Кыргызстанда аялдардын ишкердигин өнүктүрүүнүн келечеги талкууланууда
2024-ж., 21-November
Бишкек, 2024-жылдын 21-ноябры – Аялдардын ишкердик күнүн майрамдоонун алкагында БУУнун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстандагы экономикалык өсүштүн негизги салымы катары ишкер аялдардын маанилүүлүгүн баса белгилейт. Бүгүн БУУӨП Кыргыз Республикасындагы аялдардын ишкердигин колдоого багытталган долбоорлордун жана демилгелердин жыйынтыктарын тартуулады. Иш-чара 10-чу жолу белгиленип жаткан Бүткүл дүйнөлүк ишкердик аялдар күнүн / WED 2024 майрамына карата Форумдун алкагында өткөрүлүүдө, бул өлкөнүн экономикасына ишкер аялдардын кошкон экономикалык салымын таанууну гана эмес, ошондой эле ошондой эле билим, тажрыйба жана идеяларды алмашуу үчүн аянтча болуп саналат.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишкер аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган Программаны ишке ашырууда. Программанын иш-чаралары бизнес жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды түзүүгө, аялдардын экономикалык позициясын жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн чыңдоого жардам берет», - деди Данияр Амангелдиев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри.
Аялдардын Бүткүл дүйнөлүк ишкердик күнү 2014-жылдан бери БУУ тарабынан колдоого алынып, дүйнө жүзү боюнча ишкер аялдарды колдоо жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн глобалдык демилге болуп саналат. Бул күн аялдардын ишкердикти өнүктүрүүгө кошкон салымын баса белгилейт, алар туш болгон негизги көйгөйлөрдү аныктоого жана чечүүгө жардам берет, мисалы, финансыга жетүүнүн чектелгендиги, потенциалды жогорулатуу жана орун алган социалдык тоскоолдуктар. Кыргызстанда форум жыл сайын «Курак» аялдар форуму коомдук бирикмеси тарабынан мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө өткөрүлүп келет. 2019-жылдан бери БУУӨПнын «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында бул иш-чаранын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.
«Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жакырчылык менен күрөшүүгө жана туруктуу өсүүгө өбөлгө түзөт. БУУӨП миңден ашык аялдарга насаатчылык жана чыгармачыл лабораториялар аркылуу колдоо көрсөтүү аркылуу аялдарга бизнес көндүмдөрүн, каржылык жана экспорттук рынокторго жетүүгө жардам берет. Мындан тышкары, БУУӨПгендердик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну активдүү колдойт. Кыргызстандын өкмөтү менен өнөктөштүк аркылуу аялдардын каржыга, укуктук жактан корголушуна жана бизнес тармактарына жетүүсүн жакшыртуучу ченемдик-укуктук база түзүлүп, алардын иштөөсү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү. Бул аракеттер Туруктуу өнүгүү максаттарына, анын ичинде гендердик теңчиликке жана инклюзивдик өсүүгө жетишүүгө өбөлгө түзөт», - деп баса белгиледи Кыргызстандагы БУУӨПнын Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.
Бул күндө өлкөдөгү бардык кичи жана орто ишканалардын 29%ын аялдар башкарат. 2023-жылдагы Адам өнүгүүсү боюнча акыркы отчетко ылайык, Кыргызстандын эмгек рыногундагы аялдардын үлүшү мурункуга салыштырмалуу 43,6%дан 42,1%га төмөндөгөн. Ошондой эле, аялдардын үлүшү эркектердин үлүшүнөн, ал 76,7%ды түзөт, кыйла төмөн бойдон калууда. Бул маалыматтар жумушчу күчүндөгү гендердик ажырымдын бар экенин жана аялдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн кошумча күч-аракеттердин зарылдыгын көрсөтүп турат.
WED - Аялдардын ишкердик күнүнө арналган ар жылдык иш-чаралар Кыргыз Республикасында 2022–2026-жылдарга аялдардын ишкердигин колдоо жана аны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик программаны илгерилетүүнүн бир бөлүгү болуп саналат. Ушуга байланыштуу, WED 2024 жылы Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн жооптуу министрликтердин жана мекемелердин биргелешкен ишине чоң басым жасалат. 2026-жылга карата чоң натыйжаларга жетишүү максатында, программаны ишке ашырууда көптөгөн тармактардын кызматташуусу каралат. Мындан тышкары, Борбордук Азиянын дизайнерлеринин биргелешкен кызматташуусу талкууланып, өлкөлөрдүн экономикасында кийим тигүү тармагын өнүктүрүү маселелери каралды.
Аялдардын Бүткүл дүйнөлүк ишкердик күнүнүн элчиси Айнура Сагынбаева экономикалык прогресске жетишүү үчүн өнөктөштүктү чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Быйыл Кыргызстан ишкердиктин ийгилигинин негизги фактору катары өнөктөштүккө жана чыгармачылыкка басым жасоодо. Жогорку экономикалык натыйжаларга жетишуу учун бардык кызыкдар тараптардын куч-аракеттерин бириктируу маанилуу. Биргелешип иштөө менен гана биз аялдардын ишкердигинин дараметин ачып, үй-бүлөнүн жана коомдун гүлдөшүндө биздин таланттуу жана эмгекчил аялдарыбыздын ролун күчөтө алабыз”.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар Кыргызстандагы аялдардын ишкердигин мындан ары колдоо жана мамлекеттик, жеке секторлордун жана эл аралык уюмдардын өнөктөштүгүн чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. БУУӨП аялдардын өлкөнүн экономикасына жана дүйнөлүк рынокторго интеграцияланышына көмөктөшүү менен бизнестеги мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иштерин улантат. Биргелешкен аракеттер ар бир адам үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоого жардам берет.
Байланыш үчүн:
Айнагүл Абдрахманова, БУУӨПнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы е-mail: ainagul.abdrakhmanova@undp.org