Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү

2024-ж., 30-November
a man preparing food in a kitchen

Aidar Shamkeev, worker at "Klever" cofee shop in Bishkek.

UNDP / Kyrgyzstan

Бишкек, 2024-жылдын 2 декабр – Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана майыптыгы бар адамдардын коомчулугу менен биргеликте «Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү» форуму өткөрүлдү.

Форумда майыптыгы бар адамдардын ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо, системалык тоскоолдуктарды жоюу жана алардын эмгек рыногуна активдүү катышуусуна шарт түзүү зарылдыгы баса белгиленди. Бул демилге 2023-2030-жылдарга Кыргыз Республикасындагы майыптыгы бар адамдар жана калктын аз мобилдүү топтору үчүн "Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик программасынын артыкчылыктуу милдеттерине шайкеш келет. Программада майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш шарттарын камсыздоо, жаштардын эмгек рыногундагы керектөөлөрүн аныктоо, кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана алардын кесиптик билим алуу, даярдоо жана кайра даярдоо механизмдерин иштеп чыгуу каралган.

«Майыптыгы бар адамдардын эмгектенүү укугун ишке ашыруу биздин улуттук артыкчылыктардын негизинде турат. "Жеткиликтүү өлкө" программасы өнүгүү жолунда эч кимди артта калтырбоо үчүн багыт берет», – деди Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Полотова Жылдыз.

БУУнун Өнүктүрүү программасы жана министрлик майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу боюнча колдонмону коомчулукка сунушташты. Бул колдонмо майыптыгы бар кызматкерлерди жумушка алуу, иш ордун сактоо жана кесиптик жактан өсүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо боюнча сунуштарды, Универсалдуу дизайн түзүү, жеткиликтүү чөйрөнү калыптандыруу жана иш ордунда акылга сыярлык ыңгайлаштырууну камсыздоо боюнча ресурстарды камтыйт. Ошондой эле инклюзивдүү корпоративдик маданиятты өнүктүрүү жолдору көрсөтүлгөн.

Monica Rijal, UNDP DRR is speaking on stage. She is wearing grey suit and an orange blouse.

Monica Rijal, Deputy Resident Representative of UNDP Kyrgyzstan

UNDP \ Kyrgyzstan

«Инклюзивдүү жумуш менен камсыздоо — бул жөн гана адилеттүүлүк маселеси эмес, бул туруктуу экономика менен биримдиктүү коомду курууга болгон инвестиция. Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү менен биз баарына пайдалуу боло турган чоң потенциалды ачып алабыз», — деди БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал.

Иш-чарада инклюзивдүү ишке орношуу боюнча ийгиликтүү окуялар жана майыптыгы бар адамдардын уюмдары иштеп чыккан продукциялар жана кызматтар көрсөтүлдү. Мамлекеттик, жеке жана жарандык секторлордун катышуучулары инклюзивдүү тажрыйбаларды кеңейтүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

«Инклюзивдүү жумуш менен камсыздоо — бул ар-намыстын, теңдиктин жана укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн маселеси. Бүгүнкү форум биздин жөндөмдөрүбүздү жана Кыргыз коомчулугуна кошкон салымыбызды таануудагы алдыга карай кадам болуп саналат», — деп белгиледи New Age уюмунун жетекчиси Аскар Турдугулов.

Майыптыгы бар адамдар эмгекке жетүүдө олуттуу тоскоолдуктарга туш болушат. Дүйнөдө алардын эмгек рыногунда катышуусу болгону 27%ды түзөт, ал эми мүмкүнчүлүгү чектелбегендер арасында бул көрсөткүч 56%га жетет.

Майыптыгы бар адамдардын таасирин күчөтүү жана алардын лидерлигин колдоо инклюзивдүү коомду түзүү үчүн өтө маанилүү.

Майыптыгы бар адамдар үчүн инклюзивдүү жумуш орундарын түзүү экономикалык өсүшкө, инновацияларга жана Туруктуу Өнүгүү Максаттарына (ТӨМ) жетишүүгө өбөлгө түзөт.

Форум Кыргызстандын инклюзивдүү келечекке болгон берилгендигин көрсөтүүчү маанилүү кадам болуп, тоскоолдуктарды жоюу жана баарына тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана жеке сектордун биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Форум БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча өнөктөштүгүнүн (UNPRPD) колдоосу менен БУУнун жетекчилиги астында БУУӨП, ЮНИСЕФ жана ЮНФПА тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.