изилдеп, климаттын өзгөрүшү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун алкактык конвенциясынын тараптар конференциясы сыяктуу глобалдык саммиттерге катышып, Кыргызстандын Париж келишимине карата милдеттенмелерин талдаган.

Динара Ашимова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
Бул иштин натыйжасында «Климаттык аракеттер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору иштеп чыгарылды, анын максаттары:
Парник газдарынын эмиссиясын азайтуу жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү.
Климаттын өзгөрүшүнө адаптацияны күчөтүү жана экологиялык тобокелдиктерге туруктуулукту жогорулатуу.
Мониторингдин, отчеттуулуктун жана климаттык чараларга баа берүүнүн улуттук системасын түзүү.
Учурда мыйзам талкуунун акыркы баскычында. БУУӨПтүн жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөрдүн колдоосунун негизинде парламент менен атайын жолугуушулар жана министрликтер жана ведомстволор менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүүдө. Були иш-аракеттердин максаты алкактык мыйзамды түзүү эле эмес, эл аралык аренада Кыргызстандын климаттык артыкчылыктарын так калыптандырууга жана улуттук деңгээлде конкреттүү экологиялык саясатты ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү эффективдүү механизмди иштеп чыгуу болуп саналат.
Мындан тышкары, мыйзам ачык-айкын эталондор, каржылоого суроо-талаптарды негиздөө, экономикалык туруктуулукту жогорулатуу жана көмүртек рынокторуна катышуу аркылуу эл аралык климаттык каржылоону тартууга мүмкүндүк берет. Ал глобалдык форумдарда сүйлөшүүлөрдүн негизги куралы болуп кызмат кылат, инвесторлор менен донорлордун ишенимин арттырат жана жашыл каржылоого, гранттарга жана техникалык жардамга мүмкүнчүлүк ачат.
Күчтүү климаттык мыйзамдар, ошондой эле климаттык демилгелерде жана жашыл экономикада айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө негизги ролду ойнойт. Максаттуу финансылык механизмдерди түзүү жана институционалдык тоскоолдуктарды жоюу туруктуу бизнесте айымдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жардам берет. Ишкер айымдарды колдоо үчүн атайын бюджеттин бөлүнүшү көбүрөөк айымдарга, айрыкча айыл жергесинде жашыл инвестицияларга жана билим берүү программаларына жетүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, каржы институттары жана окутуу демилгелери айымдарга туруктуу айыл чарбасы, айланма экономика моделдери жана жашыл стартаптар сыяктуу тармактарда иштөө үчүн билим жана көндүмдөрдү бериши керек.

БУУӨП айымдардын эл аралык күнүндө, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдөн баштап, адилеттүүлүктү жана ишкердикти камсыздоого чейин коомго олуттуу салым кошкон айымдардын жетишкендиктерин белгилейт. Динара Ашимова парламентарий катары климаттык саясатты ырааттуу түрдө жайылтып келет. Анын жетекчилиги улуттук мыйзамдарды глобалдык милдеттенмелер менен шайкеш келтирүүгө жана инклюзивдик, гендердик сезимтал чечимдерди калыптандырууга жардам берет. Өзүнүн окуясын айтып берүү менен БУУӨП гендердик теңчиликке жана экологиялык туруктуулукка карай өзгөрүүлөрдү жүргүзүүдө айымдардын ролун баса белгилейт.